Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаяты Истамбулда «Үй-бүлө жана Коом» конференциясын өткөрдү

584
3

Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаяты Истамбулда «Үй-бүлө жана Коом» конференциясын өткөрдү

«Ислам үй-бүлөнү, муунду жана коомду коргойт» кампаниясы алкагында ушул жылы 2-февраль күнү Истамбулда Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаяты конференция өткөрдү.

«Үй-бүлө жана коом» деп аталган бул конференцияга көптөгөн мусулмандар келишти. Конференциянын алып баруучусу Серхан Эрташ келгендерди кампания жөнүндө кыскача тааныштырып, Бурак Балта Куръани Карим аяттарын тилават кылды. Кийин жазуучу Муса Байоглу биринчи баянды уктурду. Ал өз сөзүндө эл аралык келишимдердин зыяндуу акыбеттери жөнүндө сүйлөп, CEDAW конвенциясы жана «Истамбул келишими» сыяктуу келишимдерди о.э. Түркия кабыл алган №6284-токтомду каралады. О.э. бүгүнкү коомго терс таасир тийгизип жаткан проблемалардын исламий чечимдерин сунуштады.

Экинчи баянды аалым жана исламий жазуучу Абдуллах Имамоглу жарыялады. Ал өз сөзүндө Ислам мусулман коомун кантип өнүктүрүшү жөнүндө сүйлөдү. Имамоглу бүгүнкү Умматтын мойнунда оор жоопкерчиликтер турганын ачыктап, тарыхта Уммат кандай ийгиликтерге жетишкени жөнүндө тарыхий мисалдарды көрсөттү. О.э. бул ийгиликтер Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыктын тикелениши аркылуу кайра жүзөгө чыгышын баса белгиледи.

Роя гезити, №274, 2020-жыл, 19-февраль.

3 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here