Капитализм хазаратынын мөмөлөрү: мусулмандар АКШдагы мечиттерди коргоо үчүн кайгуул түзүшүүдө

390
0

Капитализм хазаратынын мөмөлөрү: мусулмандар АКШдагы мечиттерди коргоо үчүн кайгуул түзүшүүдө

«Ал-Жазира нет» сайты хижрий 1441-жылы 25-рабиус-саний, миладий 2019-жылы 22-декабрь күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Кошмо Штаттарда азчылыкты, алардын катарында, мусулмандарды жек көрүүгө байланыштуу кылмыштардын көбөйүп жатканы Нью-Йорк шаарында ондогон мусулман активисттерди мечиттерди жана исламий борборлорду коргоо үчүн ыктыярдуу кайгуул түзүүгө мажбур кылды.

Мындай чараларды көрүүгө Дональд Трамп бийликке келгенден бери күчөп жаткан жек көрүүгө тиешелүү кылмыштар жана АКШдагы саясий чөйрө себеп болду.

Ыктыярчылар кудум полиция кайгуулдары сыяктуу Нью-Йорктогу мусулмандар жашаган көчөлөрдө чабуул кылууну алдын алуу аракетин алып барышууда.

Ушул мусулмандарды коргоо кайгуулдарынын коомчулук менен байланыш башчысы Мухаммад Хан айтышынча, бул ыктыярчылардын кызматы тоскоолдук да, коргоо да болуп эсептелет. Алар уурулук же чабуул жасалышынын ыктымалы болгон жерлерде турушу кылмыштуулуктун алдын алган бирден-бир чара экенин баса белгиледи.

«Ар кандай адам күзөтчүлөрүбүздү жана полиция унаасы сыяктуу кайгуул унаабызды көргөндө кылмыш жасоодон мурда жакшылап ойлонуп көрө турган болот. Ошол эле убакта, биз үйсүздөрдү тамактандыруу жана кеңеш берүү сыяктуу көптөгөн кызматтарды көрсөтүп, коомубузга жардам берип жатабыз», – дейт Мухаммад Хан.

Бул жөнүндө адамдардын бири абал бир кыйла өзгөргөнүн айтып: «Учурда алар көчөлөрдү көзөмөлдөп жатышат, өзгөчө, эрте менен багымдат намазында күзөтчүлөр келишет жана бул чоң өзгөрүү жасады», – деди.

Нью-Йоркто 400дөн ашуун мечит ыктымалдуу чабуулдардын бутасы болууда. Полиция кээде намаз маалында алардан бир канчасын гана коргоп, калганы болсо коргоосуз калууда.

Туура, бул ыктыярдуу кайгуул Нью-Йорк шаарынын кээ бир жерлерине гана чектелди. Бирок, бул туурасында тартышуулар о.э. ыктыярчылар жана алардын кызматтарына карата күмөндөр айтылганына карабастан, бул иш чара шаардын калган бөлүктөрүнө да кеңейип барууда.

Роя гезити, №267, 2020-жыл, 1-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here