ИИМ: 2019-жылы “экстремизм”ге байланыштуу 316 адам кармалды
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылы “экстремисттик жана террористтик” уюмдардын идеологияларын жайылткан 516 факты аныкталып, алар боюнча 316 адам кармалган. Кармал жарандардан “экстремисттик” мүнөздөгү 2104 материал алынган. Бул тууралуу ИИМдин 10-бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары Айбек Жайлообаев билдирген.
“Экстремизм”дин алдын алуу максатында жогорку жана атайын орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары арасында 6000ден ашуун атайын лекция, семинар, тегерек стол, конференциялар уюштурулду. Социалдык тармактарда мониторинг жүргүзүү учурунда “экстремисттик, террористтик” маанайдагы 80 сайт жана 22 аккаунт аныкталып, алардын ичинен 44 сайт, 10 аккаунт соттун чечими менен жабылды. (Булак, “Азаттык” үналгысы).
Комментарий: Интернеттеги социалдык тармактар аркылуу даават күчөп барууда. Дүйнө жүзүндөгү бардык тараптар интернетти өз максатында пайдаланууга аракет кылып, аны экономикалык, сакафий жана башка тармактардагы иштерин өнүктүрүүдө пайдаланууда.
Мусулмандар да интернет аркылуу Исламга чакырууну о.э. куфр башкаруусунун зулумдары менен айла-амалдарын ачып таштоону күчөтүп жиберди! Мындан куфр дүйнөсү далбасага түшүп, социалдык тармактарды мусулмандардан тазалоо аркылуу дааватка тоскоолдук кылууга аракеттенүүдө! Бирок, бул аракети техникалык жактан натыйжа бербегендиктен, алар сакафий жана диний тараптан билим берүү мекемелери жана мечит имамдары аркылуу иш-аракетин күчөтүп жатышат.
Социалдык тармактарда өз атынан аккаунт ачкан дааватчы же оппозиционерлерди орган кызматкерлери таап, кылмыш жоопкерчилигине тартып жатат. Ачык ишке ашырылып жаткан бул аракеттерден, дааватчылардын аракетин алсыратуу, аларды коркутуу о.э. элди алар чакырып жаткан нерседен коркутуу максаттары көздөлгөн. Натыйжада, мусулмандар бул тоскоолдукту каймана ат (фейк) менен айланып өтүү аркылуу дааватты улантууга мажбур болушууда.
Мындай дааватчыларды дааваттан тосуу орган кызматкерлерине олуттуу кыйынчылыктарды жаратты. Алар бул иште күч менен ийгиликке жетүү мүмкүн эместигин түшүнгөн соң, сарай аалымдарын “социалдык тармактарга кирүү арам” же “фейк аккаунт менен даават алып баруу арам” деген беймаани фатваларды берүүгө мажбурлай башташты. “Азаттык” үналгысы тараткан жогорудагы маалымат да ушул максатта таратылды.
Даават фарз, андан ар бир момун мусулман жоопкер. Даават – бул динге чакыруу жана куфрдан жүз үйрүшү үчүн адамдардын акылдарына кайрылуу! Ага куфр гана тоскоолдук кылат! Даават жашырынышы мүмкүн, бирок токтобойт! Дааваттка тоскоолдук кылуу намазга тоскоолдук кылууга барабар. Кытай баскынчылары алгач дааватка, андан кийин намазга, акыры келип дуба кылууга да тоскоолдук кылып жаткандыгына күбө болуп жатабыз! Куфр, анын динине кирмейинче, эч качан бизден ыраазы болбойт!!! Мындан Аллах сактасын!
Абдураззак Муъмин.