АКШ МЕНЕН ТАЛИБАН ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИНЕ КОЛ КОЙДУ

472
0

АКШ МЕНЕН ТАЛИБАН ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИНЕ КОЛ КОЙДУ

29-февралда АКШ менен Талибан тынчтык келишимине кол коюшту. СМИлерде кабарлаган маалыматтар боюнча АКШ 14 ай ичинде Афганистандан чыгып кетет, эгер Талибан ушул шарттарды аткарса:

1) Талибан Афганистан бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү башташы керек.

2) Талибан террордук аракеттер үчүн Афганистан жеринен пайдаланбашы керек.

1-пункт боюнча. АКШ Афган бийлиги менен Талибанды сүйлөштүрүп, Талибанды бийликке шерик кылмакчы. Америка ушинтип Талибанды бийлик менен азгырууда. АКШ Афганистандан чыкмакчы болсо, ал жерде өзүнө малай режимди калтырууну максат кылат. Мындай шартта Талибан бийликке келсе же бийликке шерик болсо, Афганистанда Америка самаган режим түптөлөт, башкача айтканда илманий (светтик) мамлекет орнотулат. Афганистанда АКШга малай бийлик орнотулмайынча АКШ ал жерден чыкпайт.

2-пункт. «Терроризмдин» так аныктамасы жок. Мисалы БУУ документтеринде «геноциддин» аныктамасы так айтылган, бирок «терроризмге» аныктама берилбеген. Себеби «терроризм» жөнүндө так аныктама берилсе, ага АКШ, Россия жана башкалары ылайык болуп калышы мүмкүн. Экинчиден кафирлер «терроризм» жөнүндө атайы так аныктама беришпейт, себеби алар «терроризмди» ар кандай мааниде түшүндүрүп, өз каршылаштарын «терроризмде» айыптап жок кылууну көздөшөт.

Калган пунктар. Бул келишим Талибанды экиге бөлөт. Себеби Талибандын ичинде АКШ менен келишим түзгөнгө каршы тургандар бар. Кимиси бийлик менен сүйлөшүү өткөрсө «террорист эмес» болуп, кимиси сүйлөшүү алып барбаса «террорист» болот. Натыйжада «террористтер» менен «террорист эместер» бири-бирине каршы согушуусу мүмкүн. Мына ушундайча Талибанды начарлатуу аракети болуп атат. Анан дагы кызыкчылык талап кылса АКШ өзү эле жардыруу уюштуруп, аны Талибанга шылтоолоп келишимден чыгып кете берет.

Трамп президент боло электе шайлоо кампаниясында Афганистандан аскерлерди алып чыгам деп убада берген. Эми минтип Трамп убасын аткарган президент болууда. Бул нерсе быйыл өтчү президенттик шайлоодо Трампка чоң колдоо алып келет.

О.э. келишимде дагы эмнелер бар экени белгисиз. Бул келишим тузактан башка нерсе эмес. АКШ 2001-жылы Афганистанга киргенден бери 1 трлн доллар иштетип, аскерлерин курман кылып Талибанды жеңе албады (жеңе албайт эле). АКШ аскердик жактан жеңе албай, алдоо жолуна өттү. Бул келишим Афганистандагы АКШ таасири үчүн «спасательный круг» болууга жарайт. Трамп Ак үйдө өз командасы менен шат болуп, сүйүнүп жаткан чыгар. Себеби бул келишим АКШ үчүн абдан пайдалуу болду.

АКШны да СССРди кууп чыккандай кууп чыгуу керек.

«Афганистан – империялар көрүстөнү»…

Макала Temir Ismail таандык

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here