Фалестина режими Ислам душмандарынын программасын аткаруу менен аялдарды бузууга, «CEDAW» конвенциясын колдонуу менен үй-бүлөлөрдү ойрон кылууга аракет кылууда

360
0

Фалестина режими Ислам душмандарынын программасын аткаруу менен аялдарды бузууга, «CEDAW» конвенциясын колдонуу менен үй-бүлөлөрдү ойрон кылууга аракет кылууда

Фалестина администрациясынын Министрлер кеңеши жеке абалдарга байланыштуу мыйзамдын 5-беренесине өзгөртүү киргизүү менен нике куруу курагын 18 жашка жогорулатуу жөнүндөгү токтомду президентке сунуштады. Учурда бул токтомго президент кол коёру менен мыйзам күчүнө кирет.

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–Фалестин жума күнү чыгарган баракчада ушуларды баса белгиледи:

«Фалестина режими ишке ашырмакчы болуп, феминисттик уюмдар үй-бүлө бекемдиги үчүн деп актап жаткан бул токтом – кылмыш. Себеби, бул режим да, феминисттик уюмдар да, Батыш тарабынан каржыланган шектүү тараптар да бий жана ыр фестивалдарын, марафондорду, аял-эркек аралаш болгон иш-чараларды өткөрүү аркылуу коомубузду бузууга аракет кылышууда. Эми, алар нике курууну кечиктиришмекчи болушууда».

Баракчада ушуларга этибар каратылды:

«Режимдин ушул токтому жана феминисттик уюмдар жана башка мекемелер өткөрүп жаткан бузуку иш-чараларды коргоп жатканы – Ислам душмандарынын көрсөтмөлөрүн ишке ашыруу, «CEDAW» конвенциясын аткаруу. Режимдин ушул токтому шаръий өкүмдөрдүн кээ бири сакталып калган жеке абалдар мыйзамынын бекер кылынышына чөйрө даярдайт. О.э. ахлакый кыйроого жана бүлгүнгө, үй-бүлөнүн бузулушуна алып барат!».

Баракчада баса белгиленишинче, режим мактап жаткан «CEDAW» конвенциясынан максат – дүйнө калктарын, өзгөчө, мусулмандарды Батыштын ыплас баалуулуктарын жана эркек-аялдын мамилелери жөнүндөгү Батыш жашоо таризин кабылдоого үгүттөө. О.э. конвенция бөлүмдөрү жеке абалдар туурасындагы мыйзамга тиешелүү шаръий өкүмдөрдү бекер кылууга багытталган. Баракчада: «Бул колонизатор Батыш бизге жакшылык каалабайт, мусулмандардын аялдары азиз- болушун эч качан каалабайт. Тескерисинче, бул кафирлер аялдарыбызды көргөзмөгө коюу, ырахаттануу үчүн товарга айлантууну, коомубузду сакталып калган пакизалык жана абийирди көрө албастан, аларды жок кылууну көздөшөт», – делет.

Баракча Фалестина калкына кайрылуу жасоо менен аяктаган: «Эй Фалестин калкы! Мыйзам жана конституцияларга өзгөртүү киргизүү – колонизатор кафирлердин чабуулу, алар мыйзамдарыңарды, таалим программаңарды жана турмуш таризиңерди бутага алышкан. Алар ушул аркылуу мубарек Фалестинден жана анын ыйык жерлеринен баш тартууга даяр муунду өстүрүп чыгарууну көздөшөт. Муну ишке ашыруудагы негизги куралдар – Фалестина режими жана шектүү уюмдар. Демек, режимдегилердин кылмыштарына сүкүт кылсаңар, бузукулук жана кылмыштуулук саясатына каршы турбасаңар, эмне болорун элестеткиле?!

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here