Кыргызстанда ажырашкан үй-бүлөлөр көбөйдү

566
0

Кыргызстанда ажырашкан үй-бүлөлөр көбөйдү

Кыргызстанда ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы 10 миң 434 ажырашуу катталса, өткөн жылы бул сан 10 миң 995ти түзгөн. Башкача айтканда, бир жылда ажырашкандардын саны 561ге көбөйгөн. Бул дээрлик ар төртүнчү үй-бүлө ажырашып жатат дегенди түшүндүрөт.

Жалпысынан 2019-жылы Кыргызстанда 49 миң 395 нике катталган. Ажырашуу тууралуу арыз эң көп Бишкек шаарынан түшүп, алардын саны эки миңден ашат. Жубайлардын ажырашуусуна ар кандай себептер айтылып келет жана алардын негизгиси үй-бүлөдөгү зомбулук эсептелет.

Белгилүү болгондой, демократиялык түзүмдө аялдар сатылуучу товар, ырахат алуучу дене каралат. Бул түзүм аялдарды эркектер менен тең укуктуу кылам деген шылтоо менен, табиятынан алсыз болгон аялдын мойнуна эркектер менен бирдей милдеттерди жүктөдү. Аялдарды эркектерге көз карандысыз, өз алдынча кылуу шылтоосу менен (гендердик теңдик) аларды аялдардын орду болбогон тармактарга да аралаштырды. Натыйжада, үй-бүлөдө тукруктуулук жоголду. Эркектер да аялдар да өз милдетин унуткан абалда, үй-бүлөдө жаңжалдар көбөйүүдө. Түпкүлүгүндө, аял киши корголушу важиб болгон намыс жана үй кожойкеси катары каралышы керек эле. Мына ушундай камкордук гана аял кишиге өзүн аял катары сезүүсүн камсыздап берет. Мындай камкордук бир гана Исламдагы ижтима түзүмү турмушта колдонулуусу менен болот. Бул түзүм болсо албетте Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу ишке ашат. Учурда болсо, мамлекетти тикелөөгө аракет кылуу алкагында, исламий ижтимаий чечимдерди коомубузга сиңдирип, ал аркылуу батыштын бузук ижтимаий түзүмүн сүрүп чыгарууга аракет кылышыбыз керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here