Москвада Таблиг жамаатынын жети мүчөсү кармалды

378
0

Москвада Таблиг жамаатынын жети мүчөсү кармалды

 Москва шаары жана Москва облусунда Таблиг жамаатынын мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Федералдык коопсуздук кызматы кабарлады.

 Кабарда келишинче, аталган жамааттын үч жетекчиси жана активдүү төрт мүчөсү кармалган. Алар жарандарды уюмга тартуу иштери менен алектенген. Алар жарандар арасында Таблиги жамааттын идеяларын таратышкан. Ячейканын мүчөлөрү Борбор Азиядан келген мигранттар экендиги белгилүү болгон.

Кармалгандардын үстүнөн кылмыш иши козголду.

 Комментарий: Тарыхта да, бүгүнкү күндө да Ислам жана мусулмандарга каршы душмандык менен күрөшкөн жана күрөшүп келе жаткан орус өкмөтү аталышы Исламга тиешелүү болгон ар кандай аракет жана уюмдарга эч кандай негизсиз жалган жалаалар менен тыюу салды. Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө исламий аракеттердин мүчөлөрүн – саясий болобу, же Таблиг жамааты сыяктуу саясатка аралашпай, адамдарды жалаң гана ибадат, адеп-ахлакка чакыруучу аракеттер болобу айырмасыз – көптөгөн жылдарга эркинен азыратып, абактарда мусулмандарга карата адам чыдагыс кыйноо жана жазаларды колдонуп келет.

 Кыргызстан бийлиги да Россиянын басымы астында Таблиг кыймылына тыюу салууга бир нече жолу аракет кылып көрдү. Себеби, Кыргызстан мүчө болгон ШКУ жана ЖККУ сыяктуу уюмдарга мүчө болгон бардык мамлекеттерде исламий башка жамааттардын катарында Таблиг жамаатына да тыюу салынган. Бирок, Кыргызстан мусулмандарынын Таблиг жамаатына карата жылуу мамилеси өкмөттүн бул уюмга тыюу салышына тоскоолдук кылды. А бирок, кыргыз бийлигинин мындай чегиниши убактылуу чара болушу да мүмкүн. Ислам жана мусулмандарга каршы колунан келишинче күрөшүп жаткан Россия жана Кытай мамлекеттери Кыргызстан өкмөтүнөн олуттуураак талап кыла турган болсо, бул маселе кайрадан көтөрүлүшү мүмкүн. Себеби, ал куфр мамлекеттер бирер исламий кыймылга каршы эмес, бүтүндөй Ислам динине, анын кайрадан турмушка кайтып келишине каршы күрөшүүдө. Бул күрөштө болсо алар Исламга тиешеси бар бирер кыймылды көз жаздымда калтырышпайт. Алар үчүн исламий кыймылдар саясий болобу, же адеп-ахлак жана ибадатка гана чакыра турган уюмдар болобу айырмасы жок. Ошондуктан да мусулмандар – куфрдун айла-амалдарына алданбастан, алар ойлоп тапкан жасалма атамаларга ишенбестен – биригиши, бири-биринин тагдырына кайдыгер болбошу, “өкмөт мага тийишпей жатат го” деп кадыржам болбостон Ислам өнүгүүсү үчүн биримдикке аракет кылышы зарыл. 

“Албеттебардык момундар бир тууган” (Хужурат сүрөсү, 10-аят).

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here