Капиталисттик цивилизациянын «мөмөлөрү»:
АКШ кошуундары арасында өз өмүрүнө кол салып жактандардын саны көбөйүүдө
Ал-Ваъй журналынын хижрий 1441-жыл сафар, миладий 2019-жыл октябрь айындагы 397-санындагы кабарда мындай делет: «Америка коргоо министрлиги чыгарган отчётко ылайык, Америка аскерийлери кызмат маалында өз жанына кол салган абалдар акыркы беш жылда кескин көбөйгөн. Аскерлердин кызмат учурунда өз жанына кол салышы жөнүндөгү Пентагондун отчётунда айтылышынча, бул абал жүз миң аскерге 24,8 абал туура келет. 2013-жылы бул көрсөткүч жүз миң аскерге 20 абал туура келсе, 2018-жылы 541 аскер өз жанына кол салган. Пентагондун кубаттуу туруктуулук бөлүмүнүн башчысы Элизабет Ван Винкль мындай дейт: «Биз туура багытта бара жаткан жокпуз». Аскерий жетекчилер аскерлердин арасында өз жанына кол салуу абалдары көбөйүп жатканына түшүндүрмө бере алышпаган. «Си-Эн-Эн» маалымат агенттиги ишара кылышынча, бул сыяктуу өз жанына кол салуу абалдары согуш абалдарына байланыштуу эмес. Бул, наркотикалык заттарды колдонууга, финансылык банкротко байланыштуу».
Роя гезити:
Америкада ок атуучу куралдардан аң-сезимсиздик менен пайдалануу жылына жүздөгөн америкалыктардын өлүмүнө алып келет. Аларга АКШ кошуундары арасында өз өмүрүнө кол салуу абалдары кошулду. Бул абал өзүн Батыш цивилизациясынын үлгүсү катары санаган мамлекет моралдык боштукка, психологиялык вакуумга жана коом бүлгүндүгүнө жүз тутканына далалат кылууда. Бул цивилизациянын кырсыгынын курмандары ушул цивилизацияга итикад кылуучулар болууда.
Роя гезити