Өзбекстан менен Россиянын Коопсуздук кеңештери ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлду

386
0

Өзбекстан менен Россиянын Коопсуздук кеңештери ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлду

31-октябрда Ташкент шаарында Өзбекстан менен Россиянын Коопсуздук кеңештеринин аппараттары ортосунда эки тараптуу консультациялар болуп өттү.

Консультацияга Өзбекстан президентинин алдындагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов жана Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевдер төрагалык кылышты.

Анда коопсуздукту камсыздоо, Борбор Азияда – Афганистандагы кырдаалды эсепке алуу менен – туруктуу өнүгүүнү камсыздоодо маанилүү экендиги айтылды.

О.э. иш-чарада маалымат коопсуздугун камсыздоо тармагындагы алакаларды бекемдөө, келечекте ушул багыттагы кызматташтык жаатында өкмөттөр аралык келишимдерди түзүү маанилүү экендиги белгиленди.

Тараптар коопсуздук жаатында Өзбекстан-Россия кызматташтыгын мындан да тереңдетүүгө, келечекте келишимдик-укуктук базаны бекемдөөгө жана биргеликтеги практикалык аракеттердин эки тараптуу жумушчу механизмин өнүктүрүүгө даяр экендигин тастыкташты.

Консультациянын жыйынтыгы боюнча, тийиштүү протоколго жана Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин аппараты менен Россиянын Коопсуздук кеңешинин аппараты ортосунда 2020-2021-жылдарга болжолдонгон коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча анык иш-чараларды камтыган келишимге кол коюлду.

Комментарий: Өзбекстан Россиянын ЕАЭБге кошулуу сунушун четке кага албады. Бирок, Батыш дүйнөсүнүн каршылыгын шылтоолоп, ЕАЭБге кошулуудан моюн толгой баштады. Ошондуктан, Патрушев Мирзиёевге басым өткөргөнү келди.

Россия Борбор Азия мамлекеттериндеги таасирин жоготуп барууда. АКШ Дүйнөлүк банк аркылуу Өзбекстанга карыз берүү менен аны өз кызыкчылыгына туура келүүчү дүйнөлүк капиталисттик экономика системасын кабыл алууга мажбурлап жатат! Кытай да инвестициялары аркылуу Борбор  Азия өлкөлөрүндөгү таасирин күчөтүүдө.

Россия да Борбор Азиянын так борборунда жайгашкан Өзбекстанга колунан келишинче басым өткөрүүгө аракет кылат. Анын басым өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү негизинен аскерий кубатка таянгандыктан, ал мамлекетте аскерий жана стратегиялык боштук пайда кылууга аракет кылат. Ошондуктан, Россия өзбек бийлигининин көңүлүн Афганистан тараптан болуучу коркунучтарга бурмакчы болууда. Аныгыраагы, Россиядагы өзбек мигранттарга  жана жашылча-жемиштери соодасына шарт түзүп берүүнүн акысына, өзбек бийлигин ошол жасалма коркунучка ишенүүгө мажбурламакчы болууда.

Токсонунчу жылдардын аягында Путин режими уюштурган бир катар теракттар учурунда Патрушев ФСБнын директору болуп дайындалган жана ошол теракттарды уюштуруучулардынбири болгон. О.э. Россияга СССРден мураска калган мамлекеттерде жүз  берип жаткан (чек ара жаңжалдары, улуттар аралык кагылыштар, террордук операциялар жана жардырууларсыяктуу) бардык кандуу операциялар да, бүгүнкү күнгө чейин Патрушев башчылыгында уюштурулууда.

Өзбекстанга дал ушул Патрушевдин келишинин себеби, Афганистанды шылтоолоп, өлкө ичинде атайылап террор коркунучун пайда кылууга келишип алуу. Россия бул аркылуу Өзбекстанды Батыштын басымынан куткарып, ЕАЭБге киргизмекчи болот.

Патушев ушул максатка жетүү үчүн эки багытта аракет кылышы мүмкүн. Өзбек режими жана президенти таянган жетекчи топ мамлекеттеги коопсуздук түзүмү болгондуктан, Патрушев Коопсуздук кызматы менен президенттин командасы ортосунда келишпестик пайда кылат. Ал эми экинчи абалда болсо, президент жетекчи топ менен биргеликте, Патрушевдин Батыштын басымынан кутулуу сунушуна ыраазы болот. Эки абалда тең Патрушев Өзбекстанды мурунку Каримов режимине ( мамлекеттин Батыш үчүн жабык режимине) кайтууга чакырат. Ошондой болушу үчүн ыплас жолдор жана долбоорлорду сунуштайт. Максаты, кандай жол менен болбосун, Өзбекстанды ЕАЭБге кошуу.

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here