Казакстанда чыккан чыр токтолуп, андан ары ырбатылбашы керек

392
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Казакстанда чыккан чыр токтолуп, андан ары ырбатылбашы керек

Кече бүткүл Орто Азия бойлоп бир суук кабар желдей тарады. Анда Казакстандын Кыргызстан менен чектеш Кордай районуна караштуу айрым айылдарында, казак жана дунган улутуна таандык мусулмандардын өз ара кагылыша кеткени кабарланды. Маалыматка ылайык, анда он адам набыт болуп, дагы жүздөгөн адамдар жаракат алышкан о.э. миңдеген адамдар Кыргызстанга качып өтүшкөн.

Мына ушундан кийин, бул окуяга карата түрдүү тараптардан ар кыл позициялар билдирилип, ар кандай иш-чаралар көрүлүүдө. Биз мында, баарыбыз мусулмандарбыз деген этибарда, бардыгыңыздарды исламий позицияны карманууга жана анын негизинде аракеттер алып барууга чакырабыз.

1. Эң биринчиден, биз мусулмандар катары, бардыгыбыз мындай кылмыштуу окуяны каралашыбыз керек. Анткени, Аллах Таала айтат:

﴿مَنْ قَتَلَ نَفْسًا بِغَيْرِ نَفْسٍ أَوْ فَسَادٍ فِي الْأَرْضِ فَكَأَنَّمَا قَتَلَ النَّاسَ جَمِيعًا﴾

«Кимде-ким бир да жанды өлтүрбөгөн жана жерде бузукулук кылып жүрбөгөн адамды өлтүрсө, кудум бардык адамдарды өлтүргөндөй болот»

Расулуллах ﷺ мындай дейт:

«لاَ ضَرَرَ وَلاَ ضِرَارَ فِي الْإِسْلاَمِ»

«Исламда зыян көрүү да, зыян жеткирүү да жок».

«كلُّ الْمُسْلِمِ عَلَى الْمُسْلِمِ حَرَامٌ دَمُهُ وَمَالُهُ وَعِرْضُهُ»

«Ар бир мусулмандын каны, малы жана намысы башка мусулманга арам».

Набий ﷺ дагы айтат:

«إِذَا الْتَقَى الْمُسْلِمَانِ بِسَيْفَيْهِمَا فَالْقَاتِلُ وَالْمَقْتُولُ فِي النَّارِ»

«Качан эки мусулман бир-бирине кылыч көтөрүшсө, өлтүргөн да, өлтүрүлгөн да тозокто».

2. Бардык мусулман бир туугандарыбызга Исламыбыз бизге улутчулдук кылууну харам кылгандыгын эстетебиз.

Расулуллах ﷺ айтат:

«لاَ فَرْقَ لِعَرَبِيٍّ عَلَى أَعْجَمِيٍّ إلاَّ بِالتَّقْوَى»

«Арабдын ажамдан айырмасы жок, таквасында гана айырмасы бар».

Демек, биз, кайсы улуттан болбойлу – казакпы, дунганбы, кыргызбы, өзбекпи, түркмөнбү же тажикпи, айырмасыз – бири бирибизден улутчулдук негизиндеги кандайдыр бир сыпаттар менен абзел да, кем да болбойбуз. Балким, ырас мусулман экенбиз, айырмабыз таквада гана болот.

Аллах Субханаху ва Таала айтат:

﴿إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَة﴾

«Албетте момундар (бири-бирине) бир тууган»

Расулуллах ﷺ айтат:

«وَمَنْ قَاتَلَ تَحْتَ رَايَةٍ عِمِّيَّةٍ يَغْضَبُ لِعَصَبَةٍ أَوْ يَدْعُو إِلَى عَصَبَةٍ أَوْ يَنْصُرُ عَصَبَةً فَقُتِلَ فَقِتْلَةٌ جَاهِلِيَّةٌ..»

«Ким асабият-улутчулдук жолунда кыжырданып, ага чакырып же ага жардам берип, жахилият байрагы астында согушуп өлсө, жахилият өлүмүндө өлүптүр».

Расулуллах ﷺ дагы мындай деген:

«لَيْسَ مِنَّا مَنْ دَعَا إِلَى عَصَبِيَّةٍ»

«Кимде-ким асабиятка (улутчулдукка) чакырса, бизден эмес».

3. Аллах харам кылган мындай жаңжал тезинен токтотулушу керек жана мындан ары ырбап кетишине жол берилбеши керек.

Аллах Субханаху айтат:

﴿وَمَنْ يَقْتُلْ مُؤْمِنًا مُتَعَمِّدًا فَجَزَاؤُهُ جَهَنَّمُ خَالِدًا فِيهَا وَغَضِبَ اللَّهُ عَلَيْهِ وَلَعَنَهُ وَأَعَدَّ لَهُ عَذَابًا عَظِيمًا﴾

«Ким атайылап бир момунду өлтүрсө, анын жазасы жаханнам, ал ошол жайда түбөлүк калат. Жана ал Аллахтын казабына жана наалатына дуушар болот, Аллах ал үчүн улуу азапты даярдап койгон»

Пайгамбарыбыз :

«لاَ تَرْجِعُوا بَعْدِي كُفَّارًا، يَضْرِبُ بَعْضُكُمْ رِقَابَ بَعْضٍ»

«Менден кийин бири-бириңерди өлтүрүп, куфрга кайтып кетпегиле», – деди.

Ошондуктан, ар ким бар мүмкүнчүлүгү менен чырдашкан бир туугандардын ортосун оңдоп коюуга урунуулары керек. Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوةٌ فَأَصْلِحُوا بَيْنَ أَخَوَيْكُمْ وَاتَّقُوا اللهَ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ﴾

«Чындыгында момундар бир туугандар! Ошондуктан, бири-бириңердин ортоңорду оңдогула. Аллахтан корккула, ажеп эмес, Анын ырайымына жетишсеңер»

4. Окуядан жабыр тарткандарга карата мамиле

Аларга карата жакшы мамиледе болуубуз керек. Себеби, биз бир үммөттүн, Исламий Үммөттүн перзенттерибиз. Ортобуздагы чегараларды болсо, колонизаторлор бизди алсыратуу үчүн тузак кылып тартышкан.

Расулуллах ﷺ айтат:

«مَا مِنِ امْرِئٍ يَخْذُلُ امْرَأً مُسْلِماً عِنْدَ مَوْطِنٍ تُنْتَهَكُ فِيهِ حُرْمَتُهُ وَيُنْتَقَصُ فِيهِ مِنْ عِرْضِهِ إِلاَّ خَذَلَهُ اللَّهُ عَزَّ وَجَلَّ في مَوْطِنٍ يُحِبُّ فِيهِ نُصْرَتَهُ، وَمَا مِنِ امْرِئٍ يَنْصُرُ امْرَأً مُسْلِماً في مَوْطِنٍ يُنْتَقَصُ فِيهِ مِنْ عِرْضِهِ وَيُنْتَهَكُ فِيهِ مِنْ حُرْمَتِهِ إِلاَّ نَصَرَهُ اللَّهُ في مَوْطِنٍ يُحِبُّ فِيهِ نُصْرَتَهُ»

«Кимде-ким бир мусулман кишинин урматы тебеленип жаткан жана ар-намысы кемсинтилип жаткан орунда жардамсыз таштап койсо Аллах Азза ва Жалла аны да жардамга муктаж болуп турган орунда жардамсыз калтырат. Кимде-ким бир мусулман кишиге урматы тебеленип жаткан жана ар-намысы кемсинтилип жаткан орунда жардам берсе Аллах Азза ва Жалла ага да жардамга муктаж болуп турган орунда жардам берет».

Бийлик жабыркагандардын өз жайларына кайтуусун кепилдеп бериши керек. Расулуллах айтат:

«الإمَامُ رَاعٍ وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

«Имам башкаруучу жана ал өз жарандарынан жоопкер».

Турак-жайда жашоо – Ислам адамзат үчүн кепилденген шаръий укук. О.э. бийлик ал жарандарынын коопсуздугун камсыздап берүүгө милдетүү. Расулуллах айтат:

«مَنْ أَصْبَحَ مِنْكُمْ آمِنًا فِي سِرْبِهِ مُعَافًى فِي جَسَدِهِ عِنْدَهُ قُوتُ يَوْمِهِ فَكَأَنَّمَا حِيزَتْ لَهُ الدُّنْيَا»

«Ким өз жамаатында тынч, дени сак жана бир күндүк тамагы болгон абалда таң аттырса, анда ага дүйнө толук берилиптир».

Бул иш-чаралардын бардыгы – Аллах ушуга буйруган – деген ниетте болушу керек. Болбосо, сооп жок. Эгер шариятты кармануудан башка максаттагы кызыкчылыктар үчун кылынса, анда күнөө болот.

5. Бул окуя АКШ, Россия, Кытай колонизаторлору Орто Азияны талашуусунун жаңы баскычына киргенинде болууда. Негизи, колонизторлор өз ээликтерин бекемдөө же биринин ээлигин экинчиси тартып алуу иштеринде мына ушундай улуттар аралык чыр-чатактар чыгаруу, чегара жаңжалдарын жалындатуу сыяктуу ыкмалардан пайдаланып келишет. Андыктан, мусулмандар алардын фитналарына түшүп калбоолору керек.

Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تُطِيعُوا الَّذِينَ كَفَرُوا يَرُدُّوكُمْ عَلَى أَعْقَابِكُمْ فَتَنْقَلِبُوا خَاسِرِينَ * بَلِ اللَّهُ مَوْلَاكُمْ وَهُوَ خَيْرُ النَّاصِرِينَ﴾

«Эй момундар, эгер кафирлерге итаат кылсаңар, (алар) силерди артыңарга (куфрга) кайтарышат да, зыян көрүүчүлөргө айланып каласыңар. Жок, (бир гана) Аллах кожоңор жана Ал эң жакшы нусрат-жардам берүүчү»

Биз кафир колонизторлордун фитна торлоруна чалына бербестен, тескерисинче, аларга каршы күрөшүүбүз керек. Расулуллах ﷺ мындай дейт:

«اَلْمُسْلِمُ أَخُو الْمُسْلِمِ يَسَعُهُمَا الْمَاءُ وَالشَّجَرُ، وَيَتَعَاوَنَانَ عَلَى الفَتَّانِ»

«Мусулман – мусулмандын боордошу, суу жана дарак экөөсүнө тең жетет, экөөсү тең фитначыга каршы бири-бирине жардам беришет».

Урматтуу мусулмандар, бул ушул окуяга карата учурда карманышыбыз зарыл болгон исламий позициялар баяны болду.

Ал эми мындай фитналардан биротоло кутулуу үчүн болсо, бардыгыбыз өз Исламыбызды үйрөнүүгө талпынышыбыз керек. Ар ишибизде шарият өкүмдөрүн бекем карманышыбыз зарыл. Эгер өз Исламбызга кайтпасак, мындай улутчулдук, мекенчилдик сыяктуу илдеттердин курмандыктары болуп жүрө беребиз. Өз Исламыбызга кайтсак, исламий акыйда адамдарды – өңүнө, тегине, улутуна, мекенине карабастан – диндеш бир туугандарга айландырат. Ислам түзүмүн колдонуучу мамлекет болсо, колонизаторлорду бүтүндөй кууп чыгат жана алардын фитналарына биротоло чек коёт.

Хизб ут-Тахрир                                                                          15-жумадус-саний, 1441-х

Кыргызстан                                                                                              9-февраль, 2020-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here