Неъматов: ЕАЭБге кирүү биз үчүн пайдалуу
Өзбекстанга ЕАЭБге кирүү пайдалуураак болот, азыр бул маселе активдүү талкууланууда. Бул тууралуу РИА Новостиге Өзбекстандын тышкы иштер министринин биринчи орунбасары Илхом Неъматов билдирди.
“Учурда бул маселе аябай терең изилденүүдө.Изилдеп чыккандан кийин таразалап көрүп, анан чечим кабыл алынат”, – деди Илхом Неъматов.
Ал: “Өзбекстандын экономикасы, өнөржайы, айыл чарбасы өсүп жатат. Экспорттун көлөмү көбөйүүдө. Бизге базар, майдан керек. Ал майдан Казакстан, Россия, Кыргызстанда жана алар ЕАЭБдин мүчөлөрү. Ошондуктан, мен ЕАЭБге мүчө болуунун тарапкеримин. Жалаң гана экономикалык кызыкчылыктан келип чыгып ушуну жактаймын… Дагы бир маанилүү нерсе – бул демография. Калктын саны көбөйүп, жыл сайын 700 миң адамга өсүүдө. Табигый түрдө, биз жыл сайын 700 миң адамды жаңы жумуш орду менен камсыздай албайбыз. Бул эмнеге алып барат? Бул миграциянын өсүшүнө алып барат. Элибиз кайсы жакка миграция кылат? Россияга, Казакстанга. Ушул фактор да Өзбекстандын ЕАЭБ менен жакын мамиледе болуусун белгилейт. Ал жакта ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден барган мигранттар үчүн шарттар башкача. Ошондуктан, ушул шарттардан келип чыгып чечим кабыл алышыбыз керек деп эсептейм”, – деген.
Неъматовдун божомолунда, бул жааттагы сүйлөшүүлөр жакында жыйынтыкталышы мүмкүн.
“Менимче, азыр бул маселе тездеп жатат. Жакында эле т.а. декабрь айынын башында Силуанов (Россиянын финансы министри Антон Силуанов) Самаркандда болду. Демек, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакын арада жыйынтыкталышы мүмкүн. Менин оюмча, жакынкы күндөрдө жыйынтыкталат”, – деди Неъматов.
Комментарий: Кыргызстан бийлиги да мамлекетти ЕАЭБге алып кирүүнүн алдында “биз үчүн 170 миллион кишилик базар ачылат” деген. А бирок иш жүзүндө мунун тескериси болуп, Кыргызстан ЕАЭБдеги башка мамлекеттерге, айрыкча, Россияга арзан жумушчу күчүн жеткирип берүүчү мамлекетке айланды. ЕАЭБдин негизги принциби “төрт эркиндик” – жумушчу күчү, капитал, товарлар жана кызматтардын эркин аракеттенүүсү – экендигине карабастан, Кыргызстандын айыл чарба продукциялары башка мамлекеттерге алып кирилишине жасалма тоскоолдуктар пайда кылынды. ЕАЭБдин негизги кызматы Россиянын кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу болуп калды. Ошол себептен да Беларустун президенти жана Кыргызстандагы кээ бир депутаттар ЕАЭБден чыгуу жөнүндө пикир билдирип жаткан бир мезгилде, өзбек бийлиги Россиянын басымы астында мамлекетти ЕАЭБге алып кирүүгө аракет кылууда. Мирзиёевдин 2020-жылдын февралында боло турган Россияга сапарында Өзбекстандын ЕАЭБге кирүү маселеси чечилиши мүмкүн.
Абдурахман Адилов