Орусия Канттагы авиабазасына жаңы техникаларды орнотот

399
0

Орусия Канттагы авиабазасына жаңы техникаларды орнотот

Орусия Кыргызстандын Кант шаарындагы авиабазасына аба соккуларынан коргой турган техника орнотот. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, мындай аракеттер Канттагы базанын макамы жана анын жайгашуу шарттарынын өзгөрүүсүнө байланыштуу.

Буга чейин Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанда өткөн мамлекеттик сапарынын алкагында Канттагы база боюнча келишим жаңыртылган. Келишимге ылайык, базанын аянтын кеңейтүү жана учкучсуз аппараттарды колдонуу эрежелерине өзгөртүү киргизилген. Мындан тышкары, Орусия Чалдыбардагы байланыш түйүнүнүн аянтын 811,2 гектардан 851,2 гектарга чейин, Караколдогу сыноо базасынын аянтын 55 гектардан 73,3 гектарга чейин кеңейтип, жалпысынан бирдиктүү орус базасынын аянтын 58,3 гектарга чоңойтууга протокол түзүлгөн. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан 6 миллиард 135 миллион долларлык 53 инвестициялык жана соода макулдашуулары бекитилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Орусия негиздеген аскердик жактан “Жамааттык кызматташтык боюнча келишим уюмуна”, экономикалык жактан “Евразия экономикалык биримдигине”, саясий тараптан “Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги” уюмуна мүчө. Демек, Кыргызстан дээрлик Орусиянын таасири астында иш алып барат. Буга кошумча, учурдагы бийлик толугу менен Орусиянын жетегинде саясат жүргүзүүдө. Бул өз кезегинде АКШ сыяктуу Батыш колонизаторлорунун каарын келтирип, Кыргызстандын кара тизмеге кирүүсүнө себеп болуп жатат. Маселен, АКШ Кыргызстан жарандарына виза берүүнү чектеди. Бүткүл дүйнөлүк соода уюму болсо “ЕАЭБ”ге кирүүдө уюмдун эрежелерин бузгандыгыбызды шылтоолоп, айып салганы турат.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан аңгектен качса дөңгөккө кептелгендей абалда күн өткөрүп жатат. Албетте мындай тушалган абалдан чыгуунун жападан жалгыз жолу өз Исламыбызга кайтууда. Тагыраагы, үммөттү Ислам нуру менен гана бириктирип, жогорудагы колонизаторлорго каршы тура алабыз!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here