Чавушоглу түрк режими сыяктуу Шам козголоңун алдап, ага тузак коюуда

358
0

Чавушоглу түрк режими сыяктуу Шам козголоңун алдап, ага тузак коюуда

«Шаркул Авсат» сайты хижрий 1441-жылы 22-жумадул-аввал, миладий 2020-жылы 17-январь күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Кече Түркия тышкы иштер министри Чавушоглу өз билдирүүсүндө Идлибдеги акыры окуялардын өнүгүүсү жөнүндө сүйлөп, Сириядагы саясий жараянда ок атууну токтотуу абдан маанилүү экенин баса белгиледи. О.э. ал оппозиция Сирия режиминин чабуулдарынан өзүн коргошу керек», – деди.

Чавушоглу Сирия режими ооруканаларды, мектептерди бомбалоо аркылуу көптөгөн катардагы адамдарды өлтүрүп, ал жердеги адамдарды турак-жайларын таштап качууга мажбур кылганын, режим Идлибде аскерий чечимге жетүүгө ишенип жатканын айтты».

Роя гезити:

Чавушоглунун Сириядагы түрк режимине ыктаган согушкер топторду өздөрүн коргошу керектиги жөнүндөгү бул сөздөрү насаат кылуудан башка эч нерсе кыла албай калган мээримдүү кишинин сөзү эмес. Жок, тескерисинче, бул сөз – Сириядагы элдин аракетин опузалоо жана саясий чечимдин бир бөлүгү катары, адамдарды жолдорду ачууга мажбур кылууга каратылган басым. Бул сөз согушкер топторду өздөрүн коргоого үндөгөн чакырык эмес. Анткени, топтор буга кудуреттүү болушса да, бирок, алардын эрки дале түрк режиминин колунда. Эгер, министрдин коргонуу чакырыгы ырас болгондо, коргонуунун эң жакшы жолу Жээкке чабуул кылуу экенин баары билет.

Шек-күмөнсүз, Чавушоглунун бул сөздөрү бир катар айла-амалдардын бири болуп, ал Сочи натыйжаларын колдонуу үчүн ташталып жаткан саясий кадам болуп эсептелет.

Чечим – Аллахка кайра байланууда жана башка алакаларды үзүүдө. Кала берсе, бардык калыс инсандар калыс аскерий жетекчи астында биригип, өз чечимине ээ болушу керек. Бул калыс жетекчи исламий акыйдабыздан алынган саясий долбоорду кабыл алып, канкор режимди кулатып, анын ордуна Ислам башкаруусун т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөгө жетекчилик кылат.

Роя гезити, №270, 2020жыл, 22январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here