Логистикалык борбор курулбай турган болду

319
0

Логистикалык борбор курулбай турган болду

 17-февралда Ат-Башыда логисткалык борбор куруу жөнүндөгү келишим жокко чыгарылды.

 Бул тууралуу “Нарын” эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Артур Байтереков кабарлады.

 “Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” компаниясынын Индустриалдык-соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоорду жабуу чечимине байланыштуу аянты 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылды. Учурда биз буга чейин айыл чарба жоготууларынын ордун толтуруу иретинде инвестор төлөгөн 43 миллион сомдон ашуун акчаны кайтаруу жөнүндө өкмөткө кат даярдап жатабыз”, – деген Артур Байтереков.

 17-феврала ушундай эле маанидеги билдирүүнү «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» ишканасы да таратты. Анда маалымдалгандай, ишкана Ат-Башыдагы индустриалдык-соода-логистикалык борбордун курулушуна 280 млн. доллар сарптамак. Бул акча компаниянын жеке ресурсунан бөлүнүп, мында кыргыз өкмөтүнүн эч кандай кепилдиги болгон эмес. Бардык тобокелдиктерди компания өз мойнуна алган.(Булак, “Азаттык”)

 Комментарий: Ат-Башыда жергиликтүү тургундар соода-логистикалык борбор курулушуна, башкача айтканда, 200 гектар жер логистикалык борбор куруу үчүн 49 жылга ижарага берилишине каршы чыгышты. Райондун тургундары логистикалык борбор курууну жокко чыгаруу талабы менен бир нече жолу митинг өткөрүштү. Бийлик адамдарды тынчтандыруу үчүн бир топ аракеттерди көрдү, тынчтык митингине катышкан  жана сөзгө чыккан адамдарды коркутуп да көрдү. Ал тургай, премьер-министр митингчилерди “ай сайын 150 миллион сом силерге калат” деп азыгырып да көрдү. А бирок, нааразылыкка чыккандар талабынан баш тартышпады. 17-февралда логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг болуп, анда төмөнкүдөй резолюция кабыл алынды:

– Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагына караштуу 200 гектар жерди «Нарын» эркин экономикалык аймагына (ЭЭА) ижарага берген өкмөттүн токтому жокко чыгарылсын.

 – «Нарын» ЭЭАсы менен «Нур-Строй» компаниясынын ортосундагы келишим жараксыз деп табылсын.

 – Ат-Башы районунун аймагында ушул сыяктуу иштерди аткаруу жана кен байлыктарын иштетүү маселеси элдик жыйындарда чечилсин.

 – Эл менен эсептешпей, өзүм билемдик менен буйрук чыгарган Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагынын башчысы Канатбек Стамакуновго катуу эскертүү берилсин.

 – Элдин жыйындарда чыгып сүйлөгөн жарандарды укук коргоо органдары коркутуп-үркүтпөсүн. Алардын туугандарына, аялдары менен балдарына коркутуу токтотулсун.

 О.э. митингчилер “эгерде ушул талаптар эки жуманын ичинде аткарылбаса, реалдуу кадамдарга барабыз” деп эскертишкен.

 Жергиликтүү тургундардын бекем позициясы өкмөттү чегинүүгө мажбурлады. А бирок бул чалгытуучу кадам болуп, адамдардын кытайлык компанияларды жек көрүүсү бир аз басаңдашы менен өкмөт бул долбоорду кайрадан ишке ашырууга киришүүсү мүмкүн.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here