Конституция күнү: Адам акылы мыйзам чыгарууда алсыз

461
0

Конституция күнү: Адам акылы мыйзам чыгарууда алсыз

5-майда Кыргызстанда конституция күнү белгиленет. Мындан улам, президент Сооронбай Жээнбеков адатка айланган куттуктоо жолдоп, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Карыбек Дүйшеевди кабыл алды. Жолугушууда Конституциялык палатанын мамлекеттин турмушунун туруктуулугун камсыздоодогу орду жана келечеги талкууланды.

Белгилүү болгондой, СССР кулагандан кийин жасалма эгемендүүлүк алган республикалардын катарында Кыргызстанда 1993-жылы 5-майда, “легендарлуу парламент” мамлекетти социализмден капитализмге өткөргөн конституция кабыл алды. Бул конституция капиталисттик мыйзамдардын колдонулушуна негиз болуп берди. Конституциянын булагы эл аралык нормаларга жана эл аралык уюмдарга таянды. Ошентип, өлкөдө мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жараяны башталып, өлкөнү капиталисттер талап-тоной баштады. Алардын катарына бийлик башындагылар да кошулуу үчүн жана макамдарын узагыраак убакытка сактап калуу максатында конституцияга өзгөртүүлөр кире баштады.

Кыргызстан конституциясына биринчи жолку өзгөртүү 1994-жылы киргизилди. Ал аркылуу президент Акаев ыйгарым укуктарын кеңейтип, “кол бала” боло турган 105 адамдык кош палаталуу парламентти алып келүүгө жол ачты (буга чейин 350 депуттатан турган “легендарлуу парламент” таркатылды).

Экинчи өзгөртүү 1996-жылы болду. Аны менен президент министрлерди, жергиликтүү администрация жетекчилерин өзү дайындай турган болду жана парламентти таркатып жиберүүгө укук алды.

1998-жылкы өзгөртүүдө, негизгиси, жер жеке менчикке бериле турган болду. Бул социализмден капитализмге баскычма-баскыч өтүү долбоору алкагында ишке ашты.

2001-жылкы өзгөртүүдө, негизинен, орус тили расмий тил болуп киргизилди. Бул Россияны түздөн-түз кожоюн деп таануу жана ага жагынуу алкагында болду.

2003-жылкы өзгөртүү боюнча, жарандардын митинг өткөрүүлөрүнө чектөөлөр киргизилди, экс-президентке карата кол тийгистик кабыл алынды, экс-президенттин жакындары мамлекеттик бюджеттен камсыздыла турган болду. Мындан сырткары, президент катарынан эки жолкудан ашык шайланууга мүмкүнчүлүк алды. Бул Акаевдин президенттиги үзгүлтүксүз уланышын түшүндүрөт эле. О.э. парламент 90 депутаттан туруп, бир палатага айландырылды жана партиялык системада шайлана турган болгон. Бул өзгөртүү да Акев үй-бүлөсүнүн бийлигине кызмат кылар эле. Ошондуктан, 2005-жылкы парламенттик шайлоодо Бермет Акаеванын “Алга, Кыргызстан” партиясы көпчүлүк добуш менен келген. Калк буга каршы чыгып, 2005-жылкы төңкөрүштө Акаев өлкөдөн качып, бийликке Бакиев келди.

Бакиев келгенде, анын алгачкы учурлары “конституциялык күрөш” жылдары болуп калды. 2006-жылы эки ай (ноябрь-декабрь) ичинде конституцияга эки жолу өзгөртүүлөр киргизилди. Бул бакиевчилер менен анын оппозициячыларынын тиреши себептүү болду. Бир жылдан кийин, 2007-жылы жаңы конституция кабыл алынып, ал себептүү 2005-жылы шайланып келген парламент таркатып жиберилди. Жаңы парлаламентке шайлоодо Бакиевдин “Акжол” партиясы жеңип келди.

2010-жылы Бакиев кулатылгандан кийин, дагы жаңы конституция кабыл алынды. Бул конституция Россия колонизаторлугу каршысында, Кыргызстанга Батыш колонизаторлорунун кирип келиши алкагында болду. Анткени, Батыш империалисттери Россияга каршы күрөшүндө “демократиялашуу”, “ачык-айкындык”, “сөз эркиндиги”, “адам укугу”, “парламенттик башкаруу” ж.б.у.сыяктууларды ишке салып келет. Булар аркылуу Россиянын колонияларына карата зулумдарын ачып таштайт. Ошентип, Кыргызстанда 2010-жылы бийликке Батышка ыктаган саясатчылар келип, конституцияны ошолор түзүштү. Бул конституцияга ошондогу Россия президенти Медведев каршы чыккан, ал эми, Венеция комиссиясы болсо алкыштаган.

2010-жылкы конституцияда 2020-жылга чейин өзгөртүүлөр киргизилишине тыюу салынган эле. Бирок, ал мораторий 2016-жылга чейин гана тура алды. Атамбаев 2016-жылы дагы өзгөртүү киргизди. Эл аралык жактан алганда, Атамбаев Россиянын көңүлүн алуу үчүн, адам укуктары жаатында эл аралык уюмдардын бүтүмдөрү мамлекеттик мыйзамдардан үстөм болбошун о.э. бир жыныстуулардын үй-бүлө куруусуна тыюу салынышын камтыган өзгөртүүлөрдү киргизди (бул беренелер менен жергиликтүү калктын туйгуларын да кытыгылады). Жергиликтүү саясаттан алганда, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеңейтти. Муну менен, өзү бийликтен кеткенде, өзү коюп кеткен президент менен премьердин ортосунда тең салмактуулукту сактап, өзү парда артынан бийликти кармап калууну ойлоду.    

Мындан ары да бийлик конституцияга өзгөртүү киргизеби же жокпу, айырмасыз, баары бир бул конституция куфр конституциясы болуп саналат. Анткени, анын булагы – демократия куфр акыйдасы, андан келип чыккан мыйзамдар – демократиялык-капиталисттик мыйзамдар. Ошондой эле бул мыйзамдар кабыл алынгандан ушул күнгө чейин чет элдик империалисттердин өлкө байлыгын ташып кетүүсүнө шарт түзүп берүүдө. Мында жергиликтүү бийлик ээлеринин сол чөнтөгү гана толтурулбаса, өлкө үчүн эч бир пайда кепилденбеген.

Мындан тышкары, бул конституциялар адамдын чолок акылына таянгандыктан коом мүчөлөрүнүн өз ара алакасын тартиптөөдө алсыздык кылат. Анткени, адамдын бир нерсеге чечим берүүдө түшүнүгү ар түрдүү, бири-бирине карама-каршы, жана кайчылаш болуп эсептелет.

Негизи, мыйзамдар жаратуучу тарабынан белгилениши керек.

Аллах Таала айтат:

«Ким Менин эскертмемден жүз үйрүсө, анда, албетте ал үчүн бактысыз жашоо болот жана Биз аны кыямат күнүндө сокур абалда тирилтебиз». [20:124]

Жыйынтыктап айтканда, Куранды алып келген периште эң абзел периште болду. Куран түшүрүлгөнү себептүү Расулуллах с.а.в. пайгамбарлардын саййиди болду. Өз доорунда эң бир артта калган арабдар, Куран түшүрүлгөндөн кийин адамзаттын ичиндеги эң жакшылары болушту. Арабдар Куран негизиндеги аракеттери себептүү ошол кездеги эки жетекчи мамлекетти, башкача айтканда, Перс жана Рим империяларын жеңген. Ошол кездеги транспорт каражаты ат жана төөлөр болушуна карабастан, мусулманжар укмуштай тездик менен өз таасирин – адилеттүүлүк нурун – жайышты. Буга алардын Куран негизине таянгандыгы себеп болду. Биз, мусулмандар, ушул негизден алыстагандан баштап кор болдук. Ошондуктан, туура негизге кайтып келмейинче, бизде эч нерсе жакшы тарапка өзгөрбөйт. Аллах Таала айтат:

– “Акыйкатта, коом өздөрүндөгү нерсени өзгөртмөйүнчө, Алла аны өзгөртпөйт”. [13:11]

Биздин алдыбызда эки жол турат: Биринчиси, Куран негизине кайтуу. Аллах Таала айтат:

“Мына ушул (Жол Роббиңдин Туура Жолу. Эскерме-үлгү алуучу коом үчүн аяттарды ирээттүү кылдык”. [6:126].

Экинчиси болсо, Курандан башка негиздерде кор болуп жашап, акыретте шерменде болуу. Аллах Таала айтат:

“Динсиздик өкүмдар болуусун каалашабы, ыймандары толо болгон коом үчүн Аллахтан да чырайлуу өкүм кылуучу ким бар?!” [5:50].

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here