«Пекин+25: гендердик теңдик жалган кыялы өз күчүн жоготтубу?» деп аталган дүйнөлүк онлайн-конференция ийгиликтүү өттү

304
0

Басма сөз баянаты

Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жааты уюштурган «Пекин+25: гендердик теңдик жалган кыялы өз күчүн жоготтубу?» деп аталган дүйнөлүк онлайн-конференция ийгиликтүү өттү

Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жааты 4-апрель күнү интернет аркылуу: «Пекин+25: гендердик теңдик жалган кыялы өз күчүн жоготтубу?» деп аталган маанилүү эл аралык конференцияны ийгиликтүү өткөрдү. Бул конференция үч аптага уланган дүйнөлүк кампаниянын жыйынтыгы болду. Конференцияда Хизб-ут-Тахрирдин Фалестин, Түркия, Индонезия, Тунис, Австралия, Ливан жана Британиядагы мүчөлөрүнөн болгон эже-сиңдилер сөз сүйлөштү. Конференция англис, араб, түрк, индонезия тилдеринде дүйнөгө көрсөтүлүп, он миңдеген адамдар көрүштү.

Конференция феминизм жана гендердик теңдик түшүнүгүнүн өтмүштөгү жана учурдагы идеологиялык максаттарын камтыган баян менен башталды. Баянда колонизатор капиталисттик мамлекеттер өз итикаддарын жана илманий либерал түзүмдөрүн исламий өлкөлөргө жана дүйнөдөгү исламий диаспораларга мажбурдуу киргизүү, өз өкүмдарлыгын жана кызыкчылыктарын сактап калуу, Исламдын кайра тикеленишин алдын алуу үчүн бул түшүнүктөн кантип пайдаланып жатканы ачыкталды. Конференцияда аял жөнүндөгү эл аралык маселелер саясийлештирилгени жана алар Батыштын илманий пикирлери жана пландары негизинде алып барылып жатканы айтылды. О.э. аялдар туш болуп жаткан сан-санаксыз жана үлкөн проблемалардын чечимдери жана себептери, баалуулуктар, Исламдын аялдын турмушундагы, үй-бүлө турмушундагы жана коомдогу таасири үйрөнүлбөй жатканы баяндалды.

Экинчи сөз «Гендердик теңдик түшүнүгүн жоюу» жөнүндө болду. Бул баянда аялга мүмкүнчүлүк жаратуу, коргоо жана анын турмушун жакшылоо жөнүндөгү саясат жана мыйзамдар ийгиликсиздикке учураганы кеңири ачыкталды. О.э. аял киши бүгүн кабылып жаткан түрдүү проблемалардын негизги себеби гендердик теңдиктин жоктугунан эмес, проблемалардын себеби инсан ойлоп тапкан акыйдалар, баалуулуктар, капиталисттик жана социалисттик түзүмдөр экени баяндалды.

Үчүнчү баянда Пекин декларациясынын мусулман өлкөлөрүндөгү социалдык исламий өкүмдөрдү бекер кылууга багытталган программасы жана пландары, бул максатты ишке ашыруу үчүн исламий өлкөлөрдөгү режимдер жана эл аралык уюмдар колдонуп жаткан механизмдер ачыкталды.

Төртүнчү, бешинчи жана алтынчы баяндарда аялдарды таалим менен камсыздоо, аял кишинин экономикалык укуктарын кепилдөө жана куралдуу кагылышууларда аялды коргоо сыяктуу идеялар ийгиликсиздикке учураганы айтылды. О.э. аялдын ушул укуктарын камсыздоо үчүн исламий программанын туура чечими сунушталды. Андан тышкары «Аялды түрдүү кызматтарга дайындоо» деген гендердик түшүнүк караланды. О.э. капиталисттик мамлекеттер аялдардын жашоо шартын оңдоонун ордуна аларды экономиканы жандатуунун куралы катары ишке салуу үчүн бул түшүнүктөн пайдаланып жатканы айтылды.

Акыркы сөз «Ислам – аялга чыныгы мүмкүнчүлүк берген жалгыз жол» деп аталды. Бул баянда Ислам жана анын саясий түзүмү болгон Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык негиздерден, мыйзамдардан жана туура түзүмдөрдөн турары айтылды. Баянда ачыкталгандай, бул негиз, мыйзам жана туура түзүмдөр аялдын коомдогу ордун, энелик ролун бекемдейт, аял туш болгон саясий, экономикалык жана социалдык проблемаларды чечет, жакырчылыкты жоюп, жыргалчылыкты жүзөгө чыгарат, аялды зомбулуктан, эксплуатациядан жана зулумдан коргойт, аял жакшы таалим алышына жана саламаттыкты сактоо кызматтарынан пайдаланышына мүмкүнчүлүк жаратып берет жана коопсуз шартта өз ролун натыйжалуу жана жигердүү аткаруусуна жол ачат. Соңку сөз дүйнө муслималарын рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракетке кошулууга чакыруу менен бүттү.

Кийинки апталарда – Аллах кааласа – бир нече макалаларды өз ичине алган, конференция жана кампания учурунда каралган маселелерди ачыктаган китепче түрдүү тилдерде жарыяланат.

Конференциядагы баяндарды, кампаниянын материалдарын жана китепчени алуу үчүн ушул дарекке кайрылуу мүмкүн:

https://hizb-ut-tahrir.info/ar/index.php/hizb-campaigns/66354.html

https://www.facebook.com/WomenandShariaAR

 

 

Д. Насрин Наваз

Хизбут-Тахрирдин Борбордук маалымат

бөлүмүнүн аялдар жаатынын жетекчиси

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here