Куту ичиндеги мунаса Эй мунасага келишкендер, бизге да, силерге да макул болгон бир сөзгө келгиле

354
0

Басма сөз баянаты

Куту ичиндеги мунаса

Эй мунасага келишкендер, бизге да, силерге да макул болгон бир сөзгө келгиле

Мухаммад Али сунуштаган документтин беренелери Мисир калкынын акыйдасын жана Ислам көлөкөсүндө жашоо жөнүндөгү каалоолорун тоотпоодо мурдагы конституциядан айырмаланбайт. Анда мамлекеттин илманийлиги ачык-айкын баса белгиленген. О.э. ал адилет, теңдик жана мыйзам үстөмдүгү жөнүндөгү күчтүү сөздөргө толо. Кудум Сисий жана Мубарак бул сыяктуу ураандарды көтөрбөгөндөй жана мыйзам үстөмдүгү жөнүндө сүйлөбөгөндөй. Демократия куру кыял экенине карабастан, Мубарак демократия менен өкүм жүргүзүп жатамын деп айткан. Демократияда бийлик элге берилбейт, капиталисттер өздөрү ээ болгон каражаттар аркылуу коомдук пикирди өз кызыкчылыктарына кызмат кыла турган тарапка бурушат. Бул, өлкөбүздө гана эмес, Европа жана Америкада да ушундай. Мисалы, Америкада республикачылдар же демократтар тандаган талапкерлер гана бийлик үчүн жарышат. Башкача айтканда, токтом ээлери капиталисттик түзүмдүн жүзү болушу үчүн тандаган киши мелдешет. Бул, өлкөбүздө орнотулган демократия, аны капиталисттик экономикалык түзүм гана колдонот. Себеби, бул түзүм ири компаниялардын жана капиталисттердин кызыкчылыгына кызмат кылат. Ошондуктан, Мисирдеги башкаруу түзүмү демократиялык жарандык түзүм деп баса белгилөө – биз эч качан алкактан чыкпайбыз, кутунун сыртында (белгиленген алкактан сырткарыда) пикирлебейбиз, өлкөбүздүн силерге болгон малайлыгын сактайбыз жана бизден мурдагылар кылгандай, силердин кызыкчылыгыңарды коргойбуз деп ири мамлекеттерди кадыржам кылуу. Себеби, жарандык мамлекет жана капиталисттик түзүмдү коргоо ооруну сактап калууну, өлкө байлыктарын Батышка талатууну жана муну мыйзамдаштырууну түшүндүрөт. Ырас, демократиялык жарандык түзүм турган соң, бул түзүмдүн аткаруучулары канчалык өзгөрбөсүн, кадыр-кыймат, адилеттик жана теңдик жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Ал тургай, алар адамдарга дастаркондон калган ушактарды ыргытып чалгытышса да, демократия өз мыйзамдары менен адам укуктарын кепилдебейт. Себеби, бул мыйзамдар өлкө байлыктарын талап-тоноого жол ачат жана аны мыйзамдаштырып берет. О.э. алар өлкөнү карыздар менен кишендейт, натыйжада өлкө экономикасы жана саясаты Батыш эркине байланып калат.

Ким Мисирди куткармакчы болсо, алкактын сыртында пикирлеши, Батыш койгон кутудан чыгышы о.э. иштерге Батыш дүйнө карашынан, чечимдеринен башка өңүттөн карашы керек. Мухаммад Али өз документинде таянган Батыш чечимдери жана эл аралык мыйзамдар өлкөбүз үчүн эмес, белгилүү бир мамлекеттердин кызыкчылыктарын кепилдөөгө багытталган. Бул мыйзамдар ошол мамлекеттердин кызыкчылыгына тескери келгенде, алар бекер кылынат жана буга мисалдар көп.

Ошондуктан, ким Мисир үчүн чынында эле жакшылык кылууну каласа, ушул капиталисттик түзүмгө каршы турган жана адамдардын проблемаларынын туура чечимин көрсөтүү аркылуу коррупцияга каршы күрөшкөн альтернатива хазарий долбоорду издеши керек. Өкмөттөгү адамдарды кулатуу маанилүү болсо да, бирок, режимди саясаты, куралдары, белгилери жана сакафаты менен бирге кулатуу керек. О.э. анын ордуна өз булагына жана чечимдерине ээ, инсандын нафси-каалоосуна моюн сунбаган, адамдарды бөлүп карабаган, аким, жаран, жакыр жана байга бирдей караган диний, тектик жана уруулук жактан бөлбөгөн түзүм кабыл алынышы зарыл. Мындай түзүм Исламдын хазарий долбоорунда гана бар. Ал мусулманга жана кайрымусулманга бирдей адилеттикти, кадыр-кыйматты, теңдикти жана эркиндикти кепилдеп берген өкүмдөргө ээ. Исламдын хазарий долбоору – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети. Хизб-ут-Тахрир силерди ушул долбоорду жүзөгө чыгаруу үчүн кызматташууга чакырат. Расулуллах ﷺ Нажран элчилерин ушуга чакырган. Бизге да, силерге да макул болгон сөзгө келгиле. Аллах жана Расулуна кайрылалы, ортобузда шарият өкүм чыгаруучу болсун. Мисирге, анын калкына жана бүткүл Умматка карайлы о.э. анын кандай болгону жана кандай болушу жөнүндө ойлойлу. Ишеним менен айтабыз, Мисирге Исламсыз, анын түзүмүсүз, шариятысыз, өкүмдөрүсүз жана мыйзамдарысыз жакшылык жок. Ислам тарыхта Мисирди румдуктардын зулумунан куткарды, кадыр-кыймат жана эркиндик берди, румдуктар талап-тоногон байлыктарын кайтарды. Бүгүн Мисирди Батыштын зулумунан жана капитализминен о.э. карыздарынан Исламдан башкасы куткара албайт. Хизб-ут-Тахрир силерди ушул нерседе кызматташууга чакырат. Мисир жана анын калкы үчүн мына ушунда жакшылык бар. Андан башкасында жакшылык жок жана башкасы менен кызматташып болбойт. Андан жүз үйүрүү ийгиликсиздик жолуна кадам шилтөө, адамдардын каалоосуна ээрчүү жана кыйроолорду алып келген түзүмдү кармануу болуп эсептелет.

Мухаммад Али бул документ Мисирдеги оппозицияны жана улуттук күчтөрдү бириктирүү долбоору экенин айтты. Ал айтышынча, ал Мисирдеги бардык саясий агымдар менен жолугушкан. О.э. ал келишпестиктерден алыс, Мисирди куткарууда жана анын калкына эркиндик, кадыр-кыймат жана адилетти кайтарууда кызматташтыкка негизделген ортоктош аракет нукталарын пайда кылуу үчүн баары менен бирге иш алып барган. Ал Мисирди куткарууну каалап жаткандар үчүн кызматташууга чакырып жаткан бул документтин беренелерин жарыялады. Бирок, өкүнүчтүүсү, документтеги бардык пункттар Батыш дүйнө карашына ылайык жана анын мабдасына негизделип иштелип чыккан. Акыйкатта болсо, бул мабда өлкөбүздө өкүм жүргүзүүдө, ал түрдүү азап-кыйынчылыктарды жана кырсыктарды алып келди. Сисий, Мубарак жана башкалар ушул түзүмдүн мөмөлөрү. Кризисти Сисийдин өзүнө чектөө адамдарды алдоо жана түзүмдү өзгөртпөстөн адамдарды гана өзгөртүү болуп эсептелет о.э. проблема илманий демократияда эмес, аны колдонуп жаткандарда деп алдоо. Акыйкатта болсо, оору бардык бузукуларга жол ачып берип жаткан демократиянын өзүндө.

Билип койгула, Америка Мисирде таасирге ээ жана Мисир калкынын Исламга болгон сүйүүсү жогору экенин билет. О.э. ал өкмөт башындагы малайынын саясаты себептүү жарала турган нааразылыктар козголоңго айланып кетишинен жана башкарууга Исламды колдоно турган акимдер келип калышынан коркот. Ошондуктан, ал окуяларды алдын ала билип, күрөш тизгинин өзгөртүүгө аракет кылат. О.э. күрөштү илманийликке чулгайт, себеби, ошондо гана анын кызыкчылыктары кепилденет. Ал дагы, эгер түзүм анын каалоосусуз өзгөрсө, Мисир Исламды колдоно турган мамлекетке жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинин борбордук чекитине айланса, ал Мисир байлыктарына ээ болбой каларын анык билет. Ошондуктан, алар Мисир гана эмес, бардык исламий өлкөлөрдөгү байлыктарыбызды талап-тоноп жаткан колдорду кесе турган чыныгы Исламга каршы күрөшөт.

Сөзүбүздүн аягында ушуну айтабыз, токтом чыгаруу Кинана армиясындагы калыс кишилердин колунда. Эгер, алар Умматты жардамсыз таштап коюуну токтотуп, динине жардам беришсе о.э. дининен алынган, өзгөчө, Мисирге жана анын калкына, жалпысынан Умматка жана дүйнөгө жакшылыкты кепилдөөчү хазарий долбоорго жардам беришсе, муътадилдикти өзгөртүүгө күчү жетет. Бүткүл дүйнө капитализмдин жырткычтыгынан азап тартууда. Эй армиядагы калыс кишилер, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде Исламды колдонууга кудуреттүү болгон боордошторуңарга ансарлар сыяктуу жардам бергиле. Халифалык жер жүзүндө кайра адилеттикти орнотот, күчтөрдү теңдештирет жана Ислам Умматын дагы дүйнөгө өкүмдар кылат. Мына ошондо бул Уммат мурда адилеттикти жана жакшылыкты жайгандай, адамдарды капитализм зулумунан куткарат. Пайгамбарыбыз ﷺдын жана сахабалардын жолун ээрчигиле, ошондо Аллах Таала бизди жана силерди бул дүйнөдө жана Акыретте кадыр-кыйматыбызды бийик кылат. Эй Аллахым, нусратыңды жакын күндөрдө бергин.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُواْ لِلّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾

«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда, аны кабыл алгыла»                                                                             [8:24]

Хизб-ут-Тахрирдин Мисирдеги

маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here