Кезектеги жалган жалаа жана куру доомат
«Сводка» (АКИpress) таркатышынча, “Пригородный” айылынан экстремисттик материалдарды даярдоо жана таркатууга шектелип бир киши кармалган. Бул тууралуу Чүй ИИБ пресс-катчылыгы кабар бергендигине шилтеме жасалган.
Шектүүнүн үйүн тинтүүдө
– Тыюу салынган уюмдун идеялары жазылган блокнот, дептер, китеп, ноутбук;
– Хизбут-Тахрир деп жазылган байрак;
– «Юнкер» автоматы, «Леворвер РС-3» пистолети жана 9 бычак
алынганы айтылган.
Биз бул орунда шектелген адамдын ким экендигине токтоло албайбыз, анткени, ал тууралуу такталган маалыматтарыбыз жок. Бирок, бул маалыматта орун алган айрым куру дооматтар ордун көрсөтө кетмекчибиз.
Мында “тыюу салынган уюм” дегенде кайсы уюм экендиги айтылбаган. Бирок, анда Хизбут-Тахрир исламий саясий партиясына жалган жалаа жабууга аракеттер бар. Себеби, расмий маалыматта “Хизбут-Тахрир байрагы” кошо айтылып жатат. Негизи, алынган буюмдардын сүрөттөрүндө “Хизбут-Тахрир” деген байрак жок. Анда Саудия байрагынын кара түстөгүсү тартылган. О.э. алынган куралдарды да Хизбут-Тахрир партиясына жабыштырууга урунуу бар. Мындай ыфлас ыкма мурунтан колдонулуп келген ыкмалардан. Негизи, Хизбут-Тахрир исламий саясий партиясы эч кандай куралдуу аракеттер алып барбашы бүткүл дүйнөгө белгилүү.
Учурда социалдык тармактарда улуттар аралык, региондор аралык, диндер аралык кастыкты козуткан материалдар жайнап жүрөт. Алардын авторлору ээн-эркин иш алып барышууда. Алардын айрым аша чапкандары колго алынса да, бирок, эскертүү алуу менен гана “жазаланып”, кайрадан иш-аракеттерин улантышууда. Ал тургай, аларды “сөз эркиндигине” жамынып, коргоп чыккандар болууда. Булардын каршысында, Хизбут-Тахрир көтөрүп чыккан нукура исламий идеялар “экстремисттик” эсептелген бойдон калууда.
Исламий саясий Хизбут-Тахрир партиясынын иш жүргүзүүсүнө, алгач, Кыргызстанда Акаев доорунда тыюу салынган. Мында Кыргызстан бийлиги Россия бийлигине малайлыгын билдирип, Хизбут-Тахрирди экстремисстик уюм деп тапкан. Анткени, ошол 2003-жылы 14-февралда, РФда да Хизбут-Тахрир террористтик уюм деп таанылган.
Негизи, “экстремизм” батыштык колонизтор кафир державалар ойлоп тапкан термин. Ошентсе да, бирок, ага эл аралык деңгээлде так аныктама берилбеген. О.э. ар бир мамлекеттин экстремизмге карата берген улуттук-юридикалык аныктамалары да ар кыл.
Мисалы, 2001-жылы кабыл алынган Шанхай Кызматташтык уюмунун аныктамасы менен 2003-жылы кабыл алынган Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын резолюциясында берилген аныктама өз ара айырмаланат.
Кыргызстан да Россия жана Кытай кафир державалары түзгөн ШКУ уюмуна мүчө болгондуктан, бул уюмдун экстремизмге карата аныктамасын айта кетели:
– Тараптардын улуттук мыйзамчылыгында кылмыш катары каралган, бийликти күч менен алууга же күч менен кармап турууга; мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө; коомдук коопсуздукка кол салууга, алардын катарында, жогоркудай максаттарда мыйзамсыз куралдуу курамдарды уюштурууга же аларга катышууга багытталган кайсы бир иштер – экстремизм деп аталат. |
ШКУнун аныктамасынан алганда
– Акаевдин аксылык жарандарды атканы – бийликти күч менен кармап турууга багытталган иш болгондуктан – экстремизм
– Бакиевдин бийликке келиши жана кетиши – Бийликти күч менен алууга жана күч менен кармап турууга багытталган иш болгондуктан – экстремизм
– Убактылуу өкмөттүн бийликке келиши да – бийликти күч менен алгандыктан – экстремизм
– Азыр иши тергелип жаткан Атамбаевдин акыркы аракеттери да экстремизм эсептелмек.
Булардын каршысында, исламий саясий Хизбут-Тахрир партиясы – кафирлердин ушул аныктамасынан алганда да – эч кандай экстремисттик иш-аракеттерди алып барган эмес. Негизи, Хизб кафирлердин мындай токума атамасын тааныбайт да, тан албайт.
Анткени, Хизбут Тахрир исламий саясий партия болуп, ал эч качан күч колдонуучу иш-аракеттерге барбайт. Ал жалаң гана фикрий-саясий күрөш алып барат. Хизбут Тахрирдин күч колдонбогону – анын өкмөттөн корккондугунан эмес. Балким, Хизб – Аллах Таала айткандай, Расулубуз Мухаммад A көрсөткөндөй жолду кармангандыктан – ишмердүүлүгүндө эч качан күч колдонууга өтпөйт. Анткени, Расул A Мадинада мамлекет тикеленгенге чейин жалаң гана фикрий-саясий күрөш алып барган. Расул Акрам A жана анын сахабалары бул баскычта өздөрүнө жеткен тоодой азарларга аскадай бекемдик менен сабыр кылышкан.
Ошондуктан, кафирлер малайларынын репрессиячыл аракеттери Хизб жигиттеринин эркин эч качан сындыра албайт. Тескерисинче, кайратыбызды курчутуп, кадамдарыбызды бекемдейт. Биз Аллахтын жолунда – жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпостон – Исламий жашоону кайра алып келүү деген сыймыктуу ишибизди уланта беребиз, инша Аллах.
Туркистон