Россия Кыргызстанга эки даана аскерий тик учак жана радиолокациялык станция белек кылды

348
0

Россия Кыргызстанга эки даана аскерий тик учак жана радиолокациялык станция белек кылды

Россия Кыргызстанга МИ-8МТ үлгүсүндөгү эки тик учак жана П-18 үлгүсүндөгү радиолокациялык станция белекке берди. Бул тууралуу “Sputnik” Кыргызстан кабарлады.

Техникаларды өткөрүп берүү салтанаты Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн Кант шаарына жакын жайгашкан Абадан коргонуу боюнча авиациялык-техникалык аймагында өткөрүлдү.

Салтанатты Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн жетекчисинин орунбасары Нурлан Чомоев жана Россиянын коргоо министринин орунбасары Александр Фомин жетектеди.

П-18 радиолокациялык станция – асмандагы объекттерди күзөтүп, алардын координаттарын өлчөп, кайсы мамлекетке тийиштүү экендигин аныктайт.

МИ-8МТ тик учагы каршылаш тарапты ракеталык жана бомбалоочу курал менен жок кылууга жөндөмдүү экени маалым.

Комментарий: Россия Кыргызстанды Евразия экономикалык биримдигине кошуунун алдында Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө аскерий жардам берүү милдетин мойнуна алган. Үстүбүздөгү жылдын башында Россия ошол келишимдин алкагында Кыргызстанга чек араны кайтаруу жана көзөмөл өткөрүү пункттарын жабдуу үчүн 123 даана аскерий авто унаа жана инженердик техника берген. Аталган жардамды тапшыруу салтанаты 15-январь күнү Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өткөрүлүп,  ага президент Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт мүчөлөрү катышкан. Кийинчерээк, социалдык тармактарда тараган видеоматериалда Россиянын “жардамы” болгон аскерий автоунаалардын т.а. “УАЗ”дардын чыныгы абалы көрсөтүлүп, алардын тышы гана автомобил көрүнүшүндө экендиги белгилүү болгон.

 Маалым болгондой, СССРден Россияга мураска калган үлкөн аскерий техникалар алда качан эле мөөнөтүн өтөп болушкан. Ал техникалар запастык куралдар катары жараксыз абалда аскерий кампаларда сакталууда. Россия өзүнө керексиз болгон жараксыз эски техникаларын Кыргызстанга өткөрүүдө. Россия бул аркылуу эки пайдага ээ болот. Биринчиден, мөөнөтүн өтөп бүткөн жана заман талабына жооп бербей калган эски аскерий техникалардан кутулат. Экинчиден болсо, эски техникаларын жана учурда зарылдыгы болбогон запастык жабдыктарын өткөрүү аркылуу Кыргызстандын аскерий көз карандылыгын күчөтөт. Мындан тышкары, ал куралдар “террорист” деп аталган жасалма душмандарга, чек ара жаңжалдарына, же элдик көтөрүлүшкө каршы гана падаланылат. Башкача айтканда, ал аскерий техникалар булардан башкага жарабайт.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here