Кыргызстан бийлиги карантинге карабастан жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрмөкчү болууда
12-апрелде Кыргызстандын беш шаарында жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо болуп өтөт. Бул тууралуу Борборбук шайлоо комиссиясы кабарлады. Шайлоо Токмок, Майлуу-Суу, Каракол, Ош жана Балыкчы шаарларында жана 25 айылдык кеңештерде шайлоо өткөрүлөт.
Кыргыз өкмөтү – өздөрү жарыя кылган карантинди эсепке албастан шайлоо өткөрүлөт деп, шайлоого карата даярдык иштерин улантууда. Мечиттер жабылды! Жума намазы токтотулду! Рамазан айы жакындап келе жатат, Куран хатм кылууга, тарових намазына, балким, айт намазына да тыюу салынышы мүмкүн! ушундан улам, бул вирус мусулмандарды гана бутага алганбы деген ой пайда болот. Ун соодасы дээрлик токтотулуп, адамдарды атайылап дүрбөлөң түшүргөндөй аракет кылып жатышат. Базарлар жабылды. Анан эмне үчүн депутаттарды шайлоо токтотулбайт!
Эй мусулман боордоштор, биз өкмөт киргизген карантиндин шарттарына моюн сунуп, ибадаттарыбызды токтоттук. Бирок, өкмөттү да жалпы шартттарга амал кылууга чакырып, тергеп-тескешибиз керек. Башкача айтканда, вируска каршы карантинге ыраазы болууда о.э. ар бирибиз өкмөткө моюн сунууда шаръий өкүм ушуга буйругандыгы үчүн ыраазы болдук. Мусулман адам бирөөнүн акысына кыянат кылбайт, бирок өзүнүн акысына кыянаттык кылууга да жол бербейт!
Шайлоолор шариятка тескери негизде болуп, мусулмандардын ага катышуусу жайиз эмес! Ошого карабастан, ага катышып жаткан жарандар биз менен бир коомдо жашайт. Алар биз менен аралашып жүргөндүктөн, алардын ар бири вирус ташуучу болушу мүмкүн. Ошондуктан, мусулмандар шайлоого катышпайбыз деген нерсе менен кадыржам болушубуз жакшы эмес! Шайлоо жана шайлоо алдындагы иш-чаралар да токтотулушун талап кылалы.
Абдураззак Муъмин.