АКШ “Талибан” кыймылы менен сүйлөшүүлөрүн жандантты
АКШ “Талибан” кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандантты. Жаңы сүйлөшүү Катардын борбору Доха шаарында өтүп жатат. Ага “Талибан” кыймылынын жетекчилери катышууда. Сүйлөшүүгө америкалык делегацияны Ооганстан боюнча атайын чабарман Залмай Халилзад жетектеп келген.
“Талибандын” расмий өкүлү Сухаил Шахин “Твиттердеги” баракчасына cүйлөшүү мурда токтогон жеринен кайра башталганын, келишимге кол коюу өңдүү бир топ маселелер талкууланганын жазган.
Белгилүү болгондой, бул маселе
2001-жылдын аягында АКШ Талибанды күч менен бийликтен алгандан кийин башталган.
Муну АКШ 11-сентябрдагы “терракт” шылтоосу менен жасаган. Бүгүнкү күндө
Ооганстан маселеси АКШнын баш оорусуна айланды. Анткени, 18 жылддан бери
миллиарддаган доллар жумшап түптөгөн расмий бийлик элдин колдоосуна ээ боло
албады. Тескерисинче, күн санап алсырап бара жатат.
Тилекке каршы, учурда “Талибан” өкүлдөрү 18
жылдык мээнетин текке кетирүү алдында турат. Анткени, куфр менен келишүүгө
кадам таштай баштады. АКШ ушунча убакыттан бери согуш менен жете албаган
жеңишке, саясий тузактар менен жетүүгө шыктанып жатат.
Түпкүлүгүндө, Американын тынчтык жараяны – Талибан кыймылын күчсүздөнтүүгө, аны бөлүп салып, моюн сунууга каратылган саясий тил бириктирүү. Бир жагынан, бул, Американын эң узун ооган согушунда колдон чыгарган жеңилүүлөрүн жеңишке айлантат жана бүгүнкү АКШ администрациясы 2020-жылы кайра шайланышына жардам берет. Ошондуктан, Американын Ооганстанда ар кандай абалда турушу рак ооруусу сыяктуу десе болот, аны түп тамыры менен алып салуу зарыл. Андыктан, Америка кандай гана кооз шарттарды сунуштабасын, алардын баары аягында мусулмандарга тузак болуп эсептелет!
Мумтаз Маверанахрий