Өзбекстан президентинин жарлыгы ири ишканалардагы мамлекеттин үлүшүн ачык тендерсиз сатууга мүмкүнчүлүк берет
26-февраль күнү Өзбекстан Республикасынын нормативдик-укуктук документтер долбоорлору талкууга коюлуучу regulation.gov.uz сайтында президенттин жарлыгы жарыяланды.
Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттиги тарабынан даярдалган долбоор “Экономикада мамлекеттин үлүшүн кыскартууга тиешелүү кошумча иш-чаралар жөнүндө” деп аталат.
Документте келишинче¸ ага тиркелген 1115 ишканадагы мамлекеттин үлүшү 2025-жылга чейин менчиктештирилет.
Мамлекеттик мүлктү сатууда тендерди өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүп ¸ ага премьер-министр¸ анын орунбасарлары жана президенттин кеңешчилери кошулат.
Президенттин жарлыгынын долбоору тендердик комиссияга, мамлекеттин үлүшүн “аукцион, тандоо, тендер, түздөн-түз сүйлөшүүлөр, IPO, SPO жана башка” механизмдер аркылуу менчиктештирүү укугун берет.
Жарлыкка мамлекеттин үлүшү толук бойдон же бөлүгү сатыла турган ишканалар тизмеси тиркелген.
Бул тизмеге киргизилген “Ucell”¸ “Uzbekistan Airways”, “Узбектелеком”, “Узбекнефтгаз”, “Узтрансгаз”, “Дори-Дармон”, “Алмалык кен-металлургия комбинаты”¸ “Өзбекстан металлургия комбинаты” жана “Наваи кен-мeталлургия комбинаты” сыяктуу өлкөдөгү монополист макамындагы ири ишканалардагы мамлекеттин үлүштөрү да сатыкка коюлат.
26-февралдагы расмий кабарга ылайык, мамлекеттин үлүшү жеке менчикке сатыла турган “Наваи кен-мeталлургия комбинаты” Өзбекстандагы эң ири ишкана болуп эсептелет о.э. мамлекеттеги өнөржай продукциясынын 10 пайызын түзүп, бюджеттик кирешенин 18 пайызын камсыздайт.
Сереп: Менчиктештирүү – бул Өзбекстанга Батыш дүйнөсү тарабынан коюлуп жаткан кезектеги талаптардын бири болуп, Кыргызстан бул жараянды ондогон жылдар мурда ишке ашырган. “Мүлк эркиндиги” демократия акыйдасынан келип чыккан “баалуулук” болуп, капитализмге негизделген эл аралык саясат муну мамлекеттерди колония кылуу куралы катары пайдаланат.
Жеке менчик мүлк ири капиталисттерди пайда кылып, убакыт өтүшү менен алар мамлекеттик мүлккө ээлик кыла башташат. Капиталисттер акырындык менен монополисттерге айланып, мамлекеттеги таасири менен мамлекетке басым өткөрө башташат. Капитализм мына ушул капиталисттердин тойбос напсин кандыруу негизине курулат. Капиталисттердин кыянатка жана жеке кызыкчылык жолунда ар кандай паскечтиктерге даяр турушу, колонизатор мамлекеттерге ошол мамлекетти көз каранды кылууда аябай пайдалуу болот.
Өзбекстан режими өткөөл мезгилде, башкача айтканда режимди демократияга ылайыкташтыруу жараянында капиталисттик башкаруу системасына Россия сыяктуу олигархтарды пайда кылуу жолу менен барат. Себеби, өзбек режими көзкарандысыз капиталисттер пайда болушуна жол бере албайт. Себеби, мүлк эээлери – мамлекеттин бир бөлүгүнө ээлик кылып, режимдин бөлүнүп жарылышына же мамлекет тышкы күчтөр алдында алсырашына т.а. оппозициялык пикир жана аракеттер үчүн жол ачылышына себепкер болушу мүмкүн. Ошондуктан, стратегиялык обьекттер, нефть-газ сыяктуу энергетикалык тармактар мамлекеттин көзөмөлүндө калат, же жетекчи топтун (олигархтардын) колуна өтөт. Режим ушундай жол аркылуу мамлекетти өз таасири астында кармап калган болот. Майда жана стратегиялык жактан маанисиз болгон обьекттер гана карапайым адамдарга сатылышы мүмкүн.
Абдураззак Муъмин.