Отчёт берүүгө учурдагы система жол бербейт

255
0

Отчёт берүүгө учурдагы система жол бербейт

 Вице-премьер Эркин Асрандиев өкмөт тышкы карыз эмнелерге жумшалганы тууралуу деталдуу отчёт жарыялай албастыгын билдирди.

 “Тышкы жардамды беренелер боюнча колдонуу тууралуу маалыматтарды көрсөтүү сунушу болгон. Учурдагы система муну жасоого жол бербейт. Көзөмөл боюнча айтсак, Эсеп палатасы бар, көзөмөлдөөчү башка органдар, Жогорку Кеңештин комитети, бюджеттик чыгымдар тууралуу өкмөт отчёт берген парламенттин өзү бар”, – деди Асрандиев.

 О.э. Эл аралык Валюта Фондунан алынган 120,8 миллион доллар бюджеттик чыгымдарды жабууга жумшалганын билдирди.

 Комментарий: Кыргызстан бийлиги пандемия шылтоосунда эл аралык уюмдардан 500 миллион доллар карыз алмакчы болууда. А бирок, ошол эле учурда бийлик өкүлдөрү алынып жаткан жардамдар (пайыздуу карыздар) кайсы тармакка жана кандай максатта жумшалып жатканы тууралуу отчёт берүүгө система жол бербестигин билдирүү менен өлкөдө корупция терең тамыр жайганын моюнга алышууда.

 Өкмөт алды-артына карабай алып жаткан карыздын отчётун берүүгө учурдагы система жол бербегени менен, ал карыздар убагы келгенде үстөк пайызы менен төлөнүшү керек болот. Ал эми карыз болсо табигый түрдө элдин мойнуна түшөт. Расмий өкмөт бизди эле эмес, балдарыбызды кошо  карызга батырууда. Ушундай болгон соң, биз алгач өкмөттү мындай пайыздуу карыздарды алуудан кайтарышыбыз, кризисти үммөттүн мүлкү болгон Кумтөр жана башка алтын кендеринин эсебинен, өзүбүздүн ички мүмкүнчүлүгүбүз менен  жеңип өтүүгө чакырышыбыз жана алынган карыздар боюнча ачык-айкын отчёт беришин талап кылышыбыз керек.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here