Халифалыксыз 99 жыл

519
0

Халифалыксыз 99 жыл

Жыл санакты баарыңыздар жакшы билесиздер, мына быйыл 2020-жыл. Ушул эле учурда, мусулмандардын мындан өзгөчөлөнгөн өзүнчө жыл санагы бар. Ал хижрий жыл санак. Мисалы, быйыл хижрий 1441-жыл.

Белгилүү болгондой, биздин окуу программаларыбызга Исламий билимдер киргизилбеген. Ошондуктан, Ислам тарыхын дээрлик билбейбиз. Тарыхтын айрым бир сүртүмдөрүн гана өз алдыбызча кээ бир исламий адабияттардан окуп алганбыз. Учурдан пайдаланып, ушул исламий жыл санак тарыхына бир аз токтоло кетели.

Жогоруда айтканыбыздай, айрым адабияттардан мусулмандардын Меккеден Мединага хижрат кылгандыгын окуганбыз. О.э. хижрий жыл санак Умар tнун халифалык доорунда, сахабалар ижмасы менен ушул хижрат күнүнөн башталгандыгын да билебиз. Бирок, ушул эле адабияттарда, бизге ачыкталгандан башка, жашырып коюлган акыйкаттар да бар. Себеби, бүгүнкү күндө мамлекеттер тарабынан урухсат берилген китептер ЮНЕСКО “элегинен” өтөт жана ал уюм урухсат бербеген маалыматтар ал китептерден алынып ташталат. Эмесе, ушул хижратка тиешелүү бир акыйкатка  назарыңыздарды бурмакчыбыз.

Жыл санакты белгилөөдө сахаба tдар түрдүү сунуштарды киргизишти. Айрымдары Расулулла Aдын тулган күнүн сунушташса, айрымдары Расулулла Aдын пайгамбар кылып жиберилген күнүн сунушташты. Кээ бирлери болсо ал зат A көз жумган күндөн баштоону айтышты. Акыры келип, алар Расулулла Aдын хижрат күнүнөн баштоого ижма кылышты. Эмесе ушул нуктага жакшылап көңүл буруңуз, бул күн кандай күн эле?! Бул күн Расулулла A Меккеден Мединага көчүп келиши менен, Мединада Исламий мамлекет тикеленген күн эле!!!

Ооба, мусулмандардын мындан башка дагы ыйык күндөрү бар болуп, алар да жыл санактын башы кылып белгиленбеди. Мисалы, Курандын түшүрүлүшү, исро жана миърож күнү, кыбланын өзгөрүшү, рамазан орозосунун фарз болушу ж.б.у.с. Жана дагы мусулмандардын мындан башка даңктуу күндөрү бар эле, алар да жыл санактын башы кылып белгиленбеди. Мисалы, Бадр казаты, Мекке фатхы, Алланын ахзабга каршы нусрат бериши, Табук казатында Алланын пайгамбарына Румга каршы бир айлык аралыктан туруп коркутуу менен нусрат бериши ж.б. Ошондуктан, бул ижмаъдан сахаба tдар Исламий Мамлекеттин тикеленген күнүнө зор этибар беришкендиги маалым болот.

Исламий Мамлекет дегени, бул Исламдын толук колдонулушу дегени. Т.а. бул мамлекетте анын акыйдасы исламий акыйда болот жана анда шаръий өкүмдөр толук колдонулат о.э. мамлекет Исламды бүткүл дүйнөгө даъват жана жихад жолу менен жаят.

Расулулла A дүйнөдөн кайткандан кийин, мамлекетти “хулафаи рошидиндер” б.а. туура жолдогу халифтер деп таанылышкан улуу инсандар башкарды.

Негизи, хулафаи рошидиндер тууралуу кеңири маалыматтарга ээ болууга бүгүнкү күндө да мүмкүнчүлүгүңүздөр чоң. Эгер изденсеңиздер, алардын чындап рошид халифалар болгонун табасыздар.

Хулафаи рошидиндерден кийин мамлекетти уммавий халифалар башкарышты. Алардын айрымдарынын халифа катары кылып өткөн кээ бир иштерин айта кетели.

5-уммавий халиф Абдулмалик ибн Марван почта байланышын жолго койгон. Алтын теңгелерди басып чыгарган. Эскерте кетсек, Исламий экономикалык түзүмдө акча катары алтын жана күмүш (т.а. динар жана дирхам) системасы колдонулат.

6-уммавий халиф Валид ибн Абдулмаликтин доорунда биринчи оорукана курулган.

Кутайба ибн Муслим командачылыгында Бухара, Самарканд, Хорезм, Фергана фатх кылынган. Мухаммад ибн Косим командачылыгында Индия фатх кылынган. Торик ибн Зияд командачылыгы астында Андалусия фатх кылынган.

8-уммавий халиф Умар ибн Абдулазиз “хулафаи рошидиндердин бешинчиси” деп таанылган.

Ошентип, (андалусиядагы уммавийлерди кошпогондо) 14 уммавий халифа өттү. Алардан кийин Аббасий халифалар башкарышты. Алардын да айрымдарынын халифа катары кылып өткөн кээ бир иштерин айта кетсек болот.

2-аббасий халиф Ал-Мансур Абу Жаъфар Багдадга негиз салган. Багдад университетин курган.

3-аббасий халиф Ал-Махдий Мухаммад ибн ал-Мансур негизги жолдорду курган. Почта иштерин эң жакшы жолго койгон. Византиялыктар мусулмандар менен келишим түзүп, жизя төлөшкөн.

5-аббасий халиф Ар-Рашид Харун ибн ал-Махдий аббасийлер ичиндеги эң таанымалдарынан бири болгон.

Назарыңыздарга халифа Харундун бир катын сунуштайбыз. Византия императору Никифор келишимди бузуп, Харунга жизя төлөбөйбүз деп кат жөнөтөт. Ошондо Харун минтип жооп берет: «Бисмиллахир Рохманир Рохим. Момундар амири Хорун Ар-Рашидден Румдун ити Никифорго. Эй кафиранын уулу, мен сенин катыңды окудум. Жоопту болсо, кулагың менен укпастан, өз көзүң менен көрөсүң…». Айткандай эле, көп өтпөстөн Никифор Харундун кошуунун өз көзү менен көрдү…

7-аббасий халиф Ал-Маъмун Абдулла ибн Харун ар-Рашид адабият жана илимге катуу этибар берген. Багдадда Байтул-Хикманы пайда кылган.

8-аббасий халифа Ал-Муътасим биллах Мухаммад ибн Харун ар-Рашид окуясынан бир мисал келтиребиз. Ал кезде Византияга караштуу Амурия деген шаар болгон. Андагы бир кафир бир муслима аялдын жоолугуна кол салат. Ошондо запкы көргөн аял “Эй Муътасим, кайдасың” деп кыйкырат. Бул кеп халифке жетип келет. Кабар түндө келсе, таң эрте халиф кошуунун баштап жолго түшөт. Амурияга барып, ал жердин акиминен аялга зомбулук кылган акмакты жазалоосун талап кылат. Аким буга көнбөгөн соң, шаарга чабуул кылып, аны фатх кылат.

Ошентип, аббасийлерден 37 халифа өткөн (Мисирдеги аббасийлерди кошпогондо).

Алардан кийин халифалыкты усманийлер улантышты

2-усманий халиф Сулайман Балкан өлкөлөрүн фатх кылган. Австрияга чейин жетип барган. Мыйзам жана шарият өкүмдөрүн деван кылып жаздырып, Конуний наамын алган.

Ушул орунда 26-усманий халиф Абдулхамид II тууралуу токтоло кетүү зарыл.

Султаныбыз халифалык бийликке хижрий 1293-жылы, миладий 1876-жылы келди. Ал убакта мамлекет анархияга толуп, өтө туруксуз абалда болчу. Бул учурда Европа Усманий мамлекеттин иштерине көбүрөөк аралаша турган абалга келип калган эле. Европа Халифалыкта Исламга тескери мыйзамдарды зордоп өткөрдү. Европа консулдуктары уу фикирлерди тарата баштады, миссионердик мектептер өз студенттерин Усманий мамлекеттин жарандары арасындагы чыр-чатакты дагы да күчөтүүгө тукурушту. Европа мамлекеттерине малайлык кылып жаткан мамлекеттик кызматкерлер Европа конституцияларынан алынган конституцияны колдонууну талап кылышты. Алар Франция революциясы идеясынан жана кээ бир Европа мамлекеттеринин түзүмдөрүнөн таасирленип, Усманий мамлекеттеги алсыздыктын себеби шаръий өкүмдөр колдонулуп жатышында деп эсептешти. Башында Рашид паша, кийин Мидхат паша жетектеген чоң-чоң кызматкерлердин жүрөктөрү мамлекет түзүмүнө кол салуу, анын султандарын акаараттоо менен толуп ташты. Мидхат паша жетекчилигинде Батыш конституциясын колдонууну талап кылып жаткандардын саны көбөйдү, султан Абдулхамид алдында мындай бороон астында ийилүү жана алар талап кылып жаткан конституцияны колдонуудан башка жол калбады. Бирок, арадан бир жыл өтүп, тезинен султан бул конституцияны бекер кылды жана жалаң исламий шарият башкара турган болду. Кийин бул батышпарас малайларды таасирдүү жайлардан алыстатып, чоңу Мидхат пашаны Хижазга сүргүн кылды, паша ошол жерде дүйнөдөн кайтты.

Бирок, Европа мамлекеттери султан Абдулхамидди тынч койбоду. Көп өтпөй, батышпарас кызматкерлердин тукуруусу менен Россия менен Усманий мамлекет ортосунда согуш күч алды. Бирок, орустар, Балкандын христиан калктары жана айрым Европа мамлекеттери бул мамлекетке каршы иттердей жапырылды… Орустар менен козголоңчулар Балкандын чоң бөлүгүн жана Усманий мамлекеттин кээ бир чыгыш бөлүгүн басып алды. Бул болсо, каргашалуу Сан-Стефано келишимине кол коюлушуна алып келди. Султан Абдулхамид Усманий мамлекеттин өкүлү алып келген ушул келишимдин беренелерин окугандан кийин, айрып таштады жана келишимге 1878-жылы Берлин конференциясында өзгөртүү киргизилди. Ушул согуштун артынан Усманий мамлекет Балканды колдон чыгарды. Европа мамлекеттеринин өтө арамза экендиги, Усманий мамлекетке карата жаман ниетте экендиги Султан Абдулхамидге айкын болду. Мисалы, Европа Босния жана Герцеговинаны алган болсо, Россия Балкандын чыгышындагы кээ бир жерлерин алды. Кийин Британия Кипр аралын алды. 1881-жылы Франция Тунисти, 1882-жылы Британия Мисирди алды. Кийин Басрага жакын келди. Саудиянын Асир шаары менен Ямандагы кээ бир шейхтери Усманий мамлкетке каршы козголоң көтөрө башташты. Мамлекет үлкөн карызы себептүү өтө оор абалда калды жана кээ бир Европа мамлекеттерине экономикалык артыкчылыктарды берүүгө мажбур болду.

Султан Абдулхамид бул коркунучту түшүндү жана бүткүл күч-кайратын мамлекетти оңдоого жумшады. Биринчи ишти мамлекет жарандары арасында биримдикти пайда кылуудан баштады, кийин араб тилин мамлекеттин расмий тилине айлантууга аракет кылды. Бирок, – өкүнүчтүүсү – мамлекеттеги чоң кызматкерлердин жана уламалардын катуу каршылыгына учурады жана бул фикиринен баш тартууга мажбур болду. Кийин жаранга жакын болду жана күрддөрдү коргоого киришти, себеби, алардын коопсуздугу бүтүндөй бузулган. О.э. мамлекет жарандары арасында, башка исламий өлкөлөрдүн калкы арасында Халифалыкты урматтоо идеясын кеңири жайды. Натыйжада, жер жүзүнүн батышы-чыгышындагы мусулман калктар Халифалык шаръий хукм, мусулмандар халифага итаат кылууга жана насихат кылууга жоопкер деп билип калышты. Кийин султан бардык мусулмандарды калимасын бир кылууга, саптарын бириктирип, Европадагы колонизатор ач көз мамлекеттерге каршы турууга кызыктырды. Армияга келсек, султан аларды Германия аскерийлери менен заманбап аскерий машыгуулардан өткөрүп, аскерий абалды өтө мыкты даярдады. О.э. Абдулхамид Усманий аскерий деңиз флотун дүйнөдө экинчи орунду турган флотко айлантты, биринчи орунда англис флоту турган. Султан Абдулхамид илим өтө маанилүү экенин жакшы билген. Ушул себептен улам, өтө көп медреселерди, жогорку жана аскерий окуу жайларды ачты. Мамлекетти шал кылган жана эркин тартып алган мамлекет карызына келсек, султан алардан кутулуу схемасын иштеп чыкты жана бир нече жыл өтүп-өтпөй мамлекет карызынын төрттүн үч бөлүгүн төлөй алды, муну душмандары да моюнга алышты, таң калышты. Султан мамлекетти өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү көзөмөлдөө үчүн транспорт маселеси өтө маанилүү экенин жакшы түшүнгөн. Ошондуктан, улуу темир жол линиясы долбоорун иштеп чыкты. Истамбул-Басра линиясы долбоору менен Хизаж темир жол долбоору ушул ийгиликтүү долбоорлорго ажайып мисал болот. Султан рахимахуллах Истамбулду Санъа менен байлоону каалаган. Анын доорунда Истамбулдан Мадинаи Мунавварага чейин темир жол линиясы куруп бүтүрүлдү. Бирок, өкүнүчтүүсү, бул линия болгону бир нече жыл гана иштеди. Себеби, Британия жана анын «Чоң араб козголоңу» мүчөлөрүнөн болгон малайлары бул темир жолун бузуп салды жана бүгүнкү күнгө чейин иштебей турат.

Кафир мамлекеттер Усманий мамлекетке каршы тил бириктирүүлөрүн дагы да күчөтүштү, султан Абдулхамидди тактыдан кулатууга бел байлашты. Британиянын ошол кездеги тышкы иштер министри төрагалыгында ири мамлекеттер конференция өткөрүшүп, Усманий мамлекетти бөлүп алууга келишишти. Алар тез арада Усманий мамлекеттин башына «Биримдик жана Өнүгүү» партиясын алып келишип, ал аркылуу 1909-жылы султан Абдулхамидди тактыдан кулатууга жетишишти.

Кийин бул иш чоң ката болгонун ага каршы чыккандар өздөрү да тан алышкан. Мисалы, «Биримдик жана Өнүгүү» партиясынын башкы муфаккири Риза Тавфик мындай деген: Биз “султан залим”, “султан келесоо” деген сөздөрдү айттык. Султанга каршы козголоң көтөрүшүбүз керек деп, ага каршы чыктык. Уктап жаткан фитнаны ойготтук. Бирок, эй кылымдын улуу саясатчысы, сен (Абдулхамид) келесоо эмес экенсиң. Тескерисинче, биз келесоо экенбиз. Биз келесоо гана эмес, жек көрүндү, заардуу жана ахлаксыз экенбиз.

Абдулхамидге каршы тил бириктиргендердин башчысы Энвер-паша: “Биз сионисттер колунда куурчак болуп, ынкылаб жасадык, келесоо экенбиз”, – деген.

Султан Абдулхамидди тактыдан кулатышкандан кийин, анын ордуна Мухаммад Рашадды отургузушту. Мухаммад Рашаддын колунда бийлик дээрлик жок эле. Көп өтпөй Биринчи дүйнөлүк согуш башталды.

Биринчи дүйнөлүк согуш башталар алдында Абдулхамидге Энвер паша келди. Абдулхамид ага мамлекет бул согушка катышпашы керек деди. Ал бүткүл өмүрүндө Европа мамлекеттери ортосунда чоң бир согуш чыгышына жана алар бири-бирин бөлүп жарууларына кызыкдар болгонун, Усманий мамлекетти согуштан алыс кармап, бул учурда мамлекет өзүн бекемдеп алууга убакыт табарын пашага маалымдады. Бирок, бул партия арасындагы англисчил малайлар макул болушпады.

Биринчи дүйнөлүк согуштан жеңилүү менен чыгары айкын болуп калгандан кийин, Энвер паша камактагы Абдулхамид менен дагы жолукту. Ал султанга «Биримдик жана Өнүгүү» партиясынын мүчөлөрү Истамбулдан чыгып кетишерин айтты. Ошондо Султан: «Досторуңа айт, Аллах үчүн, Истамбулдан чыга көрүшпөсүн. Себеби, биз акыркы Византия императору Константин XIден кубат жана кайрат жагынан калышпайбыз. 1453-жылы Мухаммад Фатих – Аллах ыраазы болсун – Константинополду фатх кылганда, бул император акырына чейин кармашкан». Караңыздарчы, султаныбыздын кандай позицияларды карманганын.

1918-жылы Аллах Таала аны Өз алдына чакыруу ниъматы менен сыйлады. Аллах султаныбызга англистер, алардын союздаштары жана малай ыплас Мустафа Кемалдардын Халифалык борборунда бузгунчулук кылганын көрсөтпөдү.

Ошентип, эч кандай алакасы да, пайдасы да болбогон дүйнөлүк согушка Усманий мамлекет да кирип, жеңилип чыкты. Кийин жеңген мамлекеттер Сайкс-Пико келишими аркылуу Усманий мамлекетти бөлүп алышты. Британия Мустафа Кемалдан каарман чыгарып, ал аркылуу жасалма жеңиштер жасады, бул кимсеге Халифалыкты жок кылуу жана Түркияда Исламдын изин да калтырбай өчүрүү, Усманий мамлекеттин – Анадолудан тышкары – бардык жерлерин душманга тапшыруу вазыйфасын тапшырды. 1924-жылы Халифалык бүтүндөй жок кылынды жана Түркия республикасы деген нерсе түзүлдү. Мусулмандардын акыркы халифасы Абдулмажид II мамлекеттен чыгарылып жиберди.

Мына ушундайча, Расулуллах A миладий 622-жылы Исламий Мамлекетти тикелегенден тартып, ал мамлекет хижрий 1342-жыл, миладий 1924-жылга чейин Исламды колдонуп келди. Ушул доор ичинде Үммөт халифасыз жашабады. Анткени, 3 күндөн кечиктирбей халифа шайлап алуу фарз экендигин алар билишкен. Бирок, 1924-жылы Халифалык кулатылгандан бери, бул фарз ар бир мусулмандын мойнунда илинип турат. Анткени, андан бери 3 күн эмес, 99 жыл өттү.

Бул фарз моюндан сакыт болушу үчүн, Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн Расулуллах A көрсөтүп кеткендей иш алып барыш керек. Расулулуллах A Мадинада мамлекет тикелегенге чейин жалаң гана фикрий-саясий күрөш алып барган. Анын акыркы баскычында мамлекет тикеленген. Азыр мына ушул жолдон исламий саясий Хизбут-Тахрир партиясы иш алып барууда. Ошентсе да, азырынча мамлекетибиз тикелене элек.

Быйыл хижрий 1441-жыл… Быйыл Халифалык кулатылганына 99 жыл толду…

Хизбут-Тахрир – Кыргызстан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here