Тажикстандагы мечиттерде жума намазына келбестикти суранышууда
Тажикстандын борбору Душанбе шаарындагы бир катар мечиттерде жума намазга келбестикти суранышууда.
Айтылышынча, бул чаранын максаты коронавурис жайылышынын алдын алуу.
Азырынча Тажикстанда коронавирус жайылганы тууралуу расмий кабар жок. Ошого карабастан¸ Тажикстан Ислам борбору мусулмандарга жума намазга чогулбастыкты насаат кылып, мына ошол этияттык чарасынан келип чыгып, мусулмандарды жума намазга барбай турууга чакырууда.
Тажик бийлиги жакынкы күндөрдө жума намаздарга убактылуу тыюу салган буйрук чыгарары күтүлүүдө.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, медицина тармагындагы адистер ушундай сунуш беришкен.
Исламда вабага (чумага) карата шаръий чечим бар болуп, анда ар бир региондун вакиъсине карай ошол аймак үчүн хос мамиле белгиленет. Ваба жайылган аймакка кирүү жана чыгуу жолдору жабылып, Аллахка тобокел кылуу менен вабаны жок кылуу жолдору изилденет. Ваба тараган регион үчүн өзүнчө өкүмдөр колдонулуп, оорунун мүнөзүнө карай, зарылдык болсо коомдук жыйындарга да тыюу салынышы мүмкүн.
Бирок, мамлекетке кирип келе элек вабанын алдын алууну шылтоолоп бирер ибадатка тыюу салуу же жарандарды коомдук иштерден тыюу мүмкүн эмес. Ваба мамлекеттин бирер шаарында пайда болгон учурда ошол шаар блокада кылынат жана ал жерде өзүнчө шарьий өкүмдөр колдонулат, ага колдонулган өкүмдөр башка аймактарга колдонулбайт.