Кыргыз–тажик чек арасындагы жаңжалда 9 адам жараат алды
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Баткен аймагындагы участкасында 18-декабрдагы жаңжалда Кыргызстандын 6, Тажикстандын 3 жараны жарадар болду.
Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлагандай, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелери боюнча өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери жана күч органдары сүйлөшүп жаткан маалда тажик тараптан белгисиз адамдар Кыргызстандын жарандары турган тарапка таш ыргыта баштаган. Буга жооп кылып ыргытылган таштардан тажик жарандарынын эки унаасынын алдыңкы терезелери сынган. Жыйырма мүнөттөй убакыт өткөн соң тажик тараптан ок атылып, ИИМдин бир аскер кызматкери жараат алган.
Жыл башынан бери кыргыз-тажик чек ара тилкесинде ондон ашык чыр-чатак катталып, адамдар каза болду. 16-сентябрда жүз берген чатакта 4 адам каза болгон.
Комментарий: Чек арага жакын жайгашкан айылдын тургуну билдиргендей, провокацияны таптакыр чоочун адамдар уюштурууда.
Ал: “Биздин айыл чоң деле эмес, ошондуктан бири-бирибизди жакшы тааныйбыз. Сүйлөшүүнү бузуп, ар дайым таш атышууну баштап жаткан адамдар бул жердиктер эмес”, – деген.
Кыштын суук күндөрүндө жарандардын бири-бири менен жер талашуусу акылга туура келбейт. Демек, бул жерде башка кызыкчылык бар. Башкача айтканда, башка бир тараптын кызыкчылыгы үчүн атайын провокация уюштурулган.
Акыркы кездерде Россия Өзбекстанга басым өткөрүү жолунда Кыргызстанды ага каршы багыттоого аракет кылууда. Хабаровскиде ондогон кыргызстандыктарды орган кызматкерлери эч кандай негизсиз таяктады. Ар дайым кыргыз бийлиги өз кызыкчылыгы жолунда Батыш дүйнөсү менен кызматташтыкты бекемдемекчи болгондо, Тажикстан чек арасында жаңжал уюштурат. Максаты, Кыргызстанды тышкы саясатта Россиянын кызыкчылыгы тарапка жүрүүгө мажбурлоо. Россия Кыргызстандын Батыш же Өзбекстан менен ар кандай мамилесин белгилеп жатып, Россиянын кызыкчылыктарынан келип чыгып аракет кылуусун каалайт.
Мындай саясий басым алдында Кыргызстанда эч кандай экономикалык өнүгүү жана тынчтык-туруктуулук болушу мүмкүн эмес!
Ички саясатта Батыш (АКШ) нааразылык акцияларын уюштуруп, Кыргызстан бийлигине басым өткөрүүгө олуттуу аракет кыла баштады. Кыргызстан бийлиги эки оттун ортосунда калып, алардын бири тарапка өтүүдөн коркуп, туңгуюкка кептелип калды. Өлкөдө стратегиялык же саясий, же болбосо, эки тармакта тең боштук пайда болушу мүмкүн. 2010-жылы Бакиев бийликтен кулатылганда ушундай абал пайда болгон. Ошол кездеги убактылуу өкмөт боштукту башка күчтөр толтуруп алышынын алдын алуу үчүн Россия менен биргеликте Оштогу коогалаңды уюштурган! Азыр да боштук пайда боло турган болсо, ал кандайдыр олуттуу проблемаларды келтирип чыгарышы мүмкүн!
Демек, мамлекетибизде эки кооптуу абал пайда болушу күтүлүүдө. Биринчиси, Россиянын региондогу, айрыкча, Өзбекстандагы стратегиялык кызыкчылыгынан келип чыккан коркунуч. Экинчиси, Кыргызстанда саясий чөйрө о.э. жетекчи топко каршы калыптанып жаткан Батыш саясий чөйрөсүнөн кутулуу максатында уюштурулушу мүмкүн болгон коркунуч. Россия кызыкчылыгы менен Кыргызстандагы саясий чөйрөнүн кызыкчылыгы биригип кетиши менен мамлекетте атайын башаламандык уюштурулушу мүмкүн. Себеби, бир дүйнө караш экинчи дүйнө карашка коомду өз ыктыяры менен жөн эле тапшырып койбойт! Сак бололу, алар кырдаалды трайбализм, улутчулук тарапка, же Ислам жана мусулмандарга каршы багытташы мүмкүн!
Абдураззак Муъмин.