Имамдар нике тууралуу мыйзамды ишке ашыра баштады

292
0

Имамдар нике тууралуу мыйзамды ишке ашыра баштады

Жалал-Абадда имамдар нике кыюуну атайын китепчеге каттоо чечимин ишке киргизишти. Муфтияттан сунуш кылынган бул демилге жаш үй-бүлөлөрдүн араздашуусун алдын алуу катары жымсалданууда.

Жалал-Абад облустук мусулмандар казысынын орун басары Бакыт Түнкатаровдун айтымында, жаш үй-бүлөлөрдү китепчеге каттоонун негизги максаты – 18 жашка толгон гана адамдарды никеге каттоо жана нике окуу.

Белгилей кетсек, 2016-жылы 18 жашка чыга элек жарандарга диний нике кыюуга тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, жашы толо электерге нике кыюуга жол берген тараптар үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилет. Бул үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыраткан жаза чарасы каралган.

Түпкүлүгүндө бул мыйзам долбоору Ислам шарияты өкүмүнө каршы кабыл алынган. Анткени, шариятта кыз турмушка чыгышы үчүн шарият өкүмдөрү жүктөлө тургандай акылга ээ болушу керек. Бирок, ошондой акылга 17 жашта толот деген эреже эч бир жерде жок. Тескерисинче, балагатка жеткен пенде кем акыл болбосо эле, анда ал никеге жарактуу эсептелет. Ал эми демократтардын эрежесине салсак, намаз окуш, хижабданыш ж.б.лар үчүн да 18 жашка чыгуу керек болуп калабы?

Мындан тышкары, бул долбоор китепче алган имамдарга гана нике кыюуну жүктөп жатат. Акыйкатта, нике кыйышты билген ар бир мусулман бул милдетти өтөшү шарт. Ошондуктан, ар бир мусулманга бул милдет үйрөтүлүшү керек.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here