Шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды

432
0

Шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, конституциялык мыйзамдын 64-беренесинде келген 9 пайыз деген санды 7 деген санга алмаштыруу, башкача айтканда парламентке шайлоо үчүн 9 пайыздык чекти 7 пайызга түшүрүү жөнүндө сунуш киргизилип жатат.

Буга чейин ушул эле чакырылыштын депутаттары Жогорку Кеңешке партиялардын өтүү чегин 7 пайыздан 9 пайызга көтөргөн мыйзам долбоорун 2017-жылы кабыл алышкан.

Кыргызстанда 2020-жылда өтө турган парламенттик шайлоого даярдыктар кызуу жүрүп жаткан учур. Мындан улам, жетекчи топ коомдук чыңалууну басаңдатуу үчүн аракеттерди көрө баштады. Анткени, учурдагы бийлик толугу менен Орусиянын таасири астында иш тутуп жатат. Бул өз кезегинде АКШ кадрларынын парламентке көбүрөөк кирип келишине тосук болуп эсептелет. Мындай тоскоолдукту жоюу үчүн АКШ тарабынан маалыматтык чабуулдар жасалып, бейөкмөт уюмдар аркылуу коомдук пикир жаратууга, бийликке каршы маанайды калыптандырууга аракеттер көрүлүп жаткан.

Демек, жогорудагы мыйзамга өзгөртүүгө болгон сунушту дал ушул чыңалуунун алдын алуу жана бийликчил партиялардын келиши үчүн салыштырмалуу жогорку чектин сакталып калышын камсыздоого каратылган чара катары түшүнсөк болот.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here