Судан кен байлыктарга мол боло туруп, эмне үчүн Судан акимдери колонизатор мамлекеттерге жалдырайт?!
Судан финансы министри Ибрахим Бадавий «Рейтер» агенттигине: «Экономикалык кризисти алдын алуу максатында бюджетти колдоп-кубаттоо үчүн Суданга беш миллиард доллар керек», – деп билдирүү берди. Бул аткаминер мурун: «2020-жылдагы бюджет Суданга дос мамлекеттердин жардамында каржыланат», – деген. О.э. бул кимсе Суданды азыркы экономикалык оор абалдан чыгаруу үчүн Эл аралык Валюта Фондунан сүткордукка негизделген кредиттерди алууга тынымсыз аракет кылып келет.
Ушуларга ылайык, Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий сүйлөөчүсү устаз Ибрахим Усман (Абу Халил) ушуну баян кылды:
«Судандын бүгүнкү күндөгү өкмөтүнө жана өкмөттүн өлкөдөгү экономикалык кризисти чечүү үчүн колонизатор Батыш мамлекеттерин ээрчип жатканына назар салган киши өкмөттүн негизги ийгиликсиздиги – ал кризисти чечүү жөнүндө туура эмес пикирлеп жатканына толук ынанат. Анткени, ушул арамза капиталист болгон Эл аралык Валюта Фонду туура чечим бербейт». Устаз Абу Халил ушул суроолорду ортого салды:
«Эгин эгүүгө жарактуу миллиондогон гектар жерде, дарыя жана жамгыр суулары мол болгон жерде ондогон айыл-чарба долбоорлорун ишке ашырууга жөндөмдүү Судан өлкөсү кантип башкалардан нан күтүүдө?! Жер астынан жүздөгөн тонна алтын чыгып жаткан өлкөнүн финансы министри эмне үчүн колонизатор мамлекеттерге жана Эл аралык Валюта Фондуна жалынып жатат?! Эмне үчүн бул өкмөт эмне кылууну билбей таң калып, эмне үчүн АКШ жана Европадан батыл чечимдерди күтүп жатат?! Деги, өлкөдө турмуштун түрдүү тармактарында интеллигент жөндөмдүү адамдар өтө көп го?!». Билдирүүнүн соңунда устаз мындай дейт:
«Биз Батыштын уу-заар жардамдарына муктаж эмеспиз. Аллах жана Расулуна согуш ачуу саналган анын сүткордук кредиттери бизге керек эмес. Бизге Уммат акыйдасына негизделип пикирлеген, инсандардын иштерин ааламдар Роббисинин өкүмдөрү менен башкарып, өлкөнүн кен байлыктарынан Умматка кызмат кылууда жана өлкөнүн байлыктарын талап-тоноп жаткан колонизатор кафирдин колуна балта чабууда пайдалана турган эр кишилер керек. Шек-күмөнсүз, алар – Аллахтын уруксаты менен, жакында тикелене турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекети жетекчилери. Бардык проблемаларды жана кризистерди чечүү, өлкөнү ойгонуу жана өнүгүү жолуна алып чыгуунун бирден-бир кепили – ушул мамлекет.
Роя гезити, №260, 2019-жыл, 20-ноябрь.