Алжирдеги президенттик шайлоо: өкмөт нааразылык демонстрацияларын жеңе алдыбы?

355
0

Алжирдеги президенттик шайлоо: өкмөт нааразылык демонстрацияларын жеңе алдыбы?

Салих Абдуррахим – Алжир

Шайлоону күзөткөн көз карандысыз топтун маалыматтарына ылайык, 2019-жылы 12-декабрда болуп өткөн президенттик шайлоодо шайлоочулардын катышуусу төмөн болгон. Мурдагы эки премьер-министр Абдулмажид Таббун жана Али ибн Флисти өз ичине алган жана беш талапкер жарышкан шайлоо Алжир көчөлөрүндөгү нааразылыктар күчөгөн көрүнүштө болуп өттү. Өлкөдөгү коррупциялашкан башкаруу системасына каршы талаптарды жана ураандарды камтыган тогуз айдан бери уланып келе жаткан демонстрациялар шайлоо күнү дагы да күчөдү. Шайлоого байкоо жүргүзгөн топтун маалыматына ылайык, өлкө ичинде жана тышында каттоого алынган 24.4 миллион шайлоочунун 39.83 пайызы гана добуш беришкен. Бул ушуну түшүндүрөт: шайлоочулардын 15 миллионго жакыны шайлоону байкот кылды! Шайлоонун биринчи турунда «көз карандысыз» талапкер Абдулмажид Таббун 58.15% добуш менен жеңүүчү деп табылды. Баса белгилөө зарыл, ушул чукул абалда президенттик шайлоодо жеңген Абдулмажид Таббун «Улуттук азаттык фронтунун» өкүлү болуп, саясий сахнада көрүнбөгөн болсо да Алжир өкмөтүнүн туруктуу активдүү куралы болуп келген. Демек, бул жеңиш ошол топтун башкарууда сакталып калганын көрсөтөт. Абдулмажид Таббун Бутефлика башкаруусунда, кала берсе, андан мурда да башкаруу иштеринде тажрыйба арттырган. Ал англистерге көз каранды таасирдүү топко жана бийлик чөйрөсүнө жакын. 2017-жылы ал премьер-министр болуп дайындалган, бирок, бул кызматта сексен күндөн ашык иштебеди. Себеби, ал таасирдүү бизнесмендерге каршы чыккандыктан премьер-министрликтен бошотулган. Айтымдарга караганда, ал Бутефлика режиминин коррупциялашкан адамдарын саясаттан четтетмекчи болгон. Абдулмажид Таббун ага тапшырылган ушул ролго токтом кабыл алуучулар тарабынан даярдалып, бүгүн бул ролду ойноп жаткан көрүнөт! Ко-ош, бийлик кайсы «Жаңы Алжирди» убада кылууда?

Ушуну да баса белгилөө керек, өкмөт элдин демин тизгиндөөнүн жаңы ыкмаларын мыкты өздөштүрдү. Алгач ал шайлоо мыйзамын белгиледи жана шайлоолорго байкоо салган көз карандысыз топту түздү. Мурда бул ишти аткарып келген ички иштер министрлиги шайлоолорго байкоо салуудан четтетилди. Кийин, юстиция жаңжалдашып жаткандардын жана коррупционерлердин тынымсыз уланган сот жараяндарына тартылды. Басма сөз жана массалык маалымат каражаттары да адамдарды чалгытуу, үгүт алып баруу иштерине тартылды. Кийин, талапкерликти кайтарып алуу жолун белгиледи жана талапкерлерди бир катар таасирдүү кишилерге гана чектеп койду. Бул ирет шайлоо натыйжалары шайлоо күнү кечинде гана маалым болот деген нерсени көрсөтүү үчүн талапкерлер ортосунда дебаттарды уюштурду. Муну менен режим шайлоо таза жана айкын өттү деген элести берүүгө урунду. Ачык-айкын көрүнүп тургандай, өкмөт зарыл болгон мыйзамдуулукка жетүү максатында кандай болбосун шайлоону белгиленген убагында өткөрүүгө умтулду.

Бирок, Абдулмажид Таббун президенттик кызматты ээлегенден кийин өтө оор милдеттерге туш келет. Ал талаптарды коюп жаткан нааразылык демонстрацияларына туш келиши анык. Мындан тышкары, анын алдында шайлоо алдында берген убадаларын аткаруу сыноосу турат. Ал экономиканы тикелөө, талап-тонолгон байлыктарды кайтаруу, жаштар арасындагы жумушсуздук проблемасын чечүү, таалим системасын жакшыртуу… жана башка бир нече проблемаларды чечүүнү убадалаган. Белгилүү болгондой, ал шайлоо кампаниясында бир нече ирет: «Бул мубарек тынч демонстрациялар өлкөнү жана жаранды Алжир байлыктарын талап-тоногон топтон куткаруу үчүн болду», – деп айткан. Жаңы президент аскерий мекеме менен биргеликте «Жаңы Алжирди» тикелемекчи экендигин о.э. президенттин ыйгарым укуктарын чектей турган конституциялык өзгөрүүлөрдү киргизүү жана шайлоо мыйзамдарын түп-тамырынан өзгөртүү анын баштапкы милдети экендигин айткан. Ошондуктан, өлкө өзгөрүүлөр жана адамдар үстүндө өткөрүлгөн тажрыйбалардын жаңы баскычына туш болушу мүмкүн! Таббун чынында эле Алжирде өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээби?

Эске салуу зарыл, аскерий мекеме саясий майданда салмакка ээ болуп алгандан кийин ушул (президенттик шайлоону уюштуруу) бекетине жетип келди. Алжир штаб башчысы генерал лейтенант Ахмад Каид Салих аскерий казармаларда кайрылуу жолдоо о.э. Алжирди жыйырма жыл башкарган Бутефликаны майдандан алып салуу үчүн тиешелүү конституциялык беренелерди колдонуу аркылуу саясий сахнада салмакка ээ болду. Ал атаандаштарына сокку берип, аларды Франция малайлары деп атады. Көчөдөгү чөйрөнү даярдап, адамдардын ачуусун басты жана демонстрациялардын демин басаңдатты. Ошентип, аскерий мекеме сүйлөшүүлөр аркылуу көчөдөгү демонстрацияларды өкмөттүн көз карашын кабыл ала турган абалга келтирди, кийин мурдагы адилет министри Мухаммад Шарфи жетектеген шайлоого байкоо салган «көз карандысыз улуттук топту» түздү. Бул топтун түзүлүшү мурдагы министр Карим Юнус бир нече апта башкарып келген сүйлөшүү комитетинин аракеттеринин аяктоочу чекити болду. Ошентип, өлкөнү кармап турган жана аскерий мекеменин өкүлү болгон бийлик демонстрацияга «кызматташуу» идеясын кабыл алдырды, алардын талаптарын кабыл аларын айтып алдап келди о.э. аларды конституциялык жолго кайтууну кечиктирүүнүн акыбеттеринен жана туруксуздук жүзөгө келишинен эскертти. Бул аркылуу белгилеген планын аягына жеткирүүгө жетишти. Бул план оболу президенттик шайлоону өткөрүүнү жана атаандаштар талап кылышы мүмкүн болгон өткөөл доорду четке кагууну камтыйт. Кала берсе, бийлик шайлоону өз убагында өткөрүүнү тездетти жана өзүнүн ролун жашырды.

Ал эми, элдин аракетине (демонстрацияларга) келсек, демонстрациялар үмүт кылынган өзгөрүүнү ишке ашыруу алыска бара албайт. Бул аракеттер белгилүү бир убакытка чейин уланып, жаңы президент абалды жакшыртуу үчүн чараларды көрүшүн жана президент убада кылгандай «элдин аракетине жардам колун сунушун» күтөт. Жалпылап айтканда, Алжирдеги эл аракети мамлекеттин мүлкү гана талап-тонолушун коррупция деп эсептөө, улуттук идеяны колдооо жана мамлекетти ушул негизде кайра тикелөө тузагына түштү. Эл аракети өлкө калкы Исламда, аны акыйда жана турмуш түзүмү катары кармоодо көөдөлөнгөн чыныгы өздүгүн кайра тикелөө маселесине кайдыгер карады. Эл кыймылы жарандык мамлекетти талап кылуу тузагына да илинди. Т.а. алардын бир бөлүгү аскерийлерди саясаттан четтетүүгө чакырса, дагы бир бөлүгү идеологияны талаптардан четтетүүгө чакырышууда. Бул эки абада тең Ислам бутага алынган.

«Исламчылар» бир катар ийгиликсиз тажрыйбаларга кабылышкандан кийин аскерийлерди саясаттан четтетүү керек деген корутундуга келишкен. Алардын сөздөрүнө ылайык, жарандык башкаруу жалгыз чечим болуп, исламий өлкөлөрдөгү армияларда эч бир жакшылык жок. Себеби, алар ар дайым зулум жана коррупцияга каршы демонстрацияларда армия диктатор тогут акимдердин тарабында турушканын көрүштү. Буга Мисирде, андан мурда Алжирде күбө болушту.

Биз билгендей, бардык өлкөлөрдө кубат ээлерине туюнткан күч армия болуп эсептелет жана Ислам өкүмүн тикелөө үчүн ушул армиялардан нусрат талап кылынат. Бирок, армиялардан нусрат талап кылуу шаръий өкүм болушуна карабастан, демократиялык пикирге суктанган «исламчылардын» назарында бул нерсе куру кыял жана күлкүлүү болуп эсептелет. Дагы биз билгендей, Батыш Халифалыкты кулатуу аркылуу Исламды башкаруудан четтетип, анын урандылары үстүндө бүгүнкү улуттук мамлекеттерди тургузгандан кийин жарандык мамлекет көрүнүшүндөгү башкарууну аларга берилген аскерийлерге тапшырды. Дагы биз билгендей, аскерий аклия мамлекет иштерин башкарууга жараксыз жана ал саясий аклиядан айырмаланат. Биз ушуларды баамдап билсек гана мусулмандардын бүгүнкү күндөгү тайылууларынын жана тузакка илинүүлөрүнүн себебин биле алабыз. Белгилүү болгондой, бийликти колго алуу жөнүндөгү шаръий өкүм – бул өлкөдөгү кубатка ээ болгондордон нусрат талап кылуу жана мындай кубатка ээ болгон күч – армия. Кубат ээлеринен нусрат талап кылуу мусулман өлкөлөрүндө Исламга негизделген мамлекетти тикелөө, анын сакталып калышын кепилдөө болуп эсептелет жана бул эң туура шаръий чечим. Бирок, бул проблема мусулман өлкөлөрүндөгү жалгыз проблема эмес. Себеби, Батыш өлкөлөрүбүздү ээлеп алгандан кийин малай акимдердин жардамында Умматты турмуштун бардык тармактарында атайылап чалгытты жана анын зээниндеги түшүнүктөрдү баш аламан кылды. Умматты динине жана мурдагы улуулугуна кайтаруу аманатын көтөрүп чыккан даъватчылар алдындагы биринчи тоскоолдук ушул малай акимдер болду. Динге кайтуу, Умматты туура жолго кайтаруу тарыйкатын түшүнгөн кишилердин назарында Исламга кайтуу Халифалык мамлекетин кайра тикелөөдөн башка нерсени түшүндүрбөйт. Анткени, Халифалык мамлекетин кайра тикелөө менен Ислам түзүмү колдонулат.

Роя гезити, №265, 2019-жыл, 18-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here