Кыргызстан 2020-жылы Орусия менен кызматташтыкты күчөтөт
2020-жылы Кыргызстан Орусия менен болгон кызматташтыкка өзгөчө маани берет. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков 8-январда Президенттик аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, биринчи кезектеги милдеттердин катарында Кыргызстандын Орусиядагы жана Орусиянын Кыргызстандагы Кайчылаш жылынын жана 2-дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдыгынын алкагында өтө турган иш-чаралар турат.
Бул көрүнүш Кыргызстан үчүн башкы колонизатор дале Орусия экенин тастыктап турат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан толук Орусиянын көзөмөлү астында саясат жүргүзүүдө.
Буга өлкөнүн экономикалык жактан артка кетүүсү жана миллиондон ашык жарандын
Орусияда эмгектенүүсү негизги себептерден болуп калууда. Маселен, 2018-жылы чет
өлкөдөгү кыргызстандыктар өз мекенине 2,7 миллиард долларга жакын акча
жөнөтүшкөн.
Ал эми ички дүң продукциянын көлөмү 8 миллиард
долларга барабар болгон. Мына ушул жагдайды, тагыраагы, “гастарбайтер” маселесин
Орусия Кыргызстанга басым өткөрүү куралы кылып алды. Эгерде кыргыз бийлиги
Орусиянын талаптарын аткарууну кечиктире баштаса, дароо эмгек мигранттарына
басым күчөйт. Кыргызстанды ЕАЭБге алып кирүүдө да Орусия бийлиги мигранттар
проблемасынан пайдаланган. Учурда өлкө – ЕАЭБден башка өлкөлөрдөн кирген
унааларга төлөм эселеп өскөндүктөн – Орусия унааларын ташууга мажбур абалда
турат.
Кыргызстандын саясий чөйрөсү Орусиясыз эгемендүү саясат жүргүзүүнү элестете да албай калды. А түгүл, бул тууралуу ойлонуудан да коркот. Орусиянын таасиринен чыгууга үндөгөн саясатчылар болсо, АКШ, Кытай же Европага күнкор болууну гана каалашат. Бул ири мамлекеттер болсо өлкөбүздү өз олжолоруна айлантуу үчүн ар түрдүү колонизаторлук ыкмаларын ишке салып келет. Эми, биздин мындай кордуктан чыгуубуздун жападан жалгыз жолу Ислам динибизди бекем карманып, аны мабда катары көтөрүп чыгуубузда жатат. Ансыз, өлкө ар дайым “арстандан качып аюуга коргологон” абалда кала берет.
Мумтаз Маверанахрий