Азербайжанда дин өкүлдөрүнүн саммити өттү
14-ноябрда Азербайжандын Баку шаарында бүткүл дүйнөлүк дин өкүлдөрүнүн саммити болуп өттү. Ага Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев да катышты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, саммитке дүйнөнүн 70тен ашуун мамлекетинин муфтийлери, дин кызматкерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жалпысынан 500дөй конок чакырылган.
Иш-чаранын алкагында терроризм жана эсктремизм менен күрөшүү, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча маселелер каралды. Саммиттин жыйынтыгында атайын декларация кабыл алынды.
Бүгүнкү күндө мусулмандар өз динин жаюу же өнүктүрүү үстүндө чогула албай турган болуп калды. Тескерисинче, бул чогулуштарда каапыр колонизаторлор динибизге “ярлык” катары жабыштырган “экстремизм”, “терроризм” темалары гана талкууланууда. Түпкүлүгүндө бул терминдерди АКШ баштаган Батыш дүйнөсү ойлоп тапкан эле. Максат, Исламды дүйнөлүк проблемаларга чечим катары көтөрүп чыккан мусулмандарды куугунтуктоо болгон. Эми болсо дин өкүлдөрү Батыш таңуулаган “аялдар, балдар укугун” да талкуулай турган болуп калды. Бул маселе дагы Исламга көө жабуу максатында, Исламда “укуктар” бузулуп жаткандай түр көрсөтүү ниетинде ойлоп табылган. Түпкүлүгүндө, Ислам аял, эркек, баланын укук-милдеттерин туура жана акыл канааттана турган деңгээлде чечип берген. Анткени, ар бир нерсенин жаратуучусу жараткан нерсесинин табиятын жакшы билүүчү!
Мумтаз Маверанахрий