Британия: парламенттик шайлоо

329
0

Британия: парламенттик шайлоо

Устаз Аднан Хан

Борис Жонсон 2019-жылы 12-декабрда шайлоолордо жеңип чыкты. Анын Консервативдик партиясы жеңишке жетишти. Бул албетте консерваторлордун деңгээлин бекемдейт. Бул, ушуну түшүндүрөт: эми көпчүлүк Европа Союзунан чыгуу үчүн добуш береби же жокпу, билүү мүмкүн болот. Бул маселе мамлекетти көптөн бери экиге бөлүп келди.

Британия калкы Консервативдик партиянын үнөмдөө саясаты себептүү ондогон жылдардан бери кыйынчылыктарга туш келип жатканына карабастан о.э. консерваторлор жакырларга кайдыгер карап, мамлекеттик кызматтарды чабал алып барышкан болушса да, бирок, көпчүлүк адамдар мамлекетте жаңы өзгөрүүлөр болот деген үмүттө ушул партияга добуш берди. Анткени, Консервативдик партиянын эки жагы бар: бири, Брекситти (Британиянын Европа Союзунан чыгышын) бекер кылышы мүмкүн болгон бирден бир партия болгондугу, экинчиси, оппозиция партиялар жөнүндөгү өтө көп жалгандар.

Консервативдик партиянын биринчи жагына келсек, ал Брекситти бекер кылууга жетише албады. Себеби, ал өзү бул туурасында экиге бөлүндү жана ушул себептүү эки премьер-министр өз кызматынан кетти. Июль айында премьер-министр болгон Борис Жонсон өзү Брексит үчүн берилген эки мөөнөттү өткөрүп жиберди жана анын калкты көп ирет алдаганы белгилүү болду.

Бул партиянын экинчи жагына келсек, ал оппозиция туурасында өтө көп жалгандарды айтты. Натыйжада, Лейбористтер партиясынын тарапкерлерине бул жалгандар өз таасирин көрсөттү. Лейбористтер партиясынын мүчөлөрү жарым миллионду түзүшүнө карабастан, ал өз сабында антисемиттердин болушуна жол бергени үчүн оңчул маалымат каражаттары тарабынан сынга учурады. Массалык маалымат каражаттары Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбинге каршы тынымсыз кабарларды таратты.

Лейбористтер партиясы 60 орунду жоготту, анын 50сү Консервативдик партияга өттү. Алардын көпчүлүгү келерки шайлоодо Лейбористтер партиясына кайтууларын, себеби, алар Европа Союзунан чыкмакчы болушканын айтышты.

Алгач, жалган жаңылыктарды жарыялоо менен алектенген бир коммерциялык эмес уюм декабрь айында Британиянын үч ири саясий партиялары сайттарда кеңири тараткан ар бир үгүттү изилдеди. Белгилүү болушунча, Фейсбукта таратылган жана Консервативдик партия тарабынан каржыланган үгүттөрдүн 90%ы адаштыруучу үгүттөрдү өз ичине алган. Түпкүлүгүндө, Консервативдик партиянын стратегиясы жалгандар үстүнө курулган.

Көптөгөн мусулман активисттер жана уламалар шайлоолорго катышуу важиб деп жатышат. Көпчүлүк адамдар биз өз кызыкчылыгыбызды кепилдеп алуу жана өзүбүздөн зыянды азайтуу үчүн шайлоого катышуубуз керек деген көз караштан туруп бул маселени талкуу кылып жатышат. Көпчүлүк мусулмандар болсо, Консервативдик партияны четтетүү максатында Лейбористтер партиясына добуш берсек болот деп жатат.

Ким Британиядагы саясий абалды түшүнсө, мусулмандардын бул мамлекетте өтүп жаткан шайлоолорго таасири өтө аз экенине күбө болот. Акыркы жыйырма жылга назар салсак, бийликте Консервативдик партия болобу, Лейбористтер партиясы турабы, мусулмандарга карата саясат өзгөрүүсүз кала берди.

Консервативдик партия учурда көпчүлүккө ээ жана Европа Союзунан чыгуу Британияны алсыратат деген пикир менен каршылык кылып келүүдө. Ошол эле учурда, Борис Жонсон парламент аркылуу Брексит келишимине кол коюуга да кудуреттүү. Бирок, бул Европа Союзунан чыгуу келишими гана. Анын Европа Союзунан чыгуусу артынан жүзөгө келе турган иштер боюнча Британия менен Европа Союзу ортосунда сүйлөшүүлөр дале уланууда.

Дүйнөлүк экономика бири-бирине байланыштуу. Британия Европа Союзунан чыкса, жаңы эреже жана келишимдер боюнча эч кандай пикир билдире албай калат. Негизи, британиялык саясатчылар Европа Союзуна, чет элдиктерге жана иммигранттарга таасир көрсөтүүдө Британияны алсыздыкта айыпташты. Бирок, мамлекет ушул проблемаларды чечүүгө муктаж, себеби, анын калкы азайып барууда. Эртең ал Европа Союзунан бөлүнүп чыккандан кийин да көптөгөн негизги проблемалар сакталып калат.

Ал тургай, көпчүлүк адамдар шайлоо натыйжасы бизди ийгиликке алып барат деп ойлоп жаткан болсо да, бирок, абал жолдун акыры алыс экенин көрсөтүүдө. Дагы да көп суроолор жоопсуз турат.Роя гезити, №265, 2019-жыл, 18-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here