Жээнбеков түрк тилдүү мамлекеттердин жыйынына катышты

464
0

Жээнбеков түрк тилдүү мамлекеттердин жыйынына катышты

10-апрелде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин видеоконференция форматындагы кезексиз жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков коронавирустан улам, чек арадагы чектөөлөр мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин өз убагында аткаруусунда кыйынчылыктарды жаратып, өлкөнүн бюджети 20% азайышы мүмкүндүгүн билдирди.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия мүчө. Венгрия уюмда байкоочу макамга ээ.

Белгилүү болгондой, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дүйнө жүзүн беш ири мамлекет (АКШ, Улуу Британия, Франция, Орусия жана Кытай) бөлүп алган. Алар бири-бири менен түз согуш алып барбаса дагы, таасири астындагы мамлекеттерди тартып алуу үчүн күрөш алып барышат. Маселен, АКШ Борбор Азия өлкөлөрүн Орусиядан тартып алуу үчүн экономикалык, саясий жана сакафий чабуулдарды алып барууда. Алардын бири катары Түрк Кеңеши түзүлгөн. Бул Кеңешке Түркия агалык кылат жана АКШ кызыкчылыгы үчүн сакофий, экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга аракет кылып барат. Андыктан, биз мусулмандар, бүгүнкү эл аралык майдандагы эч бир уюмду тан албашыбыз керек. Анткени, алардын баары жогорудагы империалист мамлекеттердин, же алардын биринин кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн. Демек, алардын баары кандай гана иш алып барбасын, түпкүлүгүндө катага негизделген. Тескерисинче, биз бул уюмдардын ордуна, мусулмандарды эле эмес бүткүл адамзатты империализм зулматынан Ислам нуруна алып чыга турган мамлекетти тикелөөгө аракет алып барышыбыз шарт! Мына ушул мамлекетте бир тууган мусулман мамлекеттеринин арасында чек ара тосугу маселеси калбайт. Тескерисинче, бардык мусулман өлкөлөрү адилеттүү амирдин кол астында ар кандай коркунучка каршы бир денедей күрөш алып барышат!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here