Бишкекте ЖККУ саммити өтөт

418
0

Бишкекте ЖККУ саммити өтөт

Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун төрагалык милдетин 28-ноябрда Бишкекте саммит өткөрүү менен жыйынтыктайт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан бул уюмга төрагалык кылган мезгилде уюмда коопсуздук маселелерин, кризистик кырдаалдарды жөнгө салууга, аскердик-экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылык берилген.

Ал эми Бишкекте өтө турган саммитте эл аралык жана аймактык коопсуздук маселеси талкууланат. Бир катар документтерге кол коюлуп, уюмдун 2020-жылга карата бюджети бекитилет.

“Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюму” аймактык уюм болуп, “тынчтыкты сактоо, аймактык жана дүйнөлүк коопсуздукту жамааттык негизде коргоо” сыяктуу беткап артында Орусиянын аймактагы аскердик таасирин бекемдеп келет.

ЖККУнун курамында 26 миң туруктуу аскер жана 4 миңден ашык тынчтыкты сактоочу аскерден турган 10 батальон бар. Анын 3 батальону Россияга, экөө Казакстанга, калган өлкөлөргө бирден батальон тиешелүү. Аба күчтөрүнөн 10 аскердик учак жана 14 тик учак Кыргызстандагы Орусиянын авиа базасында жайгашкан.

2005-жылы Өзбекстандын сунушу менен кабыл алынган кеишимге ылайык, ЖККУ мүчө мамлекеттен тышкарыда да мамлекеттик төңкөрүштөргө каршы аскердик операцияларды жүргүзө алат. Бул өз учурунда Армения-Азербайжан жана Кыргызстан-Өзбекстан ортосундагы чыр-чатактарга аралашууга да шарт түзөт.

Жогорудагы маалыматтардан келип чыгып айтсак, ЖККУ региондо негизги эки кызматты аткарат. Биринчиси, бул уюм Орусияга өзүнүн мурунку колониясындагы таасирин сактап, анын кызыкчылыктарын камсыздап берет. Бул өз кезегинде, башка державалардын регионго аскерий аралашуусун тыйып коёт. Экинчиси, Эл аралык кербен менен бирге “терроризм” шылтоосу астында региондогу мусулман калкка каршы күрөшөт. Тагыраагы, Исламды толук колдонууга аракет кылган мусулмандарды сындырууну көздөйт.

Мындан тышкары, Орусия региондогу аскерий базалары т.а Кыргызстан менен Тажикстанда жайгашкан базалары аркылуу жана Казакстанда жашыруун сакталган аскердик курал-жарактары аркылуу да өз таасирин сактап турат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here