Казакстанда коронавирус жуккандардын саны 4 миңге жакындады, ал эми Кыргызстанда коронавирустан дарыгер каза болду
Казакстанда акыркы бир суткада коронавирус илдетин жуктурган 44 адам катталып, ушуну менен Казакстанда аталган илдет жуккандардын расмий саны 3 964кө жетти.
Казакстанда катталган бейтаптардын 1190у айыгып чыгып, 27си каза болду. Расмий кабарларда келишинче, коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын эң көбү Алма-Ата шаарында – 1291 адам. Ал эми Нур-Султан шаарында болсо 698 адам катталган.
Кыргызстанда 4-майда дагы 35 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, ушуну менен коронавирус илдети аныкталгандардын саны 830га жетти.
4-майга карата Кыргызстанда 575 адам айыгып, 10 адам каза болду. Каза болгондордун бири Бишкектеги №-3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси.
Сереп: Казакстан да, Кыргызстан да карантинди мүмкүн болушунча узартууну көздөп жатышат.
Аталган эки өлкөнүн өзүнө таандык саясий жана экономикалык проблемалары бар болуп, бийликтегилер ал проблемаларды коронавирус жасалма пандемиясы артынан чечип алмакчы болушууда. Бул иште аларга Россиянын тест-системалары керекке жарайт. Ал тест-системалары абалга карай алар каалаган өлчөмдө оорулууларды аныктап берет. Адамда оорунун белгилери же дене табы көтөрүлүшүнүн да кереги жок.
Коронавирус дүйнөлүк саясий проблемага айланып болду. Өкмөттөр эл аралык саясаттын колдоосуна жана убада кылган каржылык жардамына ээ болуу үмүтүндө өз мамлекеттеринин экономикалык механизмдерин иштен чыгарып жатышат.
Илгери Батышка караштуу дүйнөлүк маалымат системасы менен СССРден калган россиячыл маалымат системасы бири-бирине каршы турат эле. Пандемия маселесинде эки лагердин кызыкчылыгы дал келип калгандыктан, дүйнө жүзү бир тарапты көздөй аракеттене баштады. Ошол себептен улам майда мамлекеттер да, ири мамлекеттердин артынан, пандемия маселесинде коркпостон жалган маалыматтарды таратып жатышат.
Абдураззак Муъмин.