Россия АКШнын темир чеңгелине айланып калды

445
1

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Россия АКШнын темир чеңгелине айланып калды

Абу Хамза Хутваний

Cоңку кездеде Россиянын исламий өлкөлөргө о.э. исламий болбогон өлкөлөргө да аралашуусу улам күчөп жатат. Россиянын «Вагнер» деген жеке аскердик колмпаниясы Сирия, Ливия, Судан, Украина, Борбордук Африка жана Мозамбик сыяктуу бир нече мамлекеттерде шектүү аракеттерди алып барды. 2019-жылы 19-сентябрда социалдык тармактарда үрөй учурган видео тарады. Видеодо «Вагнер» согушкерлери Сирия армиясынан качкан сириялык аскерди өтө ырайымсыз түрдө кыйнап жатышканы, кийин башын үзүп салып, бут-колдорун кесип, денесин бакка байлап, өрттөп жиберишкени, башын футбол кылып ойношкону көрсөтүлгөн… Орус өкмөтү бул окуяны четке какпады, бирок, «Биз «Вагнердин» иш-аракеттерине жооптуу эмеспиз. Себеби, ал жеке компания болуп эсептелет», – деп жооб берди.

Байкоочулар маалымдашынча, «Вагнер» компаниясын Россия президенти Путинге жакын адам түзгөн, бул компания Россия армиясы аракет кылып жаткан мамлекеттерде анын жардамында аракет кылат о.э. расмий армия жасай албай турган ыплас иштерди жасайт.

«Вагнер» АКШнын «Блэкуотер» аскердик компаниясынын чыныгы улантуучусу болгон көрүнөт. Мындан мурда «Блэкуотер»дин чыныгы жүзү ачылып, анын кылмыштуу операциялары Америка мамлекетине байланыштуу деген талаштар башталышы артынан өз аракетин токтоткон. Кийин Конгресс бул компаниянын мыйзамдуулугу туурасында өкмөттөн суроо талап кылып, мунун акыбетинде, компания өз аракетин токтотууга мажбур болуп, өз ордун Россиянын «Вагнер» компаниясына бошотуп берди. Өз кезегинде, «Вагнер» «Блэкуотер»дин миссиясын улантууда.

Россиянын «Вагнер» компаниясы көптөгөн жерлерге ыплас операцияларды жасоого кудуреттүү экенин көрсөттү. Ушул күндөрдө анын аскерлери Ливия борбору Триполинин батышында Американын Ливиядагы малайы Халифа Хафтардын күчтөрү менен бирге Европа малайы Сарраж күчтөрүнө каршы согушууда. Ливиялык расмийлер «Вагнер» операциясына «Ливия орустардын баскынчылыгына туш келүүдө» деп түшүндүмө беришти. Алардын айтымында, орус өкмөтү Ливияда мыйзамсыз иштер менен алектенүүдө, мисалы, Хафтар Россиядан курал сатып алышы үчүн ага 11 миллион Ливия динарын беришти.

Орус өкмөтү «Вагнер» компаниясынын өтө көптөгөн кылмыштарын жашырып келүүдө о.э. компаниянын аракет кылчу майданын белгилеп, пландап берет, Россия армиясына моюн сунган аймактарга киришине уруксат берет. Ал эми, Америка «Вагнер» компаниясынын мыйзамсыз иштерине көз жумуп келүүдө. Себеби, бул компаниянын иштери анын кызыкчылыгына кызмат кылып жатат. Россиянын аскерий аралашуусу да, «Вагнер»дин аралашуусу да Башар Асад жана Халифа Хафтар сыяктуу Америка малайларынын пайдасына кызмат кылып жатканы анык.

Белгилүү болгондой, Россия Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү, ал вето укугуна ээ. Ушул себептен улам, ал өзүнүн жана «Вагнер» сыяктуу компаниясынын кылмыштары үчүн эл аралык коомчулуктун басымдарынан, жоопко тартуусунун аман калууда. Андан тышкары, Россия күчтүү армияга ээ болгондугу жаңжалдуу региондорго аралашып, согушту өзү жардам берүү үчүн келген тараптын пайдасына чечишине мүмкүнчүлүк берип жатат. Россия, мисалы, Сирияда кылып жаткандай, согуштарга жырткычтык менен кирет. Ал катардагы жарандарды кыргын кылып, миллиондогонун качкынга айлантууда. Бирок, бул кылмыштары үчүн жоопкерчиликке тартуу үчүн анын саясий системасында айкындуулук жок, сурак кыла турган уюм да жок, конституциялык жана мыйзамдуу негиз да жок. Себеби, Россиянын башкаруу формасы авторитардык режим болуп, эсеп суроо жана эсеп берүү деген нерселерге бүтүндөй этибар бербейт. Ушул жактан алганда, аны аскерий диктатор режим десе болот.

Белгилүү болгондой, Россия Сирияга 2015-жылы сентябрда АКШ президенти Обама менен Россия президенти Путин ортосунда жолугушуу өткөрүлгөндөн кийин аралашты. Бул аралашуу кулоо алдында турган Башар Асад режимин сактап калууга чоң салым кошту.

Америка издеген нерсесин Россиядан тапты. Анткени, Россия тогуттардын кулоосун алдын алган күчкө ээ… О.э. ал Американы кабатырга салып жаткан козголоңдорду бузууга кудуреттүү мамлекет. Ошондуктан, Америка андан пайдаланды, өзүнүн кызыкчылыктарына кызмат кылдыруу үчүн болбогур ушактардын жана кээ бир аскерий базалардын акысына түрдүү күрөш майдандарына орус күчтөрүн алып кирди.

Америка Россиядан пайдаланып, өзүнүн тышкы саясатына иштетип жатканынын себеби – Россияда региондогу күрөштөргө аралашууга кудуреттүү кылган эки сыпат бар: биринчиси, «терроризмге» каршы күрөшүүнү чүмбөтү кылып Исламга каршы күрөшүүдө Америка менен келишүүсү. Экинчиси, эл аралык майданда өз деңгээлин сактап калуу каалоосу, өзүнүн эл аралык коомчулуктагы активдүүлүгүн сактап калуунун акысына биринчи мамлекеттин кызыкчылыктарын камсыздоого ыраазы болушу. Муну менен бирге, Россия капиталисттик мамлекет. Ошондуктан, эл аралык аренада Американын жанында туруу үчүн калктарга каршы ыплас миссияларды аткарышы ага зыян жеткирбейт.

Россия – Чеченстанда Ислам жана мусулмандарга каршы согуш алып барган кылмышкер мамлекет жана душмандыкта Америкадан калышпайт. Ошондуктан, бул мамлекет менен – кээ бир исламий кыймылдар сыяктуу – мамиле орнотуу таптакыр жаиз эмес! О.э. аны Уммат маселесине да аралаштырбоо керек. Кимде-ким, кандайдыр бир «далил» негизинде ушундай кылып жаткан болсо, ал кечирилгиз күнөөгө кылып жаткан болот.

Мындан тышкары, Россия бүгүн яхудий вужудунун досу. Бүгүнкү күндө ал Сирия аба мейкиндигинде аракет кылууда яхудий вужуду менен келишип алган о.э. басып алынган Фалестиндеги яхудий вужудунун объектилерин бутага алган ар кандай аскерий амалиятка тоскоолдук кылууда. Акыркы жылдарда яхудий вужудунун премьер-министри менен Путин ортосунда ондогон жолугушуулар өткөрүлүп, эки мамлекет ортосунда максаттар бириктирилди.

Россияда кресттүүлүк душмандык бар жана бул Сириядагы орус кошуундары жасап жаткан аскерий операцияларда анык көрүнүп турат. Мисал, орус Патриархы Сириядагы «Хамимим» базасында орус аскерлерин согуш үчүн крест менен чокундуруп жатканы көрсөтүлгөн сүрөттөр тараган.

Ооба, Россия Американын колундагы темир чеңгелге айланып калды. Америка аны мусулмандарга каршы иштетип, мусулмандардын козголоңдорун талкалап жатат, тогуттарды колдоп-кубаттап, мусулмандардын өзгөрүү жасоо каалоосун жокко чыгарууда, шаарларын ойрон кылып, миллиондогонун качкынга айлантып жатат, биримдигин бузуп жатат…

Бирок, мусулмандар эч качан моюн сунушпайт, таптакыр чөгөлөшпөйт. Орустарды, америкалыктарды жана аларды ээрчиген душмандарды кыйратканга чейин сабыр калышат.

Роя гезити, №264, 2019-жыл, 11-декабрь.

1 COMMENT

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here