Рамазан орозосун арзуу менен күтүп жаткан мусулман бурадарларыбызга
НАСИХАТ
Эң алгач, Рамазан айынын соопторуна жетишүүгө мүмкүнчүлүк берип турган Аллах Таалага мактоолор айтабыз.
Орозо тутуунун үлгүсүн түгөл көрсөтүп кеткен Аллахтын Расулуна салаваттар болсун
Аллахтын Расулуна таквалык менен ээрчиген мусулмандарга Аллахтын тынчтыгын каалайбыз
Бисмиллахир-рохманир-рохийм
Урматтуу диндеш бир туугандар!
Рамазан айынын орозосу башталышына байланыштуу сиздерге бир насихат жолдоону туура таптык.
Белгилүү болгондой, ай санак боюнча, айрым айлар 29унан жаңырса, айрымдары 30унан жаңырат. Ошондуктан, ушул аяктап бараткан шаъбан айы да 29унан же 30унан жаңырып калышы мүмкүн. Ушундан улам да, бул күн “шек” деп аталат. Быйыл шаъбан айынын 29у 22-апрелге туура келүүдө. Андыктан, 22-апрелде, кечкурун, рамазандын жаңырган айын (хилалды) күзөтүү мусулмандар үчүн зарыл. Ушул себептүү, мүмкүнчүлүгү бар мусулмандар бул күнү ай күзөтөлү. Эскерте кетсек, ай көрүлгөндүгү тууралуу кабар адилеттүү (фасык эмес) мусулмандан гана кабыл алынат.
Эгер биздин өлкөдө айды көрө албасак, дүйнөнүн калган бурчтарынан ай көрүлгөндүгү тууралуу кабарларды күтөбүз. Эгер кайсы бир өлкөдөн, адилеттүү бир мусулмандын ай көргөндүгү тастыкталса, анда биз үчүн да орозо башталат. Ал эми эгер, андай кабар келбесе, анда шаъбан айын отуз күнгө толуктайбыз.
Муну айтып жаткандыгыбыздын себеби, эгер ай көрүнбөй туруп эле орозо тутуп алсак, анда күнөөкөр болобуз. Мында, “бир күн ашыкча тутсак жакшы эмеспи” делбейт. Анткени, бул күнү ай көрбөстөн туруп орозо тутуудан кайтарылганбыз. Ушуну менен бирге, ай көрүнсө да, бирок, ал күнү орозо тутпай, орозону рамазандын 2-күнүнө калтырып коюу күнөөсүнөн да сактаналы. Мисалы, бүгүн ай көрүнүп калса, орозо 23-апрель күнү башталат, аны 24-апрелге калтырууга болбойт. Жана ошондой эле, Рамазан хилалын көрүүнүн Айт күнүн белгилөөгө да тиешеси бар.
Мындай ай күзөтүүдө “астрономиялык эсептөөлөр боюнча алганда”, “жерибиздин географиялык жайгашуу абалына ылайык” деген, же болбосо, “Саудия андай белгилептир”, “Түркия тигиндей белгилептир” деген, же “Муфтият мындай фатва чыгарыптыр” деген шылтоолор үзүргө өтпөйт. Мында бир гана чыныгы шаръий күзөтүү менен ай көрүлгөндүгү өз тастыгын табышы шарт кылынат.
Бардык мусулмандар ушул шаръий өкүмдү бекем кармансак, бүткүл дүйнө мусулмандары тегиз орозо тута алабыз. Жана бул бүткүл дүйнө мусулмандары биримдигинин бир көрүнүшү болуп калат. Муну билген куфр башчылары – биримдигибизди бузуу үчүн – орозонун ар кайсы күнгө белгиленишине да зор маани беришет. Мындай арамза ниеттерин биздин малай жетекчилерибиз жана алардын “сарай уламалары” аркылуу ишке ашырышат. Ушундан улам, мусулман өлкөлөрү эсептелген ар башка мамлекетчелерде орозо ар башка күнү башталып калууда.
Мындай карамүртөздүккө жол бербөөнүн бир гана жолу бар, ал ушул маселедеги шаръий өкүмдү бекем кармануу.
Аллахым сиздерге айды көрүп ооз бекитүүнү жана айды көрүп ооз ачууну насип этсин
Аллахым сиздерди орозонун бардык жакшылыктарына жетиштирсин
Туркистон