Аң сезимдүү калыс кишилердин саясий болбоого акысы жок

422
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Аң сезимдүү калыс кишилердин саясий болбоого акысы жок

Талкуу кылуу жана этибар берүү керек болгон маселе – мусулман өлкөлөрүндө исламий саясий чөйрөнү пайда кылуу. Ырас, Ислам мамлекетинин тикелениши ушуну талап кылган соң, мамлекет тикеленишинен мурда же мусулман өлкөлөрү Ислам мамлекетине кошулушунан мурда саясий чөйрөгө кирип баруу шарт болот. Турмушта жана ошол саясий чөйрөлөр ичинде Исламды жүзөгө келтирүү ушуну талап кылат. Ошондуктан, ар кандай исламий өлкөдө саясий чөйрөнүн ичине кирип барууга аракет кылуу – Ислам үчүн саясий күрөш алып барган ар бир киши аткарышы зарыл болгон иш.

Мусулман өлкөлөрүндөгү саясий чөйрөлөрдө да Батыштын саясий чөйрөлөрүндөгү коррупция бар. Коррупция гана эмес, ал тургай, куфрдун малайлары бар. Куфр түзүмүнө жана саясатына азгырылып, ээрчип жаткан, Исламды жаман көрүп, ага каршы душмандык кылып жаткан жана аны акаараттап жаткан кимселер да табылат.

Ошондуктан, биз бул чөйрөлөргө кирип барууга аракет кылуу менен гана чектелбей, аларды бузууга жана исламий чөйрөлөргө айлантууга да аракет кылышыбыз керек. Алардын сыртында аракет кылуу мүмкүн болсо да, бирок, ичинде аракет кылуу кыйла жеңил жана натыйжага жакын. Бирок, мусулман өлкөлөрүндөгү саясий чөйрөлөрдүн жетекчилери Батыш жетекчилерине карата кичине эсептелишсе да, мусулман өлкөлөрүнүн калкына карата өтө чоң эсептелишет. Себеби, алар акимдер, жетекчилер, адамдардын турмушунда өз салмагына ээ адамдар. Мунун үстүнө, аларда акыл, билим, тажрыйба бар жана бул нерсе аларды алдыңкы адамдарга айлантат. Алардагы ушул жөндөм жана туура жандашуу ар кандай абалга ылайык тон кийип алууларына о.э. эгер коомдо Ислам өкүмдар болсо, мечиттерде беш убакыт намазды алдыңкы сапта туруп окууларына мүмкүнчүлүк берет. Ошондуктан, Ислам мамлекетинде алар ушул мамлекет үчүн биринчилерден болуп аракет кылуулары жана Исламий кыймылдардын жетекчилери болушу да ыктымалдан алыс эмес. Бул чөйрөлөрдө калыссыздык байкалууда, алар мынафыктыкты жашыруунун устасы болуп кетишкен. Андан тышкары, алар мамлекеттерди кулатууда жана ойрон кылууда адамдардан кыйла тажрыйбалуу жана жөндөмдүү. Ислам мамлекети тикеленсе жана бул саясатчылардын күнү бүтүп калса, алар өздөрүн Умматка калыс жана билимдүү кылып көрсөтүүгө өтүшөт, ушул аркылуу саясий чөйрөлөрдүн башчыларына, жетекчилерине, айыпсыз жана асыл жетекчилерине айланышат. Ошондуктан, алардын ушул коркунучунан этият болуу жана таасирлерин жок кылуу шарт.

Бүгүнкү күндө калыс аң-сезимдүү кишилердин саясий болушунун проблемасы калбады. Балким, исламий саясий чөйрө пайда кылуу проблемасы бар. Себеби, азбы же көп убакыт өтүп, Ислам мамлекети албетте тикеленет. Мына ошондо ушул калыссыз саясий чөйрөлөр калыс саясий кишилерден озунуп, исламий чөйрө пайда кылып алууларынын коркунучу пайда болот. Негизи, калыс аң-сезимдүү кишилер өздөрү исламий чөйрө пайда кылуулары керек эле. Ошондуктан, бүгүндөн тартып бул калыс аң-сезимдүү кишилер саясий болуу жана саясий чөйрө пайда кылуу үчүн аракет кылбоого акысы жок. Себеби, убакыт дайрадай өтө тез агып өтүүдө, заманды силер кесип өтпөсөңөр, ал силерди кесип өтүп, артта калтырат. Аң-сезимдүү калыс кишилердин биринчи орундагы атаандашы жана душмандары – Ислам душмандары. Эгер, бул аң-сезимдүү калыс кишилер өз акыйдасында жана кайратында күчтүү болуу менен бирге, түшүнүктөрүндө жана идиректеринде да күчтүү болушпаса, ал тургай, жеңишти алар жасаган болушса да, башкалар үстөм болуп калуулары, алар болсо туура турмуштан алыста калуулары коркунучу пайда болот.

Ушул себептен улам, кабарларды күзөтүү, аларды талдап, пикир билдирүү о.э. бул пикир атайын бир чекиттен туруп чыгышына катуу этибар берүү, ушул калыс аң-сезимдүү кишилердин бүгүнкү жана эртеңки күндүн жетекчилерине айлантуунун о.э. адамдарда үмүт ойготуунун маанилүү фактору.

 

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here