Индияда мусулмандардын жарандык жөнүндөгү мыйзамга каршы нааразылык демонстрациялары уланууда
«Франс 24» сайты хижрий 1441-жылы 1-жумадул-аввал, миладий 2019-жылы 27-декабрь күнү жарыялаган кабарда мындай делет:
«Жума күнү Индиянын бир нече штаттарында жарандык жөнүндөгү жаңы мыйзамга каршы нааразылык демонстрациялары өттү. Демонстрациялар өкмөт тарабынан каралган күчтүү коопсуздук чараларына карабастан уланды… Мисалы, Уттар Прадеш штатында интернетке чектөө коюлду… Өткөн аптада бул вилаятта зомбулуктар болгондон кийин күч органдары миңден ашуун кишини камакка алган, беш миң кишини убактылуу камакка таштаган. Бул нааразылыктардын башталышына, парламенттин жарандык жөнүндө кабыл алган жаңы мыйзам мусулмандар укугун бузат деп этибар кылынып жатканы себеп болду.
Андан кийин парламент 11-декабрь күнү кабыл алынган ушул мыйзамга каршы Индиянын бир нече штаттарында жума күнү демонстрациялар башталды, өкмөт көргөн коопсуздук чаралары демонстрацияны токтото албады.
Дели, Калькутта, Бангалор жана Мумбай шаарларында демонстрациялар жума намазынан кийин башталды. Зомбулук абалдары болгону айтылбады. Демонстранттар өкмөткө каршы ураандарды көтөрүп чыгышты о.э. ушул мыйзам бекер кылынмайынча басымды улантууга убада беришти. «Алар кембагалдарды, мусулмандарды жана аларга ыраазы болбогон кишини өлкөдөн кууп чыгарышмакчы», – деди Мунтазир Башир ысымдуу демонстрант».
Роя гезити:
Индия ушул мыйзам аркылуу миллиондогон мусулмандарга душмандык кылууда жана бул Индиянын жаңы кылымдагы өз жарандарына каршы жасап жаткан эң чоң тектик тазалоо амалияты болуп эсептелет. Мисалы, Индиянын түндүк-чыгышында жайгашкан Ассам штатында жашаган төрт миллион мусулман диний негизде бөлүү амалиятына туш келүүдө т.а. мушрик индус өкмөтү аларга Бангладештен келген мигранттар деп карап, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш деген нерсени шылтоолоп аларды жарандыктан ажыратууда. Негизи, бул мусулмандар Индияда төрөлүшкөн жана көпчүлүгү мамлекеттин аймагынан сыртка чыгышпаган. Учурда өкмөт алардын 1.9 миллионун жарандыктан чыгарды. Калган эки миллиондон ашуун мусулман да жарандыктан ажыроо алдында турушат. Индус өкмөтүнүн Ассам вилаятында алып барып жаткан мындай душмандык чаралары вилаяттагы бир гана мусулман калкына каратылган. Вилаятта жашаган жалпы 32.9 миллион адам каттоо үчүн документ тапшырган, өкмөт алардын 28.9 миллионун кабыл алган. Алар: индустар, буддисттер жана синхтер. Ал эми, калган төрт миллион мусулманды каттоодон баш тарткан.
Шек-күмөнсүз, Индиянын мусулмандарга карата зулум-зомбулугу бүткүл дүйнөдөгү мусулмандар башынан өткөрүп жаткан репрессия жана бастыруу саясатынын бир бөлүгү болуп, бул залим Батыштын мусулман өлкөлөрүндөгү колонизаторлук аракети. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык тикеленгенге чейин мусулман өлкөлөрү бул колонизаторлуктан азат болбойт, Ислам Умматы өз күч-кубатын кайра тикелей албайт. Рошид Халифалык Аллахтын шарияты менен өкүм жүргүзүп, мусулман армияларын аракетке келтирип, залимдердин мусулмандарга жана алардын байлыктарына сунган колдорун кесип салат.
Роя гезити, №267, 2020-жыл, 1-январь.