Жашыруун токтом: Өзбекстанда Дин иштери боюнча комитеттин төрагасы коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басарына теңештирилди
Президент Шавкат Мирзиëевдин 2019-жыл, 4-сентябрдагы жашыруун жарлыгы менен мамлекеттеги диний абал жана диний катмарды көзөмөлдөө Мамлекеттик коопсуздук кызматына тапшырылды.
Расмий түрдө ПК-4437м деп аталган жарлыкка ылайык¸ Министрлер кабинетинин алдындагы Дин иштери боюнча комитет Өзбекстандагы диний саясатка жоопкер болуп бекитилген.
Аталган жарлыкта келишинче, бул комитеттин төрагасы “Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматы аракеттеги запастагы офицери менен толтурулат жана анын макамы Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасынын орунбасары даражасына теңештирилет”.
О.э. мамлекеттеги күч түзүмдөрү, бийлик өкүлдөрүнөн баштап мечит имамдарына чейин бардыгы Дин иштери боюнча комитетке “бардык зарыл болгон маалымат жана документтерди сунуштайт о.э. диний абал боюнча тынымсыз отчёт берип турат”.
Комментарий: Коопсуздук кызматы Каримов режимин Мирзияев жардамында реформа кылып, эл аралык саясий абалга ылайыкташтырмакчы болууда.
Мирзиёев башында дүйнө жүзүнө реформатор болуп көрүндү. Диний жана саясий туткундарды азаттыкка чыгарып, элди чалгытуу максатында үстүртөн бир катар реформаларды ишке ашырды. Каримов коркконунан жаап койгон чек араларды ача баштады. Чет өлкөлөр менен алака орнотуп, бир нече кескин билдирүүлөрдү берип, бир топ аракеттерди ишке ашырды. Бирок, Коопсуздук кызматынан турган жетекчи топтон жетекчиликти тартып ала турган кубат пайда кыла албады. Натыйжада ал да Каримов түшкөн тузакка илинди жана тагдырга моюн сунуп, режимдин кызыкчылыгы үчүн куралга айланып барууда.
Эл аралык саясатта диний адамдарга карата “муътадилдик” саясаты жүрүп жатат. Өзбекстан да бул дүйнөлүк кербен менен бирге жүрүүгө мажбур. Президенттин жогорудагы буйругу дал ошол “муътадил Ислам” долбоору негизинде иштелип чыккан. Долбоордун стратегиясы – “күч түзүмдөрү менен диний жетекчилер ортосунда шайкештик пайда кылып, аларды биргеликте Ислам жана мусулмандарга каршы багыттоо” негизине курулган. Болгону ар бир мамлекет өзүнүн мүмкүнчүлүк жана шарттарына карай, ушул стратегия негизине ылайык келе турган тактикалык ыкмаларды өздөрү белгилешет. Мисалы, Кыргызстан ачык болбосо да жашыруун жолдор менен ушул багытта иш алып барууда. Башка мамлекеттер да колунан келишинче аракет кылууда.
Өзбекстан режими өзгөрбөдү. Ал өзүн реабилитация кылып, дүйнөлүк капиталисттик башкаруу системасына ылайыкташып барууда. Бирок, режимден баш тарта турган түрү жок. Ошондуктан, күч түзүмдөрү, жарандык активисттер менен бир катарда аалымдар жана имамдарды да ачык майданда куфр кызыкчылыгы тарапта кызмат көрсөтүшүн талап кылып, мындан эркиндиктин артынан табигый түрдө пайда болушу күтүлүп жаткан исламий нааразылыктардын алдын алууда пайдаланмакчы болууда.
Абдураззак Муъмин.