Мубарек Фалестиндеги таасирдүү кишилер Ал-Тамимий аянтында CEDAW конвенциясына каршы чогулушту

353
0

Мубарек Фалестиндеги таасирдүү кишилер Ал-Тамимий аянтында CEDAW конвенциясына каршы чогулушту

Батыш Жээктин түндүк, батыш жана борбор райондорунан келген мубарек Фалестина жеринин миңдеген таасирдүү кишилери Фалестин режими кол койгон, тастыктаган жана өлкөдө иш жүзүндө колдонулуп жаткан CEDAW конвенциясына каршылык билдирүү үчүн 2019-жылы 21-декабрь күнү Халил шаарындагы Ал-Тамимий аянтына чогулушту.

Халилдин таасирдүү кишилери жана аксакалдары бул жыйынды Исламга каршы күрөшүп жаткан, үй-бүлөнү жана коомду бузуп жаткан, бузукулук таратып жаткан CEDAW конвенциясына каршы күрөшүү максатында уюштурушту.

Жыйында ондогон кишилер сөз сүйлөшүп, баары ушул конвенцияга каршы күрөшүү зарылдыгына келишишти. Сүйлөөчүлөр бул конвенциянын зынага жана абортко уруксат берген, эркектин валийлигин бекер кылган, мураста эркек менен аялды теңеген, акыйда жана өкүмдө Исламга тескери келген, үй-бүлөнү жана коомду бузуп беренелерине пункттарга токтолуп өтүштү.

Сүйлөөчүлөр Фалестин режимин ушул кырсыктуу конвенциядан тезинен чыгууну талап кылышты о.э. аны Фалестин калкына зордоп колдонуудан эскертишти. Ушул мубарек жер калкы бул конвенцияга каршы экенин, өз урматын жана намыстарын, үй-бүлө, аялдарын жана кыздарын коргоп, түрдүү ыкма жана каражаттар менен ага каршы күрөшүүлөрүн баса белгилешти. О.э. сүйлөөчүлөр Фалестин эли Исламды сүйгөн, ал үчүн малы-жанын курман кылган, Исламга каршы душмандык кылууга, анын өкүмүнө жана шариятына чабуул кылууга жол бербеген мусулман эр жүрөк кишилер экенин белгилешти.

Хизб-ут-Тахрир–Фалестин да бул улуу чакырыкка лаббей деп катышты. Хизбдин Фалестиндеги маалымат бөлүмүнүн мүчөсү доктор Мусъаб Абу Аркуб сөз сүйлөп, Хизбдин CEDAW конвенциясына карата расмий позициясын баяндады. Абу Аркубдун айтымында, мындай конвенцияга кол коюу – үлкөн кылмыш. Себеби, бул конвенция муслима аялга зыян жеткирүүнү, абийирдүүлүкө жана пакизалыкка каршы күрөшүүнү о.э. Фалестинде колонизаторлукту кеңейтип, колонизатордун пикирлерин жаюуну, баскынчылыктын өмүрүн узартууну, өлкөнү колонизатор кафирдин чеңгели астында кармап турууну көздөйт. Доктор Абу Аркуб: «Фалестин режими «бизге мамлекет убада кылынган» деген нерсени шылтоолоп эл аралык стандарттарды жана шарттарды кабыл алышы – күнөөдөн да жаман шылтоо», – деди. Абу Аркуб: «Бул колонизатор мамлекеттер качан арзууларыбызды жүзөгө чыгарышкан?!»; «Мамлекет жана салтанат үчүн дин, хазарат жана маданияттар качанга чейин сатыла берет?!», – деген суроолорду ортого салды. Доктор турмуш куруу жашын он сегиз жана андан жогору жашка белгилөө муслима аялды бузуу аракетинин бири экенин баса белгиледи. Бул конвенциядан муслиманы соңку коргонун т.а. үй-бүлө коргонун бузуу көздөлгөнүн айтып, андан сак болууга чакырды. Абу Аркуб: «Бул конвенция колонизатор кафир Батышка, анын Фалестиндеги жана башка мусулман өлкөлөрүндөгү колониялык долбооруна кызмат кылат», – деди.

Доктор Абу Аркуб: «Бүгүн белгилүү кишилерибиз CEDAW конвенциясын бекер кылууну талап кылып жатышат, Хизб-ут-Тахрир алардын бул аракетинин биринчи сабында туруп кызмат кылат», – деди. Доктор Фалестин режимине жана анын колдоочуларына каршы акыйкатты ачык айтуу зарылдыгын, Хизб ар дайыма Ислам кол тийгистигин жана мусулмандардын намысын коргоп келгени адамдарга жакшы белгилүү экенин баса белгиледи.

Ошентип, жыйындын корутунду билдирүүсүндө CEDAW конвенциясынан жана анын акыбеттеринен сактануу зарылдыгы айтылып, Фалестин режиминен тезинен бул келишимден чыгуу талап кылынды. О.э. чогулгандар турмуш курууну он сегиз жана андан жогору жашка белгилөө токтомуна да каршылык билдирип, өлкөдөгү бардык феминисттик уюмдарга тыюу салууну жана алардын мектептерге аралашуусуна жол бербөөнү талап кылышты. Мындан тышкары, Халил шаарында үй-бүлөнү жана коомду ойрон кыла турган, өкүм жана акыйдада Исламга каршы күрөшө турган мындай конвенцияны бекер кылууну талап кылган демонстрация уюштурулары жарыяланды.

Роя гезити, №266, 2019-жыл, 25-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here