Эрдаган Ислам мамлекетин кулаткан кимсени эскерүүдө. Эмнеге?! Эмнеге мусулмандар аны колдоп жатат?!

696
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эрдаган Ислам мамлекетин кулаткан кимсени эскерүүдө. Эмнеге?! Эмнеге мусулмандар аны колдоп жатат?!

Түркия мамлекети 2019-жылы 10-ноябрь күнү Мустафа Камалдын өлүмүнүн 81 жылдыгын белгиледи. Республика президенти Эрдаган аны эскерип, анын күмбөзү астында чөгөлөп турду. Эрдаган аны: «Азаттык күрөшүнүн жетекчиси, республиканын куруучусу, эл кадырлаган адамдардын бири», – деп мактады. О.э. Эрдаган: «Ал бизге аманат кылып калтырып кеткен республикабыз жашашы, өнүгүшү жана бекемделиши үчүн бардык күчүбүз менен аракет кылабыз, жашасын республика!», – деди.

Белгилүү болгондой, Мустафа Камал Ислам жана мусулмандар тарыхында үлкөн кыянаттык жана кылмыш жасаган. Ал англистерге каршы согушууга жиберген халифага кыянаттык кылган. Мустафа Камал бул кыянаты артынан халифага каршы чыгып, англистердин эң чоң малайына айланды жана алардын пайдасына Халифалык мамлекетин кулатып, мунун акысына президент болду. О.э. ал Лозанна келишимине кол коюу менен Усманий мамлекеттин башкаруусунда болгон башка мусулман өлкөлөрүнөн англистер жана колонизатор мамлекеттер үчүн баш тарткан… алар сызып берип, «Түркия» деп аташкан аймак менен чектелди. Алар айла-амалдуу оюн кылып, Мустафа Камалды жасалма каарманга айлантышкан. Т.а. алар андан алыстап, гректерди Измирди басып алууга үндөшкөн. Кийин Мустафа Камал аларды кууп чыгаруу менен «каарман» болгон. Ошентип, ал каалаганын кылууга акылуу жеңүүчү каарман катары Ислам жана мусулмандарга каршы ар кандай кылмыштарды жасады! Мустафа Камал мусулмандарды азаттык согушуна жетектөө менен аларга кыянаттык кылды. Себеби, түпкүлүгүндө бул Ислам баалуулуктарын жок кылуу жана тарыхта эң ири эсептелген мамлекетти кулатуу согушу болду… Ал мусулмандарды өлтүрдү, анын колу менен өлтүрүлбөгөн, же камакка ташталбаган, же сүргүн кылынбаган мусулман уламалар жана факихтер калбады… Ал он миңдеген мусулманды кырып салды. Айтымдарга караганда, Мустафа Камал Халифалыкты кулаткандан кийин ага каршы мусулмандар козголоң кылышканда 200 миңден ашуун адамды өлтүргөн. Бул кимсе Исламды башкаруудан четтетип, куфр акыйдасы болгон илманийликти алып келүү менен Аллахка жана Расулуна кыянаттык кылды. Исламдагы башкаруу системасына тескери республикалык башкарууну орнотту, Ислам мыйзамчылыгын бекер кылып, эл мыйзамчылыгы деген наам менен аны демократияга алмаштырды. Исламга жана анын көрүнүшүнө алакасы болгон ар бир нерсени жок кылууга урунуп, араб тилине, азанга жана шаръий кийимге каршы согуш ачты. Ар кандай куфрга жана бузукулукка эркиндик берди… Исламга тиешеси болгон нерсеге каршы күрөштү, Ислам жана Халифалыкка даъват кылууга, шаръий өкүмдөргө чакырууга тыюу салган мыйзамдарды чыгарды. Батыштан куфр мыйзамдарын алып келип, куфр конституциясына негизделген мамлекет курду жана аны Батышка, анын союздаш мамлекеттерине байлады. Булар Мустафа Камалдын бузуку адам катары таанылган иштеринен тышкары нерселер.

Мустафа Камалдын кыскача баяны ушундай! Ко-ош, эмнеге Эрдаган ушундай кимсени мактап жатат?! Эмнеге эң чоң мамлекетти кулатып, анын ордуна тикелеген республиканы алкыштап жатат жана аны мусулман деп жатат?! Эмне үчүн Ислам баалуулуктарын ойрон кылган, мамлекетин кулаткан, мусулмандарга каршы күрөшүп, бузукулук жайган кимсени мактап жатат?! Түркия калкы Мустафа Камалдын зомбулугунан, зулумунан жана анын илманий республикалык башкаруусунун зулумунан өтө көп кырсыктарга тушукту. Мусулмандар бул кимсени Умматтын намысына, динине, мамлекетине, тарыхына жана маданиятына душмандык кылган кылмышкер деп билишет жана аны наалатташкан. Ошондуктан, Түркияда Мустафа Камалга жана анын клымыштарына, кыянаттарына, бузукулуктарына каршы чыгууну кылмыш эсептеген мыйзам иштелип чыккан. Эрдаган да бийликке келип, аны улуулады. Андан тышкары, камалчы аскерийлер да өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынан берки ар бир мамлекеттик төңкөрүш артынан адамдар назарынан четте болгон бул кимсени көккө көтөрүп макташты. Алар ар ирет төңкөрүш жасашканда, муну Мустафа Камалды жана анын революциясын, республикасын жана илманий башкаруусун коргоо үчүн жасашканын айтышты. Себеби, бул камалчы аскерийлер адамдар Исламга умтулуп жатканын жана анын бийликке келишин арзуу кылып жатышканын билишет.

Эрдаган англистердин малайы болгон камалчыларды ыраазы кылмакчы өңдөнөт. Эрдаган ушундай жол аркылуу 2016-жылы 15-июлдагы төңкөрүш жасоо аракетинен кийин алар дагы төңкөрүш жасоого аракет кылышын алдын аламын деп ойлоп жатат. 2016-жылы түрк аскерийлери гуленчилер менен союз түзүп төңкөрүш жасоого урунушкан. Оппортунисттер деп айтылып жаткан гуленчилер бийликке келүү жана кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн ар кандай күчтөн пайдаланууга аракет кылышат, мурда да, Тургут Озалдан тартып Демирелге чейин, Эжевиттен тартып Эрдаган жана камалчыларга чейин бир нече англисчил жана америкачыл саясий күчтөр менен иш алып барышты.

Эрдаган илманийликти колдонуп, аны мактайт жана коргойт, ал тургай, адамдарды ага үгүттөйт! 2011-жылы Мисир калкы режимге каршы козголоң кылып, Хусни Мубаракты кулатышкандан кийин Эрдаган Мисирге барды жана ошол жерде «эң жакшы башкаруу – илманийлик» деп мисирликтерден ушул башкарууну колдонууну талап кылды. 2016-жылы 26-апрелде Түркия парламентинин спикери Исмаил Кахраман: «Биз мусулман өлкөбүз, дастурубузду өзүбүздүн динибизге ылайык иштеп чыгышыбыз керек», – дегенде, Эрдаган анын сөзүн четке кагып: «Бул анын жеке пикири, партияга жана өкмөткө таандык сөз эмес», – деди. Эрдаган: «Мисирге барып, анын калкынан илманийликти колдонууну талап кылдым, Ихван муршиди Мухаммад Акиф каршылык билдиргенде, мен сизди илманийликке ишендиремин дедим. Аны менен сүйлөшүп, ишендирдим», – деди.

Андан тышкары, Эрдаган АКШ биздин союздашыбыз жана досубуз деп Ислам жана мусулмандардын душманы болгон бул мамлекетке достук билдирип, аны менен Сирия калкына каршы тил бириктирүүдө. Эрдаган муну 2019-жылы 13-ноябрда Америкага сапар кылып, президент Трамп менен жолугушкандан кийин дагы тастыктады. Эрдаган Россия президентин т.а. Ислам жана мусулмандар душманы Путинди «кадырман досум» деп атады! Аны менен Сирия калкына каршы келишип, азат кылынган региондорду жеңилүүгө учуратып жатат, аларды Россия, кийин режимдин колуна тапшырып жатат. Муну Астана жана Сочи жолугушууларында «кескиндикти басаңдатуу» деген чүмбөт астында ишке ашырууда. Бул аталыштардын акыркысы «Тынчтык булагы» болуп, Эрдаган ортоктош кайгуул көзөмөлүн орнотууну Россия менен келишип алган соң, айрым региондорду режимдин колуна тапшырды, айрымдары тапшырылуу алдында турат. Булардын баары Исламдын Сирия бийлигине келишин алдын алуу, ал жердеги илманий режимди жана илманий жетекчилерди бекемдөө максатында жасалды. Муну менен Эрдаган Сирия калкын эч ким алдай албаган жол менен алдады, козголоңду жок кылуу үчүн ага кыйраткыч сокку берди.

Бул айтылгандарды Эрдаганды коргоочулары көрбөй жатышабы?! Качанга чейин мусулмандар бул кимсени коргошот, андан жакшылык күтүшөт?! Эмнеге ушундай болуп жатат?! Маселени дыкат үйрөнүп чыксак, мусулмандардын көпчүлүгүндө туйгу үстөм келгенин, айрымдары баёолукка алдырышканын, мындан улам, адамдарга байланып калышканын, адамдарды жана абалды оңдоо үчүн Ислам өлчөөлөрүнөн пайдаланбай жатышканын, окуялардын түпкү максатын түшүнбөй жатышканын көрөбүз.

Саясий аң-сезим – окуяларга белгилүү бир чекиттен туруп кароо. Мусулман адам Ислам акыйдасына жана андан келип чыккан пикирлерге таянып кароосу жана аларды вакиъликке байлоосу керек. Саясий аң-сезим – нур. Мусулман анын нуру менен окуяларды көрөт, түшүнөт жана ал жердеги «оюнчуларга» баа берет… Бирок, мусулман жогоруда айтылган абалдагы адамдарды жана жетекчилерди коргобойт. Анткени, Робби аларды коргоодон кайтарууда:

﴿وَلاَ تُجَادِلْ عَنْ الَّذِينَ يَخْتَانُونَ أَنفُسَهُمْ إِنَّ اللَّهَ لاَ يُحِبُّ مَنْ كَانَ خَوَّانًا أَثِيمًا﴾

«Сен өздөрүнө кыянаттык кылгандардын таламын талашпа! Албетте, Аллах кыянат кылуучуларды жана кылмышкерлерди сүйбөйт»                                                          [4:107]

Мусулман Ислам өлчөөлөрүнөн туура пайдаланат. Себеби, акыйкат адамдар менен өлчөнбөйт, балким, адамдар акыйкат менен өлчөнөт жана ээрчүүгө эң акылуу нерсе акыйкат. Башкаларды да адаштырып, өзү да туура жолдон адашкан кимселер – ээрчүүгө акылуу эмес. Демек, чечим ушул чекитте. Т.а. ушул чекиттен туруп окуялардын абалдары, шарттары, түпкү маңызы каралат, алар эл аралык позицияга байланат, алардын маңызы терең жана жаркын таризде түшүнүлөт, окуяларга нафси-каалоого ылайык келген түс берилбейт. Ислам өлчөөлөрү абдан терең туура түшүнүлүп, ушул өлчөөлөрдөн пайдаланылат. Аллах Таала момундарга кайрылып, Куръан жана Расулунун сүннөтүнөн өкүм алууну талап кылууда:

﴿فَإِن تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللّهِ وَالرَّسُولِ إِن كُنتُمْ تُؤْمِنُونَ بِاللّهِ وَالْيَوْمِ الآخِرِ ذَلِكَ خَيْرٌ وَأَحْسَنُ تَأْوِيلاً﴾

«Эгер, кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар — эгер чынында эле Аллахка жана акырет күнүнө ишенсеңер — ал нерсени Аллахка жана пайгамбарына кайтаргыла! Мына ушул жакшыраак жана көркөмүрөөк чечим»                                                                         [4:59]

Роя гезити, №261, 2019-жыл, 20-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here