Талибан жакынкы күндөрдө АКШ менен тынчтык келишимине кол коюушу мүмкүн

837
0

Талибан жакынкы күндөрдө АКШ менен тынчтык келишимине кол коюушу мүмкүн

Талиптердин өкүлү Сухайл Шахин “Dawn” гезитине берген интервьюсунда: “Афганистандагы Талибан кыймылы январь айынын акырына чейин АКШ менен тынчтык келишимине кол коюшу мүмкүн”, – деди .

 Ал: “Келишимдин долбоору даяр. Бир гана маселе т.а. тынчтык келишимине кол коюу күнүн аныктоо гана калды. Келишимге ушул айдын аягына чейин кол коёбуз деген үмүттөбүз”, – деген.

Буга чейин “Ассошиэйтед Пресс” агенттиги кабарлагандай, Талибан кыймылынын мүчөлөрү АКШнын Афганистан маселеси боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзадга Афганистанда жети күндөн он күнгө чейинки мөөнөткө ок атууну убактылуу токтотуу режимин орнотуу сунушталган документти тапшырган эле.

О.э. Сухайл Шахиндин билдиришинче, талиптер “чет элдик аскерлер өлкөдөн беймарал чыгып кетиши үчүн аскерий операциялар көлөмүн азайтканын” билдирди. 

Комментарий: Америкада чыгуучу “Fordes” журналы 2016-жыл, 9-январдагы санында “Афганистандагы согуш АКШга бир триллион жетимиш миллиард долларга түштү о.э. 2400дөн ашуун америкалык аскерлер каза болушуна, он миңдегени жарадар болуп, майып-мунжу болушуна себеп болду. Ушунчалык жоготууларга карабастан, Америка Талибан кыймылын жок кыла албады”, – деп жазган эле.

 Чындыгында, афган согушу Америка тарыхындагы эң бир узакка созулган жана эң көп каражат жумшалган согуш болду. Ушунча жоготуулардан кийин да АКШ максатына жете албады. Ошондон кийин Америка Талибан кыймылын саясий сүйлөшүүлөр тузагына түшүрүү жолдорун издей баштады. Ушул максатта Талибан кыймылы үчүн Дохада офис ачып берүүгө да ыраазы болду. Афганистандагы авиа соккуларда негизинен АКШ менен сүйлөшүүгө каршы болгон Талибан жетекчилери бутага алынды…

Американын тынчтык жараяны – бул Талибан кыймылын алсыратуу, бөлүп таштоо жана моюн сундурууга каратылган саясий айла-амал. Америка ушул жол аркылуу афган согушундагы жеңилүүсүн жеңишке айландырмакчы болууда. Өкүнчтүүсү, Талибан кыймылы өзүнүн чыныгы кубаты болгон аскерий күрөштөн акырындык менен баш тартып, Американын тузагына түшүп бара жатканын түшүнбөй жатат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here