Килкилия шаарында Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү саясий камакка алууларга каршы нааразылык демонстрациясын өткөрүштү
Фалестина режими үч Хизб мүчөсүн баракча таратуу артынан камакка алып, он күндөн ашык камакта кармап турганына каршы Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү Килкилия шаарында сот алдында демонстрация өткөрүштү. Баракчада режим Фалестина калкына «CEDAW» декларациясын зордоп колдоно баштаганы кескин сындалган.
Демонстранттар ушул мазмундагы ураандарды көтөрүп чыгышты: «Аллахтын шариятын коргоп жаткандар – камакка алууга жана соттоого ылайык кылмышкерлерби?!», «Аллах Таала:
﴿أَفَنَجْعَلُ الْمُسْلِمِينَ كَالْمُجْرِمِينَ + مَا لَكُمْ كَيْفَ تَحْكُمُونَ﴾
«Мусулмандарды кылмышкерлерге теңейбизби?! Силерге эмне болду? Кандай өкүм чыгаруудасыңар?» [68:35-36]
деп айтууда», «Эй мусулмандар, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү каргаша «CEDAW» декларациясын зордоп колдонууга каршы чыгышканы үчүн камакка алынды, ушундай бейбаштыкка ыраазысыңарбы?!», «Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө кошулуп «CEDAW» декларациясын четке каккыла!».
Роя гезити, №261, 2019-жыл, 20-ноябрь.