Кытай “Коопсуз шаар” долбоорун Жалал-Абад шаарында ишке ашырууда
Жалал-Абад облусунда “Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабы ишке ашырыла баштады. Долбоордун алкагында, бүгүнкү күндөн тарта Бишкек – Ош, Жалал-Абад – Балыкчы унаа жолдорунда көзөмөл камера-комплекстерин орнотуучу аймактар алдын ала текшерилди. Текшерүүнү Кытайдын “Snenzhen Sunwin” компаниясынын өкүлдөрү, ИИМдин кызматкерлери жүргүзүүдө.
Маалыматка ылайык, көзөмөл камера-комплекстери Жалал-Абад облусунун аймагы аркылуу өткөн Бишкек – Ош унаа жолундагы 32 жайга, Жалал-Абад – Балыкчы унаа жолундагы 4 жайга, Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндөгү 12 жайга орнотулат.
Белгилей кетсек, «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууну Кытайдын «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы, орусиялык компаниядан эки эсе аз сумма сунуштоо менен утуп алган. «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы быйыл февралда башталып, анда орусиялык «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Кыргызстандын тышкы карыздарынын тең жарымына жакыны, тагыраагы 1,7 миллиард доллар Кытайдан алынганы белгилүү. Мындан улам, Кытай өлкөдө экономикалык кызыкчылыктарынан тышкары, эми маалымат үчүн күрөштө да кадамдарын таштай баштады. Буга Орусиянын экономикалык жактан алсырап баруусу да чоң мүмкүнчүлүк берүүдө. Муну жогорудагы стратегиялык долбоордо кытай компаниясы орус компанияларын артта калтырганы жана темир жол курууда Орусия менен мунасага жетүүсү тастыктап турат.
Буга чейин Кытай Кыргызстанда адамды кебетесинен тааный турган камералар системасын орното баштаганы кабарланган. Кытай бул долбоорлор аркылуу бүгүнкү Цинзяндагы репрессиялык саясатын эртең Кыргызстанда да улантууну көздөп жатат. Кытайдын ушундай “коопсуздук” көзөмөлдөрү айынан, бүгүн Синьзяндагы лагерде үч миллиондун тегерегинде уйгур, казак, кыргыз, дунган улутундагы мусулмандар камалып жатат. Бул лагерге чет өлкөдө туугандары барлар, кытай тилин билбегендер, кытай мыйзамдарын тааныбагандар, исламий баалуулуктарды бекем кармангандар камалат. Аларга мажбур түрдө кытай тили, мыйзамдары, революциялык ырлар үйрөтүлөт жана дининен, чет жактагы туугандарынан баш тартуу талап кылынат.
Ошондуктан, Кытай компанияларын биз инвесторлор деп эмес, Кытай баскынчылыгынын бир бөлүгү катары карашыбыз о.э. Кытайдан келип жаткан коркунучту көрүшүбүз зарыл.
Мумтаз
Маверанахрий