АКШ Талибан сүйлөшүүсү жанданууда

438
0

АКШ Талибан сүйлөшүүсү жанданууда

Катарда “тынчтык келишимин” түзүү максатында “Талибан” кыймылы менен АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад баштаган топ эки күн бою сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу талибдердин өкүлү Сухаил Шахин билдирүү жасады.

Анын айтымында, жолугушууга “Талибандын” таасирлүү жетекчилеринин бири молдо Абдул Гани Барадар баштаган топ катышкан. Сүйлөшүүлөр дагы бир канча күнгө уланат.

Буга чейин Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши видеокайрылуусунда талибдер согушту азайтууга даяр экенин айткан. Айрым маалымат агенттиктери, талибдер АКШнын чабарманы Залмай Халилзадга жети-он күн ичи ок атышпай, элдешүү тууралуу сунуш жазылган документ бергенин жазып чыгышты. Документ Халилзадга 15-январь күнү Катарда берилген.

Америка жана НАТО Ооганстанда 19 жылдан бери согуш алып барса да ийгиликке жетише албады. Талибан кыймылы 2001-жылы Американын Ооганстанга бастырып кириши менен бийликтен кулаган эле. Ошентсе да Америка Ооганстандагы малайларына туруктуулукту камсыздап бере албады. Бул да анын ийгиликсиздикке учураганын билдирип турат. Америка бул согушта жылына 23 миллиард доллар жумшаса да, Кабулдагы Америка малайы болгон өкмөттүн эч кандай таасири калбады. Ошондуктан, Америка бүткүл аракетин талибанды өкмөткө аралаштырууга жумшап жатат. Мына ушундайча Америка Ооганстандагы аскерий чыгашаларын кыскартууну жана коркунуч жаралган учурда гана аскерий базаларын ишке салууну каалап жатат. Бул үчүн кайрадан Пакистанды ортомчу катары колдонмокчу. Пакистан буга чейин Ооган өкмөтү менен “Ислам партиясы” келишимге жетишүүсүнө зор салым кошкон. Ал учурда “Ислам партиясы” Ооган өкмөтүнө “Талибан” кыймылындай эле коркунуч жаратып турган.
Андыктан, “Талибан” кыймылы Пакистандын малай акимдерине сүйөнүп калуудан же Пакистан армия жетекчилиги тарабынан Ооганстанга карата жумшак мамиле кылуусуна азгырылбашы керек. Тарыхтан ибрат алуу зарыл. Пакистандагы малай акимдер болбогондо Америка Ооганстанга кадам коё алмак эмес. Пакистан өкмөтүнүн “Талибанга” карата учурдагы милдети – Ооганстанда ашыкча аскерий чыгашага жол бербей, Ооган өкмөтүн кулап калуудан сактоо. Бул максатты ишке ашыруу сценарийин Америка Пакистанга тапшырууда.

Ал эми, “Талибан” кыймылы Афганистанда чет өлкөлүк аскерлер турганда эч кандай сүйлөшүүлөр болбостугун билдирип, позициясында бекем турган учурда АКШ өкмөтү “Талибан”ды сүйлөшүү столуна тартуу үчүн ар түрдүү жолдорду издеп келди. Ал тургай, “Талибан” менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн Дохада талибдерге саясий офис ачууга да уруксат берди. Быйыл жыл башында Афганистан президенти Ашраф Гани да “Талибан” кыймылына Кабул, Нангархар же Кандагарда офис ачууга уруксат берүүгө даяр экендигин билдирди. Учурда
“Талибан” позициясынан чегинип, баскынчы мамлекеттер менен сүйлөшүүгө ыраазы болуп, бир нече жолу сүйлөшүү жана келишүүгө ыраазы болгондон кийин, эми АКШ өз талаптарын коё баштады.

Пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллоху алайхи ва саллам:
“Албетте, нусрат (жеңиш) сабыр менен бирге, шаттык кайгы менен бирге жана кыйынчылык жеңилдик менен бирге болот”, – деген. (Имам Бухарий, Имам Муслим риваяты).

Мумтаз Маваруаннахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here