Россия Канттагы базада учкучсуз авиация отрядын түздү

228
0

Россия Канттагы базада учкучсуз авиация отрядын түздү

 Россиянын Канттагы аскер базасында кыска жана орто аралыктагы учкучсуз авиация отряды түзүлдү. Бул тууралуу Россиянын Борбордук аскер округунун командачысы Александр Лапинге таянып, россиялык маалымат каражаттары кабарлашты.

 Кабарда келишинче, аталган отрядда орто аралыкка сокку берүүчү “Форпост” жана кыска аралыкка ылайыкташкан “Орлан-10” учкучсуз аппараттары жайгаштырылган.

Лапин бул комплекстер Россиянын Сириядагы аскерий операцияларында колдонулуп, жакшы жыйынтыкка жетишкенин билдирген.

 Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бул маселе боюнча комментарий бере элек.

Комментарий: Февраль айынын башында РФ коргоо министринин орунбасары Николай Панков Россия Кыргызстандагы аскерий базасына Абадан кол салуудан коргонуучу комплекс жайгаштырмакчы экендигин жана “ушул иштин алкагында жакынкы күндөрдө учкучсуз авиация бөлүмдөрүн түзүп, Россиянын бириктирилген аскерий базасы курамына киргизүүнү пландаштырып жатабыз”, – деген эле.

  Панков бул тууралуу Мамлекеттик Думада Россия менен Кыргызстандын Канттагы аскер базасынын макамын жана ал жерде жайгашуу шарттары боюнча протоколду ратификациялоо боюнча сүйлөгөн сөзүндө айткан.

  Белгилүү болгондой, февраль айынын  башында АКШнын мамлекеттик катчысы Помпео Казакстан жана Өзбекстанга келип кеткен соң АКШ мамлекеттик департаменти жаңы программасын жарыялаган. Программада, Европа, Евразия жана Борбор Азияда Россиянын дезинформациясы жана пропагандасына каршы туруу, анын зыяндуу таасиринен коргонуу үчүн 763,8 миллион доллар өлчөмүндө жардам берүү о.э. 24 миллион доллар өлчөмүндө анык максаттарда каржылоо (түрдүү маалымат каражаттарын колдоо көрүнүшүндө жардам берүү) каралган. 

 Помпеонун ал сапарынан кийин АКШ жана Россиянын региондогу таасир талашуусу жаңы баскычка көтөрүлдү. Буга чейин АКШ орустун таасирине каршы негизинен мамлекеттик эмес уюмдарды колдоо аркылуу күрөшүп келген болсо, эми расмий бийликтерди ачык эле Россияга каршы багыттай баштады.

 Жогорудагы сапары учурунда Помпео: “…Алар Кытай жана Россиянын таасири бар аймакта жайгашкан. Биз алар аткаруусун каалап жаткан, Америка бул жерде кылып жаткан иш алардын туура чечимдерди кабыл алуу жөндөмүн, мыйзамдар негизинде ачык-айкын башкарууга жетишүүсүн колдоп-кубаттоо”,- деген эле. 

 АКШнын Борбор Азияга мындай көңүл буруусу, Россияны ага каршы чараларга үндөшү табигый көрүнүш. Россия ошол себептен да региондогу аскерий аралашуусун күчөтүүгө умтулууда. Ал үчүн эң ыңгайлуу жол Кыргызстан жана Тажикстандагы аскерий базаларын күчөтүү о.э. өзүн региондогу тынчтыктын кепилдиги катары көрсөтүү. 

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here