Тажикстанда эл аралык уюмдардын басымы астында коронавирус аныкталган адамдардын саны өсүп жатат

336
0

Тажикстанда эл аралык уюмдардын басымы астында коронавирус аныкталган адамдардын саны өсүп жатат

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги жекшембиде COVID-19га чалдыккандардын саны 128ге жеткенин билдирди. Тажикстан алгачкы жолу 15 кишиден корноавирус аныкталганын 30-апрелде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун делегациясы келердин алдында жарыялаган.

Ал эми Дүйнөлүк банктын божомолуна караганда, Тажикстанда коронавируска чалдыккандардын саны 72 миңден 230 миңге чейин жетип, алты жарым миңден 21 миңге чейинки адам өмүрү кыйылышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттер жана коомдук саламаттыкты сактоо тармагынын адистери кирген миссиясы Душанбеге 1-майда келген. Мындан улам өлкөдө шашылыш түрдө карантиндик чаралар киргизиле баштады. Аталган эксперттер бийликтин бардык структурасы менен тыгыз иштешип жатканын билдирүүдө.

Бүгүнкү күндө коронавирус саясий кызыкчылыктар үчүн да колдонула турган куралга айланып калды. Аны жуктургандардын саны бийликтин пайдасына ылайык азайтылып же көбөйтүлүп айтылууда. Буга чейин Тажикстан бийлиги өлкөдө вирус катталбаганына ишендирип келген. Бирок, акыркы учурда эл аралык уюмдардын басымы астында өлкөдө коронавирус жуккандардын саны тездик менен өсүп жатат. Буга аталган уюмдардын финансылык жардам көрсөтүү убадалары да себеп болууда.

Белгилүү болгондой, Тажикстандын экономикасы да Кыргызстандыкы сыяктуу сырткы карыз жана жардамдарга көз каранды. Ошондуктан, эл аралык уюмдардын басымына моюн сунууга аргасыз болду. Кыргызстанда болсо дал ушул уюмдардан алынышы күтүлүп жаткан 500 млн доллардын тегерегиндеги карыз себептүү диний баалуулуктарга чабуул жасалып жатат. Маселен, бул чабуулга алгач умрадан келгендер, дааватка чыккандар кабылса, кийин жума жана жамаат менен намаз окууларга тыюу салынды. Түпкүлүгүндө вирус Кытай аркылуу келгени жана март айынын аягында эмес, январь айында эле калктын калың катмарында коронавирустун симптомдору табылганы айтылууда. Демек, биз мусулмандар эл аралык уюмдардын карызына алданып алардын кызыкчылыгы негизинде иш алып баруудан баш тартышыбыз керек. Ошондой эле алардын “тузак” карыздарын бийликтин бир ууч өкүлдөрү сол чөнтөккө солоп кетүүсүн алдын алып, алардан бирме-бир отчётту талап кылып барышыбыз шарт. Анткени, бул каражаттар эртең калктын мойнундагы жүк болуп эле калбастан, колонизаторлордун өлкөнүн байлыктарын ташып кетүүсүнө да жол ачып берет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here