Алайда никеден соң беш адам соттолду
Чоң-Алай райондук соту 16 жаштагы кызын турмушка берген ата-энени, күйөөсүн жана анын ата-энесин нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн эки жыл алты айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз катчылыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кыз күйөөгө өз эрки менен чыккан жана ортодо кызы бар экендиги тууралуу көрсөтмө берген. Мындан улам бир жылга чейин пробациялык көзөмөл дайындалган. Ал эми нике кыйган имам каза болгондугуна байланыштуу жаза белгиленбеген. 16 жаштагы кыз күйөөсү менен никеге 2018-жылы турган. Жубайлар ата-энелердин макулдугу менен баш кошушкан.
Белгилей кетсек, 2016-жылы Кыргызстанда никеге туруунун расмий курагы – 18 жаш деп мыйзам менен бекитилген. Бул мыйзамды бузгандарга үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыраткан жаза чарасы каралган. 2019-жылдын июнь айынан тартып Кыргызстанда имамдар баш кошкон жарандарды нике журналына каттай баштаган. Түпкүлүгүндө бул мыйзам долбоору Ислам шариятына каршы кабыл алынган. Анткени, шариятта кыз турмушка чыгышы үчүн шарият өкүмдөрү жүктөлө тургандай акылга ээ болушу керек. Бирок, ошондой акылга 18 жашта толот деген эреже эч бир жерде жок. Тескерисинче, балагатка жеткен пенде кем акыл болбосо эле, анда ал никеге жарактуу эсептелет. Ал эми демократтардын эрежесине салсак, намаз окуш, хижабданыш ж.б.лар үчүн да 18 жашка чыгуу керек болуп калабы? Мындан тышкары, бүгүнкү күндө 6-класстан тарта кыз-балдар зынага барып жаткан фактылар катталган. Демек, жогорудагы мыйзам мындай бузукулукту токтотууну да максат кылган эмес. Тескерисинче, никесиз байланыштын көбөйүүсүнө багытталган. Анткени, демократиялык түзүмдө пайда гана өлчөө болуп, адамдардын дене ырахатын кандыруу негизги максат катары каралат. Андыктан, мындай бузукулукту токтотуп, үй-бүлө институтун бакубаттык негизине кура турган Исламдагы ижтимаий түзүмдү үйрөнүп, аны ишке ашыра турган Исламий мамлекетти курууга аракет кылалы!
Мумтаз
Маверанахрий